Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Навальный өзбекстандыктарды капа кылды


Өзбекстандыктар орусиялык саясатчы Алексей Навальныйга жооп катары интернетте флешмоб өткөрүшүүдө. Оппозициячыл саясатчы Навальный «Дождь» телеканалына маек берип жатып, «Өзбекстанда Пушкиндин ким экенин эч ким билбейт» деген. Буга нааразылык билдирген өзбекстандыктар интернетке видео кайрылууларды жөнөтүп, Навальныйга суроо берген тележурналист Ксения Собчакты кошо уяткарышууда.

Орусияда оппозициячыл саясатчы катары белгилүү Алексей Навальный "Дождь" телеканалында суроолорго жооп берип жатып "Албетте, Өзбекстанда Пушкиндин ким экенин эч ким билбейт" деген.

Ага тележурналист Ксения Собчак «Орусия - моноэтникалык мамлекетпи же көп улуттуу мамлекетпи? Сиз президентке талапкер катары айтыңызчы, Орусия – орустардын өлкөсүбү же орусиялыктардын өлкөсүбү?» деген суроолорду узаткан.

Орусияда "калктын 85 пайызы улутун орус деп көрсөтөт", "көпчүлүк өзүн орус катары сезет" деп баса белгилеген Навальный сөз аягында Орусияда башка чоң этностор дагы жашарын эскерип өткөн.

Андан соң совет доорундагы улуттук аң-сезим маселесин талкуулоого алган маектештер Өзбекстанды мисал катары карап, азыр анын калкы орус адабиятын билбейт деген бүтүм чыгарышкан.

Орусиялык саясатчынын сөзүнө намыстанган өзбекстандыктар интернетте флешмоб өткөрүшүүдө. Алар Навальный менен Собчакка видео кайрылуу жасап, орус акыны Александр Пушкиндин чыгармаларынан үзүндүлөрдү окуп, интернетте таратышууда.

Өзбекстандык бир кайрылуучу Ташкентте Пушкин атындагы көчө, метро станциясы жана улуу жазуучунун эстелиги орнотулган атайын аянт да бар экенин белгилеп, Навальный менен Собчакты Өзбекстанга конокко чакырган.

- Силердин сүйлөшкөнүңөрдөн, Ксения, сиз үчүн Казандан ары эч кандай цивилизация жок экенин түшүндүм. Сиз жаңылышасыз. Алексей Навальный, сиз дагы Өзбекстанда эч ким Пушкинди билбейт деп жаңылышасыз. Биздин өлкөгө келгиле, конок болуп кеткиле, адамдар кантип жашарын, маданиятыбызды көрүп, өзүңөрдүн ички руханий дүйнөңөрдү байытып кеткиле. Өзүңөрдү түркөй, эч нерсе билбеген адам катары көрсөтпөгүлө. Биз Пушкин, Блок, Есенин, Маяковский, Лермонтов, Гоголь - баарын билебиз. Силер болсо биз жөнүндө эч нерсе билбейсиңер, муну өзүңөр сүйлөгөн сөзүңөр менен тастыктадыңар.

Айрым өзбекстандыктар болсо балдарына Пушкиндин ырларынан окутуп, видео кайрылууларды таркаткан.

Видео аркылуу кескин нааразычылык билдирип, Навальный менен Собчактын өзбекстандыктардан кечирим суроосун талап кылып жаткандар дагы бар.

Орусиялык саясатчы Алексей Навальный "Албетте, Өзбекстанда Пушкиндин ким экенин эч ким билбейт" деп 8-июнда "Дождь" телеканалында түз эфирде маек берип жатып айткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG