Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:02

Путиндин атаандашын колдогон орус жаштары


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (29-май - 4-июнь).

Америкада чыккан The Daily Beast басылмасы акыркы мезгилде Орусияда Алексей Навальныйга ыктаган жаштардын көбөйүп бара жатканы тууралуу макала жарыялады. Анын автору Анна Немцова 2018-жылдагы шайлоонун алдында Путиндин атаандашы катары чыга турган Алексей Навальныйдын жолун бууганга бардык аракеттер жасалып, ал жакында эле дүйнөнүн эң бай адамдарынын бири Алишер Усмановго соттон жеңилип калганын, сот Навальныйдын Усманов менен орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев тууралуу тартылган чуулгандуу тасманы интернеттен алуу чечимин чыгарганын баяндап, куугунтукка карабай Навальныйды жактаган жаштардын саны көбөйүп баратканын билдирди. Навальныйдын президенттик өнөктүгүнө Кремл бөгөт болбойт деп эч ким айта албайт. Үй бүлөсү, жакындары жана өзү да куугунтукка алынып, иштен бошогонуна карабай Навальный баштаган "Прогресс" партиясын ээрчиген активист-жаштар өткөн аптада Польшада чогулушту. Аларга белгилүү сатирик, журналист Виктор Шендерович кайрылып сөз сүйлөдү. Ал ар кайсы региондордон чогулган жаштар өмүрүн, келечегин тобокелге салып, Навальныйды Путинге атаандаш болчу жалгыз үмүт катары көрүп жатышканын, анткени Навальный чуулгандуу окуяларды туура пайдаланып, орус саясатында жаңы лидердин образын жаратууга аракет жасап жатат деп жазат Daily Beast.

Түрмөнүн көптүгү зыян

Economist журналына канчалык түрмөгө салып жазалоо мөөнөтү көп болгон сайын адамдын кулк-мүнөзү терс тарапка оой берери тууралуу атайын иликтөө жарыяланды. Европадагы жаза аткаруу жайлары эң аз, бирок түрмөлөрдүн шарты эң мыкты болгон өлкө - Норвегия. Жазасын өтөп чыккан норвегиялыктардын 20 пайызы гана кайра кылмышка барат. Жалпы дүйнөдө бул көрсөткүч мындан бир нече эсеге жогору. Кылмышты иликтөө институтунун өкүлү Рой Уолмслинин маалыматы боюнча, дүйнөдө ушул тапта 10,3 миллион киши темир тор аркасында күн кечирип жатат. Бул сан жыл сайын көбөйүүдө. 2000-жылдан бери абактагылардын саны 20 пайызга өскөн. Айрыкча Түштүк Америка, Түштү-Чыгыш Азия жана Жакыңкы Чыгышта кесилип кеткендердин саны 75 пайызга чейин жогорулаган. Жер жүзүндөгү түрмөлөрдүн баары ашыкча толуп кеткен. Башкаларга салыштырмалуу АКШда жаза мөөнөтүн темир тор артында өтөгөн кылмышкерлердин саны абдан көп. Бул акыбалды жакшыртуунун бир жолу абакта оор кылмыш кылгандар гана калып, калгандарына электрондук чип тагып, онлайн көзөмөлдөө системасын киргизүү сунушталат. Абакта жаткандардын көбү жумушка жарамдуу адамдар болгондуктан, аларды башка нукта пайдалана билүүнү сунуштайт Economist журналы.

Шинжаңда орозо кармоо чектелүүдө

Дүйнөлүк уйгурлар конгрессинин маалыматына караганда, Кытайдын Шинжаң уйгур автоном районунда орозо айында бардык ашкана, ресторандарга кадимкидей элди тейлөө талабы коюлганын The Independent гезити кабарлады. Калкынын көбү мусулман болгон бул аймакты расмий Бээжин жыл сайын орозо айында катуу көзөмөлгө алат. Комунисттик партия диний жөрөлгөлөрдү чектеп келет. Ушундан улам Рамазан башталганда студенттер менен мамлекеттик кызматкерлерге орозо тутууга уруксат берилген жок. Ошондой эле Хотан шаарында окуган жаштардын жума намазына баруусу бөгөлдү. Ушул жылдын март айынан тарта узун сакал коюу, хижабчан көчөдө жүрүүгө да тыюу салынган. Май айынын башында болсо облустун ички иштер башкармалыгы 8,7 миллион доллардык ДНК анализин жасоочу жабдууларды сатып алып, калктын генетикалык маалыматын топтоодо. Себеби былтыртан тарта чет өлкөгө чыккан уйгурлардан ДНК маалыматы талап кылына баштаган.

Индияда дарыгерлер өзүн-өзү коргоо курстарынан өтүшүүдө

The National басылмасы Индияда догдурларга карата бейтаптар жана алардын жакындарынан зомбулук күчөгөндүктөн, медиктер өзүн-өзү коргоочу атайын даярдыктардан өтүп жатышканын кабарлады. Айрыкча алыскы аймактардан чоң калааларга бир нече саат же сутка жол жүрүп, кыйналып барган оорулуулар менен туугандары догдурдан жаман диагноз укса анда өзүн жоготуп коюшат дейт Дарыгерлер бирикмесинин президенти Вижай Кумар. Нью Делидеги Мевлана Азад аттуу медициналык колледждин сурамжылоосуна караганда, Индия башкалаасында иштеген догдурлардын 75 пайызы оозеки коркутууга учурап, 12 пайызына бейтап же жакыны кол көтөргөн. Мындай окуялар айрыкча медициналык тейлөө бекер мамлекеттик ооруканаларда көп болот. Быйылкы жылдын март айында догдурларга карата зомбулук өтө күчөп кеткендиктен, айрым бейтапканаларда алар башына каска кийип жүрүүгө мажбур болушкан. Ушундан улам Саламаттыкты сактоо министрлиги аларды өзүн коргоого үйрөтө баштаганын билдирет The National басылмасы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG