Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:22

АКШ “Кремл баяндамасын” жарыялады


Орусиянын президенти Владимир Путин премьер-министр Дмитрий Медведев менен. 22-июнь, 2017-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин премьер-министр Дмитрий Медведев менен. 22-июнь, 2017-жыл.

Кошмо Штаттарда “Кремл баяндамасы” деген документ жарыяланды. Расмий эмес “Кремл тизмеси” жана “олигархтар тизмеси” деп аталган баяндамада президент Путиндин эң жакын чөйрөсүнөн саясий кызматтагы 114 адамдын жана 96 "олигархтын" ысымдары камтылган. АКШнын Каржы министрлиги түзгөн ал "кара тизмедегилерге" каршы Вашингтон мындан ары санкция киргизиши мүмкүн. Москва АКШнын аракеттерин сынга алды.

АКШнын Каржы министрлиги жарыялаган тизмеде президент Путиндин 43 жардамчысы жана кеңешчиси, Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин, Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко, ошондой эле өкмөттүн премьер-министр Дмитрий Медведев баштаган 31 мүчөсү, анын ичинде тышкы иштер министри Сергей Лавров, таанымал депутаттар, Орусиянын чалгын мекемелеринин башчылары бар.

“Олигархтар тизмесине” болсо Орусиянын эң ири байлары, мамлекет карамагындагы компанияларынын жетекчилери, анын ичинде “Роснефть” компаниясынын башчысы, президент Путиндин досу атыккан Игорь Сечин, “Сбербанктын” башчысы Герман Греф киргизилген.

Кремлдин көрүнүшү.
Кремлдин көрүнүшү.

Андан сырткары, Кремлге жакын киши катары айтылып жүргөн олигархтардан Алишер Усманов, Роман Абрамович, Сулейман Керимов, Олег Дерипаска, Петр Авен, Аркадий жана Борис Ротенбергдер, Геннадий Тимченко, Олег Тиньков, Александр Мамут, Владимир Потанин, президент Путиндин кызы экени айтылган Екатерина Тихонова менен ажырашканы тууралуу жакында маалымат тараган Кирилл Шамалов, 2012-жылкы президенттик шайлоого катышкан Михаил Прохоров да бар.

Мыйзам талабы

Каржы министрлиги "кара тизмени" АКШ Конгрессинде былтыр жай айында кабыл алынган мыйзам талабына ылайык жарыялады.

Президент Дональд Трамп кыйылып жатып кол койгон ал мыйзам “Американын каршылаштарына санкциялар аркылуу каршылык көрсөтүү жөнүндө” (CAATSA) деп аталган.

Мыйзамды Конгресс Орусия АКШнын 2016-жылкы президенттик шайлоосуна кийлигишүүсүнө жооп чара катары ага басымды күчөтүү максатында кабыл алган.

“Кремл баяндамасынын” өзү тизмедегилерге каршы кандайдыр санкция киргизбейт.

Президент Дональд Трамптын администрациясы да азыркы учурда Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүү планы жок экенин Конгресске кабарлаган.

-Тизменин укуктук кесепети жок. Бирок ал болочок жана ыктымал санкциялар үчүн тизме сыяктуудай. Бул тизмедеги адамдардан бизнес жана банктар оолактай баштоосу мүмкүн дегенди туюндурат. Эртеби же кечпи, эгер Орусия агрессивдүү ишмердигин улантса, эгер АКШнын быйыл ноябрдагы шайлоосуна (Конгресске өтүүчү) кийлигишсе, Конгресс жана администрация бул тизмедеги ысымдарды санкциялык тизмеге которору айдан -ачык жана түшүнүктүү, - деди "Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен маегинде Мамлекеттик департаменттин санкциялар боюнча президент Барак Обаманын тушундагы координатору Даниэл Фрид.

Хизар Нойерт.
Хизар Нойерт.

Ал эми Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Хизер Нойерттин 29-январдагы билдирүүсүнө караганда, эгер былтыркы мыйзамга ылайык жаңы санкциялар киргизилсе, “бул биринчи кезекте Орусиянын коргонуу жана чалгын сектору” менен олуттуу байланыштары бар “орусиялык эмес” субъектилерге каршы болот.

Нойерт АКШнын былтыркы мыйзамын “токтотуучу фактор” деп атап, ал 2017-жылы Орусиянын коргонуу секторунун “миллиарддаган долларлык соодасынын” алдын алганын кошумчалады.

Былтыр октябрда АКШнын Мамлекеттик департаменти Орусиянын курал өндүргөн 30дай компаниясы менен чалгын уюмдарынын тизмесин жарыялап, алар менен иш кылган орусиялык жана чет элдик фирмалар чектөөгө кабылышы мүмкүн экенин ишарат кылган.

Орусиянын реакциясы

Москва АКШнын аракеттерин сынга алды. Президент Владимир Путин өзү 30-январда тизмени "достукка жатпаган" иш катары сыпаттап, андан АКШ- Орусия алакасы эле эмес, жалпы эл аралык мамилелерге да зыян кетерин белгиледи.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков болсо тизмени "агрессивдүү" деп атап, бирок алар “эмоцияга алдырбай” турганына, тизмени жана анын таасирин “кылдат” иликтешерине токтолду:

Дмитрий Песков.
Дмитрий Песков.

-Мына ушундай баяндама, Орусиянын жогорку жетекчилигинин мүчөлөрү кеңири камтылган тизме жарыялануусун анализдеп көрүшүбүз керек. Мындай тизменин ачык жарыялануусу буга чейин болгон эмес. Балким баяндаманын биздин ишканалар менен ишкерлерибиздин, саясатчылардын, жетекчилерибиздин беделине зыян тийгизгидей потенциалы бар. Ал жерде баарынын аты-жөнү жүрбөйбү. Де -факто алардын баары АКШнын душмандары деп аталып жатпайбы.

Мурдараак Песков АКШны "Орусиядагы президенттик шайлоого таасир көргөзүүгө умтулуп жатат" деп да күнөөлөгөн.

Орусиянын 2014-жылы Крымды аннексиялашынан, анын Украинанын чыгышындагы аракеттеринен жана "2016-жылы өткөн шайлоого кийлигишти" деген маалыматтардан улам АКШда ага каршы мурда президенттин жарлыгы менен санкциялар киргизилген. Былтыр жайында болсо ал санкциялардын топтому Конгресс тарабынан мыйзамдаштырылган.

Конгресс ошондой эле былтыр Орусиянын банк жана мунай-газ секторуна, адам укуктарынын бузулушуна тиешеси бар орус аткаминерлерине каршы жаңы санкцияларды киргизген.

Орусиянын 2016-жылы Кошмо Штаттардагы президенттик шайлоого болжолдуу кийлигишүүсүн жана президент Дональд Трамптын ошол кездеги шайлоо штабындагы адамдардын Орусия менен байланыштары бар-жогун АКШда атайын прокурор жана Конгресстин үч комиссиясы өз-өзүнчө иликтөөсүн али улантууда.

Трамп анын шайлоо штабы кезинде Орусия менен кандайдыр байланышта болгону тууралуу маалыматтарды такай төгүндөп жүрөт. Америкалык расмий адамдарын "буга далилдер бар" дегенине карабай, "Орусия АКШнын шайлоосуна кийлигишти" деген айыптоолорду президент Путин да дайыма четке кагат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG