Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:44

Орус спортчулары алтындан кол жууду


Орусиялык скелетонист Сергей Чудинов Сочи олимпиадасында. 2014-жыл
Орусиялык скелетонист Сергей Чудинов Сочи олимпиадасында. 2014-жыл

Эл аралык Олимпиада комитети орусиялык бобслейчилер менен коньки тебүүчүлөрдү кызытма колдонууга күнөөлүү деп таап, Сочи олимпиадасында уткан медалдарынан ажыратып, кийинки мелдештерге катышууга тыюу салды. Буга расмий Москва «жеңишти уурдап алууга мүмкүн эмес» деген жооп кайтарды.

Эл аралык Олимпиада комитети орусиялык бобслейчи Александр Зубковду үч жыл мурда Сочидеги Олимпиадада уткан алтын медалынан ажыратты.

Зубков менен бирге дагы бир бобслейчи Ольга Стульневаны кызытма колдонуу боюнча күнөөлүү деп таап, өмүрүнүн акырына чейин Олимп оюндарына катышууга тыюу салды.

Андан мурдараак Эл аралык Олимпиада комитети кызытма маселесинен улам коньки тебүүчүлөр Ольга Фаткулина менен Александр Румянцевге дагы кийинки Олимп оюндарына катышууга тыюу салган.

Комитет муну менен жалпысынан 14 орусиялык спортчунун допинг-тесттен өтпөй калганын жарыялап, алардын жыйынтыктарын жокко чыгарды.

Сочи олимпиадасынын медалдары
Сочи олимпиадасынын медалдары

Натыйжада Орусия Сочи олимпиадасындагы медалдардын саны жана салмагы боюнча биринчи орунду жоготуп, Норвегия менен Канададан кийинки үчүнчү орунга жылды.

Эл аралык Олимпиада комитетинин чечими менен Сочиде уткан эки алтын медалынан ажыраган бобслейчи Александр Зубков укугун Спорт боюнча арбитраждык сотто (ред.CAS) коргорун билдирди.

- Мен мындай чечимге даяр болчумун, бардыгын бир капка салып жатышат. Далили жок эле биздин кыйын спортчуларды четке чыгарышты. Биз таза атыбызды Спорт боюнча арбитраждык соттон баштап жарандык сотторго чейин коргойбуз, - деди Зубков.

Расмий Москва болсо «эч ким орусиялык спортчулардын жеңишин уурдай албайт» деген билдирдүү жасады.

- Болгон жеңишти, өзгөчө биздин курама команданын жана биздин баатыр спортчулардын жеңишин уурдап кетүү оор. Ал эми Комитеттин чечими шашылбастан, тыкан жана терең​ анализге алынат, - деди Кремлдин пресс-кызматчысы Дмитрий Песков.

Орусиялык спортчулардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн мыйзам чегинде бардык чаралар көрүлөрү айтылды.

Сочи олимпиадасы
Сочи олимпиадасы

Ал эми Мамдуманын депутаты Дмитрий Свищев Олимпиада комитетинин комиссиясы февралда Түштүк Кореяда өтө турган кышкы оюндарга Орусиянын катышпай калуусуна бардык аракеттерди жумшоодо деп билдирди:

- Орусиянын Олимпиада оюндарына катышпай калуусу үчүн 100 пайызга пландалган, бир максаттуу акция жүрүп жатат. Бул диверсия, биздин спортко басым жасоо аракети, - деген депутат Свищев.

Өткөн аптада Кызытмага каршы дүйнөлүк агенттик Орусиянын кызытмага каршы мекемесинин лицензиясын кайтарып берүүдөн баш тарткан. Москва мындай чечим орусиялык спортчулардын Пхёнчханда өтө турган Олимпиадага катышуусуна тоскоолдук кылбайт деп билдирген.

Орусиянын келерки Олимп оюндарына катышуусу боюнча акыркы чечимди Эл аралык Олимпиада комитети 5-декабрда чыгарат.

Кызытма маселесине байланыштуу Жеңил атлетика боюнча эл аралык ассоциация дагы (ред. IAAF) Орусиянын жеңил атлетика федерациясын мелдештерден четтетти. Эми орусиялык атлеттер эл аралык мелдештерге Орусиянын желеги, гимни менен чыга алышпайт, алар нейтралдуу макам менен гана катышса болот.

Буга кошумча учурда орусиялык футболчуларга кызытма колдонуу боюнча айыптар тагылууда. Мурдатан Москвадагы анти-доппинг лабораториясын башкарып, кийин АКШга көчүп кеткен Григорий Родченков Эл аралык футбол федерациясына (ред.ФИФА) ондогон орусиялык футболисттер, алардын ичинде улуттук кураманын оюнчулары кызытма колдонгонун далилдеген маалыматтарды берерин билдирүүдө.

Буга чейин Орусиянын жетекчилигине "кызытма колдонуунун масштабдуу системасын иштеп чыккан" деген айып коюлган. Расмий Москва бул дооматтарды моюнга албай келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG