Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:16

Орусия кышкы Олимпиадага катышабы?


Орус спортундагы кызытма чыры.
Орус спортундагы кызытма чыры.

Кызытмага каршы дүйнөлүк агенттик Орусиянын кызытмага каршы мекемесинин лицензиясын кайтарып берүүдөн баш тартты. Москва болсо мындай чечим орусиялык спортчулардын февралда Пхёнчханда өтө турган кышкы оюндарга катышуусуна тоскоолдук кылбайт деп билдирди. Буга чейин Орусиянын бийлигине "кызытма колдонуунун масштабдуу системасын иштеп чыккан" деген доомат коюлган.

Бейшембиде Сеулда өткөн жыйында Орусиянын кызытмага каршы агенттиги – РУСАДАнын ишмердиги эл аралык кодекске туура келбейт деген чечим кабыл алынды. Дүйнөлүк антидопинг агенттиги өз чечимин төмөнкүдөй себептер менен түшүндүрөт.

Биринчиден, орус бийлиги эл аралык инспекторлорду лабораториялар жайгашкан бир катар шаарларга киргизүүдөн баш тарткан.

Экинчиден, Москва "Орусияда жетекчилердин жана ФСБнын катышуусу менен спортчулардын кызытма колдонуусунун кеңири системасы түзүлгөн" деген тыянакты кабыл алган эмес.

РУСАДАнын башкы директору Юрий Ганус эл аралык кодекстин шарттарына шайкеш келиш үчүн бир топ иштер аткарылганын белгилеп, Дүйнөлүк агенттиктин талаптарынын “саясий мүдөөсү бар” экенин айтты. ​"Иш жүзүндө бизде жол картасы бар, анын аткарылышын бизден талап кылган пункттар бар. Биз ал иштерди жасадык” - деди.

Дүйнөлүк агенттиктин чечими Түштүк Кореяда өтчү кышкы Олимп оюндарына жана Паралимпиадага Орусиянын катышпай калуу коркунучун күчөтөт.

Крейг Риги - Допингге каршы дүйнөлүк агенттиктин президенти
Крейг Риги - Допингге каршы дүйнөлүк агенттиктин президенти

​“Эл аралык мелдештерге ким катышарын аныктоого биздин укугубуз жок. РУСАДАнын талаптарга жооп бербегени өкүндүрөт" деди агенттиктин президенти Крейг Риди Сеулда өткөн маалымат жыйында.

Орусиянын Олимпиада комитетинин жетекчиси Александр Жуков жогоруда сөз болгон чечим "орусиялыктардын февраль айында өтө турган кышкы оюндарга катышуусуна түздөн түз таасирин тийгизбейт" деп ишендиргенге аракет кылды.

Президент Путин эки жолку Олимпиада чемпиону Елена Исинбаева менен Сочи оюндарында, 2014
Президент Путин эки жолку Олимпиада чемпиону Елена Исинбаева менен Сочи оюндарында, 2014

9-ноябрда президент Владимир Путин орус спортундагы кызытма боюнча чырды шайлоого байланыштырды. "Кимдир бирөө Орусияда спорт күйөрмандарын, спортчуларды нааразы кылып, "мамлекет мыйзам бузууга аралашкан, ошон үчүн эми жооп берип жатат" деген ойду жаратуу үчүн атайылап жагдай жаратып жаткандай”, - деди Путин Челябинск шаарындагы жолугушууда​.

Эл аралык Олимпиада комитети Пхёнчхандагы мелдештерге Орусиянын курама командасынын катышуусу тууралуу чечимди 5-7-декабрда кабыл алат. Буга чейин орусиялык паралимпиадачылар тандоо мелдештеринен четтетилген.

Григорий Родченков - РУСАДАнын мурдагы жетекчиси
Григорий Родченков - РУСАДАнын мурдагы жетекчиси

Британиянын Daily Mail гезити Москвадагы кызытмага каршы лабораториянын мурдагы башчысы Григорий Родченков орус спортундагы кызытма колдонуу боюнча жаңы маалыматты Эл аралык олимпиада комитетине бергенин жазып чыккан. "Чуулгандуу маалымат Орусиянын курама командасын Олимп оюндарына катыштыруу боюнча кабыл алынчу чечимге таасир этиши мүмкүн" деп жазат басылма.

Кызытмага каршы дүйнөлүк агенттиктин Ричард Макларен жетектеген көз каранды эмес комиссиясы эки жыл мурда баяндама жарыялаган. Анда 1000ден ашуун орусиялык спортчулар кызытма колдонгону аныкталганы айтылган. Анын айынан бир катар спортчулар 2016-жылкы Рио оюндары баштаган эл аралык мелдештерден четтетилген. Орусиянын бийлик өкүлдөрү өз спортчуларына тагылган айыптарды танып келет.

2015-жылы РУСАДАнын аккредитациясы Макларендын комиссиясынын корутундусуна ылайык токтотулган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG