Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:39

Навальный Европа сотунда жеңишке жетти


Адам укуктары боюнча Европа соту орусиялык оппозиционер Алексей Навальный жана агасы Олег Навальный адилет сот укугуна ээ боло алган эмес деп таап, ага-иниге орус өкмөтү 75 миң евро жана 450 миң рубль компенсация төлөөгө тийиш деп чечти.

Орусияда оппозиционер Алексей Навальный жана анын агасы Олег Навальныйга карата алгач кылмыш иши 2012-жылы козголгон. Эки жылдан кийин ага-ини "Ив Роше" компаниясынан ири көлөмдөгү каражат уурдаган деген сот өкүмү чыккан.

Алексей Навальный шарттуу кесилсе, агасы үч жарым жылдык жаза мөөнөтүн өтөп келет. Кремлдин башкы сынчысы өзүнүн оппозициялык иш-аракетине байланыштуу орус өкмөтү аны кысымга алып жатканын билдирген.

Ага-ини Навальныйлар адилеттүү сот чечимине жетүү үчүн Европа сотуна кайрылган. Сот орус бийлиги Адам укуктары боюнча Европа Конвенциясынын 7-6 - беренелерин («жаза мыйзам чегинде гана каралат» жана «адилет сот укугун») бузган деп аныктаган.

Алексей Навальныйдын адвокаты Ольга Михайлова сот чечимине ылайык ага-иниге карата козголгон кылмыш иштери токтотулушу керектигин айтты:

- Европа соту 7-берене боюнча чечимди өтө аз чыгарат. Бул бир гана Орусияга карата эмес, бул өзгөчө кырдаал. Мындай чечим сот жазасын кайрадан карап чыгууга гана эмес, кылмыш ишинин толук жабылышын талап кылууга мүмкүндүк берет.

Адвокат «Орусия Европа сотунун юрисдикциясына кирген соң соттун чечимин аткарууга милдеттүү» деп белгилейт.

Орусиянын Юстиция министрлиги өз учурунда Адам укуктары боюнча Европа сотунун чечимин кабыл албастыгын маалымдоодо.

Навальный мурда дагы Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылып, 3,5 миллион рубль утуп алган. Анда Навальный «Кировлес» деп аталган иш менен каржылык кылмышка айыпталган. Ошондой эле Европа соту 2012-2014-жылдар аралыгында оппозиционер митингдерде жети жолу мыйзамсыз камакка алынганы үчүн Орусия ага 63,7 миң евро төлөп бериши керек деп чечкен.

41 жаштагы оппозициячы Алексей Навальный Орусияда келерки жылы өтө турган президенттик шайлоодо ат салышарын айтып келет. Азыртадан эле анын талапкерлигине Орусияда 600 миңдей адам колдоо көрсөткөн. 79 аймакта Навальныйдын шайлоо бекеттери ачылган.

Ушул эле маалда Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы оппозициячыл саясатчы «Кировлес» кылмыш ишине байланыштуу 2028-жылга чейин президенттикке ат салыша албастыгын эскертүүдө. Европа сотунун чечиминен кийин орус соту быйыл майда кылмыш ишин карап чыгып, Алексей Навальныйды кайрадан айыптуу деп тапкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG