Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:01

Украина: жардыруу менен коштолгон эскерүү


Харьковдогу жарылуудан кийин. 22-февраль, 2015-жыл.
Харьковдогу жарылуудан кийин. 22-февраль, 2015-жыл.

Украинанын Харьков шаарында кечээги жардыруунун курмандыктары үчүн аза күтүү жарыяланды.

Расмий Киев теракт катары мүнөздөлгөн бул жардырууну да Орусия менен байланышта кароодо. Ал аралыкта өлкөнүн чыгышында атышуулардын ыргагы бир аз басаңдагансыды. Бирок украин армиясы ок атышуу толук токтомоюнча, майдан тилкесинен оор куралдар чыгарылбай турганын айтууда.

Жекшемби күнү Украинада былтыр Майданда курман болгондорду эскерүү максатында “Ар-намыс жана тынчтык жүрүшү” деп аталган акциялар өлкө боюнча өткөрүлгөн эле.

Киевдеги "Ар намыс жана Тынчтык жүрүшү". 22-февраль, 2015-жыл.
Киевдеги "Ар намыс жана Тынчтык жүрүшү". 22-февраль, 2015-жыл.

Киевдеги жүрүшкө Европанын бир нече мамлекетинин лидерлери да келип катышты. Ал эми Харьковдо үч адам өлүп, ондой кишини жарадар кылган жардыруу шаарда дал ушул “Ар намыс жана тынчтык жүрүшүнө” чыккандардын жолунда болду. Жекшембидеги жардырууда жараат алган 15 жаштагы өспүрүм бүгүн ооруканада каза болду, эки адам кечээ өлгөнү айтылган. Ошентип жардыруудан каза болгондордун саны жалпы үч кишиге жетти.

Жардырууда өлгөндөрдүн бирөө, жаракат алгандардын төртөө полиция кызматкерлери.

Бийликтер окуяны теракт катары баалашып, майдан тилкесинен 200 чакырым алыстыктагы шаарда террордук коркунуч деңгээли эң жогоркку баскычка чыгарылды, антитеррордук операция башталды.

Украинанын Улуттук коопсуздук кызматы билдиргендей, Харьковдо аралыктан башкарылган бомба жарылганына байланыштуу жергиликтүү төрт тургун камакка алынды. Алгачкы сурактар аларга курал жана нускоо Орусиянын Белгород шаарынан берилгенин көргөзүүдө.

“Бул Украинада ишке ашырылып жаткан террор өнөктүгүнүн өлкөнүн чыгышындагы агрессия сыяктуу эле уюштуруучулары жана буйрук берүүчүлөрү бир экенин көргөзүүдө”, - деп айтылат Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Александр Турчинов тараткан билдирүүдө.

Харьковдо буга чейин 19-январда да жарылуу болуп, ал дагы теракт катары сыпатталган болчу.

Оор куралдар азырынча чыгарылбайт

Бул аралыкта украин армиясы жикчилер Дебальцево шаарчасын ээлегенден кийин өлкөнүн чыгышында атышуулардын ыргагы бир аз басаңдаганын, бирок майдан тилкесинен оор куралдарды чыгарып кетүүгө азырынча негиз жоктугун айтууда.

Армиянын расмий өкүлү Анатолий Стельмах белгилегендей, оор куралдарды чыгаруу Минск келишиминде каралгандай, ок атышуу толук токтогондон кийин башталат.

Минскте ок атышууну токтотуу боюнча быйыл 12-февралда кол коюлган экинчи келишимге ылайык, каршылашкан тараптар урушту токтотуп, оо куралдарды майдан тилкесинен чыгаруусун караган мөөнөт өтүп кетти.

Жикчилдердин аскерий жетекчилери болсо алар оор куралдарды чыгарууга шейшембиден тарта киришебиз деп ырастоодо.

Жикчилдер жарыялаган “Донецк элдик республикасынын” коргоо министрлигинин өкүлү Эдуард Басурин оор куралдарды чыгаруу 24-февралдан тарта эки аптага созуларын орусиялык маалымат агенттиктерине айткан.

Анткен менен расмий Киев Орусиядан өлкө чыгышындагы жикчилдерге жарак-жабдыктын келүүсү уланып жатат деп да ырастоодо.

Улуттук Коопсуздук жана коргонуу кеңешинин маалымат катчысы Андрей Лысенко кечээ Киевдеги басма сөз жыйында:

- Минск келишимине карабай Орусия Донбасстагы согушкерлерди курал менен жабдууну улантууда. Биздин чалгын маалыматтарга караганда, Орусиядан алтымыш даана сооттолгон техниканы, анын ичинде танкттарды, соттолгон унааларды салган аскерий эшалон Донецк облусундагы Амвросиевка станциясына 21-февралда келген. Мындан сырткары Орусиянын аскер күчтөрүнө тиешелүү унаалардын эки кербени, жалпысынан ок-дары жана башка материалдарды салган 47 жүк ташуучу унаа Изварино деген көзөмөл бекеттен өтүп, Краснодон менен Луганскка багыт алган.

Кезек Мариуполго келдиби?

Украин тарап козголоңчулар эми өкмөттүк күчтөрдүн Мариуполь шаарынын жанындагы турумдарына коркунуч туудуруп жатканына да көңүл бурууда.

Украин армиясынын маалыматына караганда, өкмөттүк күчтөрдүн Мариуполдун жанындагы Широкино кыштагындагы туруму өткөн түнү аткыланып, жикчилдер кол салуу аракетин жасап, жарым саатча уруш жүргөн.

Широкинодогу атышууларды жикчилдердин өкүлү Эдуар Басурин да ырастады. Басуриндин айтмында, атышууда алардын бир жоокери өлүп, экөө жаракат алган. Мариуполь эгер жикчилдер чабуулун улантса, алар ээлөөнү көздөгөн шаар экенин узактан бери айтылып келет.

Буга чейин 24-январда шаардын чыгыш райондору катуу аткыланганда, 30дай киши мерт болуп, 100гө жакыны жаракат алган.

Мариуполь аткыланган учур. 24-январь, 2015-жыл.
Мариуполь аткыланган учур. 24-январь, 2015-жыл.

Азов деңизинин жээгиндеги Мариуполдо 500 миңдей киши жашайт. Донецк менен Лугансктын ортосунда азыр өкмөттүк күчтөр көзөмөлдөп жаткан бул шаарды алуу Орусиянын Крымга кургактан киришине жол ачмакчы.

Крым демекчи, 23-февралда жарым арал Орусиянын көзөмөлүнө өтө баштаган күнгө туура бир жыл толду.

Украин президенти буга байланыштуу тараткан билдирүүсүндө Крымды “оккупацияланган аймак” деп атап, эртеби - кечпи аны кайтарып алышарын убада кылды.

Харьковдогу жекшемби күнү болгон жардыруу

Харковдогу жардырууда эки киши өлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:19 0:00

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG