Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Классиктерди "өбүштүргөн" сүрөт чыры


Пушкин менен Курмангазыны "өбүштүрүп" койгон сүрөт компьютерде жасалган.
Пушкин менен Курмангазыны "өбүштүрүп" койгон сүрөт компьютерде жасалган.

Human Rights Watch укук коргоо уюму казак жарандарынын Курмангазы менен Пушкиндин өбүшүп турган сүрөтүнө жасаган мамилесине карата өз тынчсыздануусун билдирди.

Август айынын соңунда социалдык тармактарда жайылып кеткен казактын залкар күүчүсү Курмангазы менен орус классиги Александр Пушкиндин компьютерде жасалган «өбүшкөн сүрөтү» коомчулуктун нааразылыгын жаратып, атургай жарандык активисттер муну жасагандарды сотко беришкен. Алгач сотко мындай талаштуу сүрөттү компьютерде жасаган “Havas Worldwide Казахстан” жарнама агенттигине каршы доо арыз менен Алматыдагы Курмангазы атындагы консерваториянын 34 өкүлү кайрылган.

Алар “адепсиз сүрөт залкар композитордун урпактарына гана эмес, бардык өнөр адамдарынын намысына шек келтиргени үчүн» сүрөттүн авторлорунан моралдык компенсация талап кылышкан. Сот алардын өтүнүчүн орундатып, жарнама агенттигине 186 миң тенге айып пул салды.

Эки классиктин өбүшүп турган сүрөтүнүн эскизи августтун соңунда Бишкекте өткөн Борбор азиялык «Ред Жолборс” деп аталган көрнөк-жарнактардын фестивалына катышуу үчүн жасалган. Жарнама Алматыдагы Пушкин жана Курмангазы көчөлөрүнүн кесилишиндеги түнкү клубга илинмек.

Искусство таанучу Валерия Ибраева бул баннердин идеясы белгилүү орус сүрөтчүсү Дмитрий Врубел тарткан Советтер Союзунун лидери Леонид Брежнев менен ГДРдин жетекчиси Эрик Хоннекердин өбүшүп турган сүрөтүнөн алынганын белгилейт.​

Леонид Брежнев жана Эрик Хоннекер.
Леонид Брежнев жана Эрик Хоннекер.

​Айрым казактар сүрөттүн авторлорунун чыгармачылыгына жогору баа беришкени менен бул долбоор социалдык тармактарда нааразылык жаратты. Казакстандын маданият министри Арыстанбек Мухамедулы сүрөттү «адамкерчиликсиз жана жосунсуз» жорук деп сындады.

«Эгер адамдын кандайдыр бир таланты тайкы болсо бул анын жеке иши жана бул нерсени ушундай кадырлуу адамдардын элестери аркылуу коомго жайылтуу туура эместигин» министр «Тенгриньюс» маалымат агенттигине курган маегинде айтты.

Өзүн Курмангазынын урпагымын деген Нуркен Халыкберген аттуу жаран да агенттикке каршы доо арыз менен сотко кайрылган. Бирок ал акындын түз урпагы экенин далилдей албагандыктан, сот анын арызын канааттандарбай койгону айтылууда.

Алматы мэриясы да агенттиктин эки классикти өбүштүргөн сүрөтүн «коомго жат сексуалдык мамилени чагылдырып, моралдык нормаларды бузууда» деп айыптап сотко берген. Сот шаар бийлигинин доо арызын канааттандырып, агенттикке жана анын директоруна 1700 доллар айып пул салды.

Байкоочулардын айтымында, мэриянын бул билдирүүсү Орусияда кабыл алынган гомосексуалдуулукту пропагандалоого тыюу салган мыйзамга үндөшөт.

Акыркы айларда ушундай эле мыйзамды Казакстанда да кабыл алуу чакырыктары жасалууда. Бул өлкөдө гомосексуалдык үчүн жоопко тартуу 1998-жылы Кылмыш-жаза кодексинен алынып салынса да, Курмангазы менен Пушкиндин өбүшүп турган сүрөтү сексуалдык азчылыктарга болгон терс мамиленин тереңдеп баратканын көрсөтөөрүн эксперттер белгилешет.

Өткөн айда Казакстандын Коммунисттер партиясы гомосексуалдык үчүн кылмыш жоопкерчилигин кайра киргизүүнү сунуштады.

«Болашак” улуттук кыймылынын лидери Даурен Бабамуратов жакында өткөн маалымат жыйындардын биринде кумсаларды аныкташ үчүн кандын анализин текшерип, ДНК тест жасоо зарылдыгын айтты. Ал казак бийликтерин кумсаларды мамлекеттик кызматка алууга жана армияда кызмат өтөөгө тыюу салууга чакырды.

Казакстандагы кумсаларга каршы өнөктүктүн күчөшү адам укуктарын коргоо жаатындагы уюмдарды тынчсыздандырууда.

Эл аралык Human Rights Watch уюму Пушкин менен Курмангазынын жасалган сүрөтүнө карата казак коомунун мамилесине өз тынчсыздануусун билдирип, сотко кайрылгандарды доо арыздарын артка кайтарууга жана чыгармачылык эркиндикти сыйлоого чакырды.

XS
SM
MD
LG