Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:57

Трамп дүйнөгө дүрбөлөң салды, Орусия Олимпиададан кол жууду


Узап бараткан жуманын урунттуу окуяларына сереп.

"Центерра Голд" компаниясы Кыргызстанга Кумтөрдүн 100 пайызын алууну сунуш кылганын премьер-министр Сапар Исаков 7-декабрда журналисттер менен жолугушкан учурда билдирди.

Бул маселе "Центерра Голд" компаниясынын жетекчиси Скотт Перри менен жолугушкан учурда козголгонун айткан өкмөт башчы, мындай шартта Кыргызстан "Центерра Голддун" курамынан чыгып, 26 пайыз акцияны өткөрүп бериши керек болорун түшүндүрдү.

Жергиликтүү эксперттер муну терең изилдөөгө алуу зарылдыгын, анын артында чоң тобокелдик жатышы мүмкүн дешет.

Кумтөр кенине байланыштуу эл аралык маалымат каражаттарына үзбөй жазып жүргөн журналист Рыскелди Сатке "Центерра Голддун" кыргыз өкмөтүнө берген сунушунун сырын мындай деп чечмелейт:

- Бул жерде ачык эле канадалык компаниянын стратегиясы көрүнүп турат. Анткени былтыртан бери “Центерра Голд” компаниясы Канадада жаңы долбоорлорду сатып ала баштады. ​“Томсон Гриик” деген долбоорду баштады, өткөн айда "АуPико Металс" деген компанияны 240 миллиондон ашык долларга сатып алган. Бул процесс азыр дагы жүрүп жатат. Канадалык бизнес-медиа “Центерра Голд” компаниясы "Кыргызстандан чыгып, өз долбоорлорун диверсификациялоого аракет кылып жатат” деп ачык эле жазып жаткан кези.

Журналист Кумтөр "Центерранын" эң чоң жана кирешелүү долбоору экенин, андан жылына 15-20 тонна алтын аларын баса белгилейт.

Кен боюнча эксперт Кубан Ашыркулов болсо “Азаттык” радиосуна курган маегинде Кыргызстан "Центерра" менен түзүлгөн келишимди бузбай, кенди мөөнөтү бүткүчө толук иштетиши керек деген пикирде.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Кумтөр боюнча парламенттик комиссиянын курамына кирген Эркингүл Иманкожоева "Центерра Голд" экологиялык маселелерде жоопкерчиликтен качууга аракет кылып жатат деп эсептейт:

- Азыр бүт баары коркунучта, "Центерра Голддун" жооп берчү убактысы келип турат. Бүт каймактарынын баарын алды, болушунча байыды. Бүт бардык жоопкерчиликти Кыргызстанга таштап, "100% алгыла" дегени туура эмес. Буга барбаш керек. Бүт баарын жасатып, коркунучсуз абалга келтирип туруп, анан кетириш керек.

Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбековдин пикиринде кыргыз бийлиги чечкиндүүлүгүн көрсөтүп, кенди улутташтырып алса болот.

- "Кумтөрдү" жөн эле улутташтырып алыш керек. Азыр өкмөт "эгер улутташтырсак айыппул төлөйбүз" деп коркутуп жатат. Бул туура эмес. БУУнун Башкы ассамблеясынын чечиминде "алтын, алмаз болобу, бул - элдин байлыгы, аны элдин өкүлдөрү улутташтырып алса, аны дүйнө жүзүндөгү бир дагы сот кароого укуксуз" деп белгиленген.

"Кыргызалтын" ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Кылычбек Шакиров Кыргызстан Кумтөрдү 100% алууга даяр эмес деп эсептейт. Ал мындай чоң кендерди иштетүүдө жоопкерчиликти тең бөлгөн оң деген ойдо. Анын айтымында, бул маселени жергиликтүү жана эл аралык эксперттер толук талдап чыгышы керек:

- Бардыгын шашпай карап чыгыш керек. 100% ээ болгондон кийин анын жоопкерчилиги дагы бар. Тобокелдиктер чоң болот. Диверсификация деп коёт, бул чоң кен, каржылык жагынан алганда жоопкерчиликти азайтып, бирөө менен бөлгөн жакшы.

Ушул жылдын сентябрында кыргыз өкмөтү Кумтөр алтын кенин иштеткен "Центерра Голд" компаниясы менен экологиялык жаңы макулдашууга кол койгон. Канадалык компания айлана-чөйрөнү коргоого төлөмдөрдү көбөйтүүгө, ал эми кыргыз тарап буга чейин "Центеррага" койгон экологиялык доолордон баш тартууга макул болгон.

"Кумтөр" ишканасы Кыргызстандын бюджетине 2016-жылы 238,450 млн. доллар салым кошкон. Бул өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 8%, өнөр жай өндүрүшүнүн 23,4% түзөт.

Трамптын дүйнөнү толкуткан чечими

6-декабрда президент Дональд Трамп АКШ Иерусалимди Израилдин борбору деп тааныган чечимди бекитти.

- Мен Иерусалимди Израилдин борбору катары тааный турган убакыт келди деп чечтим. Мурдагы президенттер муну шайлоо өнөктүгүндөгү ири убадага айлантышканы менен ишке ашырбай келишкен. Мен бүгүн ушуну аткарып жатам. Мен бул багыттагы аракеттер Кошмо Штаттардын кызыкчылыгына эң жакшы жооп берет жана Израил менен Палестина ортосундагы тынчтыкка умтулуу деген бүтүмгө келдим.

Трамп америкалык элчиликти эми Тел-Авив шаарынан Иерусалим шаарына көчүрүү ишин баштоого көрсөтмө бергенин да жарыялады.

Ошондой эле мындай чечим АКШнын Израил менен Палестина ортосундагы “бекем тынчтыкты орнотуу милдеттенмесинен” чегинүү эместигин, Вашингтон тынчтык келишимине жетүү үчүн колдон келгендин баарын жасай турганын билдирди.

Иерусалим талашы: Мусулман дүйнөсүндөгү нааразылык, Палестинадагы кагылыш
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:43 0:00

Трамптын Иерусалимди толугу менен өзүнүн борбору катары санаган Израилдин позициясын колдогону Вашингтондун узактан берки саясатын өзгөрттү. Эл аралык саясатка ылайык, Иерусалимдин макамы Израил жана Палестина ортосундагы сүйлөшүүлөр аркылуу чечилиши керек эле.

Иерусалимди Израилдин борбору деп таанууну Дональд Трамп 2016-жылы шайлоо өнөктүгу маалында көп жолу айтканын Республикачылардын консервативдүү канатындагылар жана америкалык христиан-евангелисттердин калың катмары колдогон.

1995-жылы Конгресс Израилдеги америкалык элчиликти 1999-жылдын 31-майына чейин Иерусалимге көчүрүп, муну менен байыркы шаардын бүтүндүгүн таанууга жол ачкан мыйзамды кабыл алган. Бирок мыйзамда президент анын аткарылышына алты ай сайын вето коюу укугу каралган. Андыктан Билл Клинтон, ата-бала Буш, андан кийин Обама атайын документ менен мыйзамды ишке киргизүүнү улам кийинкиге калтырып келишкен. Ушул жылдын июнь айында президент Трамп дагы мыйзамдын аткарууну алты айга калтырып, бирок экинчи жолу аны ишке киргизүүнү чечти.

Трамп чечимин жарыялардан мурда Израилдин, Палестин автономиясынын, Сауд Аравиясынын, Египеттин жана Иорданиянын лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Иерусалимдин чыгышын араб-мусулман дүйнөсү колунан тынч эле чыгарып койбойт, эгер Израилдин борбору деп расмий таанылса, шаардын ал бөлүгү кыйроого, талкалоого дуушар болот.
Григорий Кочас

Ак үйдүн расмий аткаминерлери Трамптын чечиминен кийин дагы элчиликти көчүрүү иши бир нече жылдарга созуларын, ал үчүн Иерусалимде атайын имарат таап, миңдей адамды көчүрүп баруу оңой жумуш эмес деп түшүндүрүшөт.

Эл аралык коомчулук Израилдин парламенти жана өкмөтү Иерусалим шаарында жайгашса дагы аны бул өлкөнүн борбору деп тааныбайт. Эл аралык кабыл алынган документтерге ылайык байыркы шаардын макамы Палестин автономиясы менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн алкагында аныкталышы керек.

Палестиндер болсо 1967-жылкы алты күндүк согушта Израил ээлеп алган, ыйык саналган Иерусалимдин чыгыш бөлүгүн болочоктогу эгемен мамлекетинин баш калаасы деп санайт. Башка мамлекеттердин элчиликтери Тель-Авивде жайгашкан.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Трамптын жарыясын “тарыхый” деп атап, башка мамлекеттерди да АКШнын жолун жолдоого үндөдү.

- Президенттин чечими тынчтыкты карай маанилүү кадам. Мен мамлекеттердин баарын тынчтыкты көздөп, АКШга кошулууга, Иерусалимди Израилдин баш калаасы катары таанып, элчиликтердин баарын ушул шаарга көчүрүүгө үндөйм.

Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас Иерусалимдин Израилдин борбору катары таанылышы “кабыл алынгыс”, ал эми АКШ болсо эми “тынчтык жараянына ортомчу боло албайт” деди.

- Биз четке кагуучу жана баш тартуучу бул чаралар тынчтыкка жетүүчү аракеттердин баарына атайлап тоскоолдук жаратат. АКШ тынчтык жараянында ал буга чейин аткарып келген көзөмөлдөөчү ролунан кеткенин көрсөтөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер мекемесинде Жакынкы Чыгыш боюнча маселелери боюнча көп жыл алектенген дипломат Талант Кушчубеков президент Трамптын чечимин аймакта кырдаалды курчута турган, опурталдуу кадам деп түшүндүрөт:

- Алынган чечим убакыттын өтүшү менен өтө оор таасир калтырчудай болуп көрүнүп турат. Муну бир жагынан мусулман дүйнөсү кабылдабайт. Экинчи жагы, бул чечим өтө радикалдуу күчтөргө кандайдыр бир дем бергендей болуп жатат.

Жакынкы Чыгыш боюнча эксперт, араб таануучу, профессор Григорий Кочас "Азаттык" радиосунун орус кызматына курган маегинде мусулман дүйнөсүндө жагдай кескин өзгөрөт деген пикирин айткан.

- Экстремисттик деп сыпатталган күчтөр алдыга чыгат. Сауд Арабиясынын падышасы Салман Трамп менен телефондон сүйлөшкөндө дагы "Иерусалимди Израилдин борбору деп таануу мусулман дүйнөсүнө жасалган чагым болот" деп айткан. Көп жагынан алганда бул чындык. Ал "Ирандын ролу артат, араб өлкөлөрүндөгү ирандык радикалдар менен байланыштагы күчтөр жанданат" деп чочулап жатат. Иерусалимдин чыгышын араб-мусулман дүйнөсү колунан тынч эле чыгарып койбойт, эгер Израилдин борбору деп расмий таанылса, шаардын ал бөлүгү кыйроого, талкалоого дуушар болот. Бул болсо Жакынкы Чыгышта башаламандык менен коштолгон анархияны жаратат.

Палестиндер Израилдин коопсуздук күчтөрү менен кагышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:41 0:00

Чөлкөмдү билген адистер ХАМАС, “Хезболла” топтору кырдаалдан пайдаланат, андан сырткары “Ислам жихады” сыяктуу майда топтор баш көтөрөт деп эскертишет. Алтургай Палестин автономиясынын учурдагы жетекчилигин колдоону туура көрбөгөн ФАТХтын ичинде радикалдык күчтөр арбын экени белгилүү.

Айткандай эле, АКШ президентинин талаштуу чечими дүйнөнүн бир катар мусулман мамлекеттеринде көчө жүрүштөрү менен коштолуп жатат.

8-декабрда “Жаалдануу күнү” деп аталган акцияга чыккан миңдеген палестиндер жума намаздан кийин Иордандын Батыш жээгиндеги Хеброн, Вифлеем, Рамалла шаарларында Израилдин күч түзүмдөрү менен кагылышты.

Жума намаздан кийин миңдеген адамдар Иерусалимдеги "ал-Акса" мечитинин жанындагы демонстрацияга да чогулушту. Газа секторундагы жүрүшкө да миңдеген адамдар катышты.

Израил армиясы демонстранттарга каршы чараларды көрүп, кеминде эки палестин каза тапканы ырасталды.

Буга чейин “Хамас” башкарган Газа секторунда, Иордандын Батыш жээгинде Израилдин коопсуздук күчтөрү менен 7-декабрда болгон кагылыштардан кеминде 31 палестин жарадар болгонун дарыгерлер билдирген.

“Хамас” исламчыл кыймылы палестиндерди тынчтык жараянын токтотуп, Трамптын Иерусалим боюнча планына каршылык көргөзүп, жаңы интифадага же көтөрүлүшкө чакырган. Эске сала кетсек, 1987-1993, 2000-2005-жылдары биринчи жана экинчи интифадаларда миңдеген палестиналыктардын, 1000ден ашуун израилдиктердин өмүрү кыйылган.

7-декабрдан бери палестиндерге тилектештик билдирген демонстрациялар Жакынкы Чыгыш менен мусулмандар басымдуулук кылган башка мамлекеттерде жүрүп жатат. Жүздөгөн адамдар катышкан акциялар Түркиянын Стамбул, Анкара шаарларында, Иорданияда, Тунисте, Бангладеште, Иракта, Иранда, Ооганстанда, Малазия, Индонезия, Иран, Египетте болду.

Жума күнү Пакистанда, Ооганстанда, Иранда жүздөгөн кишилер көчөгө чыгып, “Америкага өлүм!”, “Израилге өлүм!” деген чакырыктар жаңырды.

Дүйнө лидерлери Трамптын чечимин сындады

АКШнын чечимин сындаган дүйнө лидерлери Улуттар Уюмунун резолюциялары бузулганына көңүл буруп жатышат. Германиянын канцлери Ангела Меркел “Биз бул маселе боюнча Улуттар Уюмунун резолюцияларын бекем карманабыз. Иерусалимдин макамы Израил менен Палестинанын чечиминин алкагында жөнгө салынышы зарыл" деди 7-апрелде Берлинде туруп.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Трамптын кадамын “өкүнүчтүү” десе, британ премьер-министри Тереза Мэй Британия буга чейинки позициясынан тайбай турганын, Иерусалимдин макамын Израил-Палестина сүйлөшүп гана чечээрин айтты.

Москва Ак үйдүн чечимин катуу сындап, "бул кадам Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды татаалдаштырганын жана эл аралык коомчулуктун ажырымын пайда кылганын” билдирди.

Иерусалим боюнча бир тараптуу чарага Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутерреш каршы экенин анын басма сөз өкүлү маалымдады.

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган 13-декабрга Ислам кызматташтыгы уюмунун атайын саммитин чакырды. Ирандын президенти Хасан Роухани Трамптын планын “туура эмес, мыйзамсыз, чагымчыл, өтө опурталдуу” деп атап, “мусулмандар бул ири кутумга биримдикте каршы турушу керектигин” айтты.

8-декабрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Иерусалим шаарынын тарыхый жана укуктук макамынын айланасындагы акыркы кырдаал израил-палестин жаңжалынын жана Жакынкы Чыгыштагы абалдын чыңалышын шарттайт деген тынчсыздануусун билдирди.

Кыргызстан эгемендиктин алгачкы жылдары израил-палестин маселесине байланыштуу дипломатиялык чырга кириптер болгон. Ошол кезде Тышкы иштер министрлигинде Жакынкы Чыгышты тейлеген Талант Кушчубеков ал окуяны мындайча эскерет.

-1993-жылдын башында, январь, февраль айларында болгон эле. Биринчи президентибиз Израилге расмий иш сапар менен бара салган. Биз го жаш өлкө катары тышкы саясатты билген адистерибиз жетишпегендиктен ушундай катаны кетирсек, эң күчтүү делген дүйнө державасынын лидери бул сыяктуу катаны жасабашы керек эле, өзгөчө АКШда буга жол бербеши керек болчу. Тажрыйбасы жок, жаңыдан бутуна туруп жаткан өлкөлөрдө болсо, түшүнүү менен кабылдоого, ал тургай актоого да мүмкүн. Бирок тарыхы, басып өткөн доорлору бар, ядролук куралга ээ өлкөлөр ушундай шашылыш, алдын ала анализденбеген чечим кабыл алып жатканы өтө өкүнүчтүү.

Путиндин дымагы

6-декабрда Владимир Путин кийинки жыл башында өтө турган шайлоого катышарын жарыялады. Шайлоого барары белгилүү болсо дагы аны табышмактатып ачык айтпай келген Кремлдин башчысы Новгород шаарында ГАЗ заводунун 85 жылдыгына арналган концерт маалында өз чечимин жарыялады.

Путин президенттик шайлоого кандай жол менен аттанары азырынча белгисиз. Буга чейинки эки шайлоодо өзүн-өзү көрсөтсө, бир жолу "Бирдиктүү Орусиянын" талапкери катары ат салышкан.

Путин төртүнчү ирет мамлекеттеги эң жогорку кызматка баратат. Орусиялык саясатчы Владимир Рыжков Путиндин бул жолку шайлоо өнөктүгүндө эч кандай “эмоционалдык эргүү” көрбөй турганын айтат. 1999-жылкы шайлоо өнөктүгү Чеченстандагы согуштун жеңүүчүсү катары күчтүү эмоция менен коштолгон эле. 2003-жылы болсо экономикалык реформалардын автору жана чечен жаңжалын басканы даңазаланган. Андан соң төрт жыл бийликти Дмитрий Медведевге берди. Азыркы мөөнөтүндө Крымды Орусияга кайтарган тарыхый лидерге айланды – дейт Рыжков.

Ал эми сынчылар, тескерисинче, Владимир Путин Советтер Союзу кулаган 1991-жылдан кийин Орусия демократия жана адам укугу жаатында жеткен ийгиликтерин жокко чыгарды деп эсептешет.

Жарандык активисттер жана укук коргоочулар Путиндин бийликтеги үчүнчү мөөнөтүндө Орусиянын АКШ, Евробиримдик жана НАТО менен мамилеси начарлаганын белгилешет.

2014-жылдын мартында Москва Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алганы жана Донбасстагы куралдуу кагылыштарга катышканы үчүн Батыш өлкөлөрү Орусияга каршы санкцияларды киргизген.

Ал эми Кошмо Штаттар Орусиянын 2016-жылы өткөн президенттик шайлоого кийлигишкен болушу мүмкүн деп дагы кошумча санкция жарыялаган.

2018-жылдын мартында өтчү президенттик шайлоого теле алып баруучу Ксения Собчак, "Яблоко" партиясынын лидери Григорий Явлинский, ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский жана ишкер Сергей Полонский жарыялаган.

Шайлоого катышуу ниетин оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный да билдирип келет. Бирок Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы "Кировлес" ишканасы боюнча айыптуу деп табылганын жүйө келтирип, анын шайлоого катыша албасын ачык айткан.

65 жаштагы Владимир Путин Орусияны 1999-жылдын аягынан бери башкарып келатат. Анын ичинде 13 жыл президент болсо, төрт жыл өкмөт башында турган. Кийинки жылдын 18-мартындагы шайлоодо жеңсе Путин төрт жолу президенттик кызматты аркалап, 2024-жылга чейин бийликте турууга мүмкүнчүлүк алат.

Орусиялык спортчуларга Олимпиадага жол жабык

Путиндин мамлекет башчылыгына кайрадан аттанам деген шаңдуу жарыясы Москванын көңүлү чөгүп турган маалда жасалды. Анын мурунку күнү Эл аралык олимпиада комитети Орусиянын курама командасын 2018-жылдын февралында Түштүк Кореяда өтчү кышкы мелдештерден четтеткен.

Кышкы Олимпиадалардын тарыхында өлкөнүн курама командасынын четтетилиши биринчи жолу болуп отурат. Орусиянын желегин көтөрүүгө, гимнин ойнотууга, униформасын кийүүгө уруксат берилбейт. Кызытмадан таза чыккан орус спортчулары “нейтралдуу макам” менен дүйнөлүк оюндарга катыша алат.

Эл аралык олимпиада комитети Орусиянын улуттук олимпиада комитетин мелдештердин жабылышына чейин, ал эми вице-премьер-министр Виталий Муткого жана анын мурдагы орун басары Юрий Нагорныхка өмүрүнүн аягына чейин Олимпиадаларга барууга тыюу салды.

Президент Путин орусиялык атлеттердин өз алдынча олимпиадалык мелдештерге катышканын кубаттай турганын айтты.

“Биз кандайдыр бир бойкот жарыялап, өз алдынча мелдештерге катыша турган олимпиадалык спортчуларыбыздын жолун тоспойбуз”.

Орусия кышкы Олимп оюндарынан четтетилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:18 0:00

"Бул - Орусияны кемсинтүү. Муну жоопсуз калтырбайбыз. Убакыт келгенде эл аралык, арбитраждык соттор пайда болот", - деди Мамлекеттик Думанын депутаты Владимир Жириновский.

Улуттук Олимпиада комитетинин төрагасы Александр Жуков “күнөөсүз спортчуларды жазалоо адилетсиз жана адепке жатпайт” деди. Пхенчханга барууга укук берилген спортчулар “Орусиялык Олимпиада атлеттери” деп аталышарын, муну толук нейтралдуу деп сыпаттоого болбосун белгиледи.

Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров атүгүл Олимпиадага катышкандарды "чыккынчы" деп атоону сунуш кылды.

Эл аралык олимпиада комитетинин чечиминен кийин айрым аткаминерлер, спорт адистери кызытма колдонбогон спортчулар Түштүк Кореяга барышы керек дешсе, башкалары оюндарды толугу менен бойкоттоону сунушташты.

Кыргыз спортчулар Олимпиададан баш тартпайт

Орусиялык айрым саясатчылар Борбор Азиядагы өлкөлөргө кайрылып, Москвага тилектештик билдирип, Пхенчхандагы оюндардан баш тартууга үндөп жиберген эле.

Кыргызстандын Спорт комитети мындай чакырыктарга көңүл бурбай турганын, кыргызстандык спортчулар лыжа жана биатлон боюнча мелдешке катышарын билдирди.

Эркин күрөш боюнча машыктыруучу, Лондон жана Рио-де-Жанейродогу олимпиадалардын катышуучусу Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусу Нурбек Изабеков спортчулардын кандай жол менен болсо дагы дүйнөлүк мелдештер катышуусун кубаттайт:

- Олимпиада төрт жылда бир болуучу чоң окуя, ушундан улам спортчунун төрт жыл бою жасаган эмгеги, спортко арнаган өмүрү текке кетет да. Спортчулар үчүн мындай чечим өтө кыйын. Төрт жыл абдан чоң мөөнөт.

XXIII кышкы Олимпиадалык оюндар 2018-жылдын 9-25-февралында Пхенчхён шаарында өтөт. Кышкы Олимпиадалардын тарыхында кызытмага байланыштуу бир өлкөнүн курама командасынын четтетилиши биринчи жолу болуп отурат.

Бул чечим Самуэл Шмид жана Денис Освалддын докладдарына таянып кабыл алынды. Освалддын комиссиясы орусиялык спортчулардын Сочиде 2014-жылы болгон Олимпиададагы допинг анализдерин бурмалоону иликтеген. Анын бүтүмүнөн кийин Орусия ондогон медалдардан жана жалпы биринчи орундан кол жууп калды. Бир катар спортчулар өмүрүнүн аягына чейин Олимпиада оюндарына катыша албайт.

Ал эми Шмиддин тобу Орусиянын Спорт министрлигинин допингге байланышкан мыйзам бузууларын кантип жаап-жашырганын текшерген. Бул комиссия азырынча өз тыянагын жарыялай элек.

2016-жылы Допингге каршы эл аралык агенттиктин (WADA) комиссиясы Орусиянын олимпиадалык түрлөрүнө катышкан спортчулары мамлекет өзү тескеген кеңири кызытма программасына камтылганын далилдеген.

Ал ишке бийликтеги адамдардан тышкары ФСБ кызматкерлери да катышканы ачыкка чыккан. Баяндамада алар Сочидеги оюндар маалында позитивдүү анализдерди алмаштырып турчу деп белгиленет.

Орусия бийликтери эң башынан бери эле допинг программасына мамлекет аралашкан деген бардык дооматтарды четке кагып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG