Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:08

Ксения Собчак президенттикке талапкерлигин коёрун жарыялады


Ксения Собчак
Ксения Собчак

Ксения Собчак 2018-жылы Орусия президенттигине талапкерлигин коё турганын расмий түрдө жарыялады. Теле алып баруучу бул чечимин беш жылдан бери оппозиционерлер менен өзгөрүүлөрдү талап кылып митингдерге чыгып жүргөнүн, бирок өзгөрүү болбой жатканы менен түшүндүрдү.

“Уурулар жана жемкорлор калп айтууну, бийлик ээлери уурдоону улантууда”, - деди Собчак. Анын айтымында, президенттик шайлоого катышуу менен “баарына каршы” добуш берүү мүмкүнчүлүгүн кайтарууну каалайт. "Ксения Собчак – баарына каршы талапкер", – деди теле алып баруучу.

Орусиялык ЖМКлардын маалыматы боюнча теле алып баруучу Владимир Путиндин администрациясынын макулдугу менен мамлекет башчылыгына ат салышат. Президенттикке талапкерлигин коюуга ниеттенген оппозиционер Алексей Навальный тележурналистти “карикатуралык либерал талапкер” деп сындаган. Собчак жооп иретинде оппозициянын ажырымы үчүн Навальныйды күнөөлөп, күчтөрдү бириктирүүнү сунуштаган.

Собчак оппозиционердин талапкерлиги каттоодон өтсө, шайлоого барбай турганын билдирген. Кремл шаршембиде Собчактын шайлоого катышуу ниети “Конституциянын бардык шарттарына туура келерин” жарыялады.

Санкт-Петербургдун мурдагы мэри, маркум Анатолий Собчактын кызы 2004-жылдан тарта ТНТ телеканалында “Дом-2” шоусунун алып баруучусу катары иштеген. Шайлоого катышуу ниети тууралуу билдирүүгө чейин Собчак атасы тууралуу даректүү тасмага Орусия президенти менен биргеликте тартылары белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG