Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:02

Орусия Сочиде уткан медалдарынан айрылабы?


Сочи олимпиадасынын медалдары, 2014-жыл
Сочи олимпиадасынын медалдары, 2014-жыл

Москвадагы допингге каршы борбордун мурунку башчысы Григорий Родченков эки жыл мурунку Сочи олимпиадасында Орусиянын ондогон спортчулары допинг колдонгонун айтып чыкты.

Учурда АКШда жашаган, Москвадагы допингге каршы борбордун мурунку башчысы Григорий Родченков Сочи олимпиадасы маалында орусиялык спортчулар кызытма колдонгонун айтып чыкты.

Кесиби боюнча химик Родченков профессионалдык спортто тыюу салынган метенолон, тренболон жана оксандролондон атайын кошулманы өзү жасап, спортчуларга виски, мартини ичимдиктерине аралаштырып бергенин моюнга алган. Ал мындай тапшырманы Орусиянын Спорт министрлигинен алганын тастыктаган электрондук каттар бар экенин айткан.

Сочидеги олимпиадада Орусия жалпысынан 33 медаль: 13 алтын, 11 күмүш жана 9 коло алган. Допинг колдонгон спортчулардын катарында алтын медалды жеңген бобслеист Александр Зубов жана скелетонист Александр Третьяков, лыжа тебүүдө биринчиликти алган Александр Легков, Максим Вылегжанин, Илья Черноусов жана үчүнчү орунду ээлеген аялдардын хоккей тобунун мучөлөрүнүн аты аталууда

Сочи олимпиадасында жеңүүчү болгон 15 спортчусу кызытма колдонгон деген айыпты Кремль “чыккынчынын ушагы” деп сыпаттады. Ал эми Орусиянын спорт министри Виталий Мутько Родченков жумуштан бошотулганы үчүн ич күптүсү бардыгын, анын айынан ушундай сөздөрү таратып жүрөт деп мүнөздөдү.

Родченков орусиялык спортчулар 2012-жылкы Лондон оюндарында да допинг кабыл алышканын, андан кийинки жылдары кызытма берүү масштабдуу түрдө башталганын айтат. Атайын дарылардын кошулмасы спортчуларга мелдештерде жана машыгуулардан кийин тез өзүнө келүүгө, оюн маалында жогорку көрсөткүчкө жетүүгө жардам берет.

Кремль допинг боюнча айыптоолорду көпкө четке кагып келгени менен үстүбүздөгү жылдын башында дүйнөгө белгилүү орусиялык теннисчи Мария Шарапова канынан допинг табылганын өзү жарыялаган. Андан көп өтпөй Допингге каршы дүйнөлүк агенттик Москвадагы борборду лицензиясынан ажыраткан.

Спорт министринин орун басары Юрий Нагорных Орусиянын спортчуларды олимпиадалык допинг тесттен өткөрүп кете турган программалары бар деген сөздөр жалган дейт. Ал Москвадагы допингге каршы лабораториянын мурунку башчысы Родченковдун айткандары боюнча дагы териштирүү болоорун кошумчалады:

- Родченковдун айткандары боюнча биз өзүбүз иликтөө жүргүзөбүз. Ал эми Орусиянын спортчуларын допинг тесттерден өткөрүүчү программалары бар деген жалган нерсе. Бизде спортчуларыбыздын ден соолугун сактоого, аларды мелдештерге даярдоого мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт. Биз тарапка далилденбеген куру айыптоолор гана айтылууда.

Допингге каршы дүйнөлүк агенттиктин президенти Крейг Риди орусиялык спортчулар кабылган чыр боюнча атайын иликтөө жүргүзүү зарылдыгын белгилейт.

- Орусиянын спортчулары олимпиадалар учурунда допинг кабыл алган деген айыптоолор боюнча көп жагдайларды териштирүү керек. Эки жылдан бери иликтөөлөр жүрүп жатканына карабай алигиче көп дал келбестиктер бар. Ошондуктан эл аралык допинг тестирлөөнүн талаптары боюнча кылдаттык менен кароо керек.

Допинге каршы дүйнөлүк агенттик иликтөө баштады (орус тилинде)

Учурда АКШда жашаган Родченков жеке коопсуздугу үчүн Орусиядан чыгып кетүүгө мажбур болгонун жашырган эмес. Ал эки кесиптеши - Орусиянын допингге каршы борборунун мурунку башчысы Вячеслав Синев жана анын орун басары Никита Камаев күтүүсүздөн каза болгондон кийин өз өмүрү үчүн корко баштаганын айткан.

Орусиялык спортчулар кызытма колдонгон деген айыптоолор былтыр ноябрда эле башталган, анда Допингге каршы дүйнөлүк уюм Орусиянын жеңил атлеттер тобун бардык мелдештерден четтетүүнү талап кылган.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG