Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:46

Путиндин төртүнчү мөөнөтүнө даярдык


Орусияда 2018-жылдын жазындагы президенттик шайлоого даярдыктар жүрүүдө. Облус губернаторлору менен республика башчыларын учурдагы алмаштыруу жараяны да саясий өнөктүккө камылганын алкагында каралып жатат. Ал эми айрым эл аралык уюмдар шайлоого оппозиция лидери Алексей Навальныйды катыштырууга Кремлди чакырды. Навальный болсо эл менен жолугушууларында улам бир тоскоолдуктарга кабылып жатканын билдирүүдө.

10-сентябрдагы жергиликтүү шайлоолордон кийин Орусияда соңку күндөрү федерациянын төрт субъектисинин: Нижегород, Самара облустарынын, Красноярск крайынын, Дагестан республикасынын башчылары кызматтарынан кетти. Эски жетекчилердин ордуна федералдык мекеме-уюмдарда иштеген, салыштырмалуу жаш чиновниктер жөнөтүлүүдө.

Орус өкмөтүнүн вице-премьер-министри Дмитрий Козак 26-сентябрда алдыда дагы бир нече облустун башчысы кызматтан кетерин болжолдоп, муну федералдык бийлик губернаторлордун ишинин “эффективдүүлүгүн” баалап жатканы менен түшүндүрдү. Анткен менен талдоочулар облус башчыларынын алмаштырылышын Кремлдин келерки жылдын жазындагы президенттик шайлоого даярдыгы менен тикелей байланышта карап жатышат.

Наталья Зубаревич
Наталья Зубаревич

Москвалык илимпоз, профессор Наталья Зубаревич “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус кызматындагы талкууда Кремль азыр федералдык шайлоо жыйынтыктарынан чочубай калганын эске салып, бирок соңку кадрдык жүрүштөрдө саясий фактор үстөмдүк кыларын белгиледи.

- Бул алмаштыруулар социалдык-экономикалык факторлор менен шартталбаганы анык. Губернаторлору алмаштырылып жаткан аймактардын баарына мүнөздүү окшош тенденция деле жок. Ал эми саясий факторлор сөзсүз бар. Ооба, федералдык шайлоолордун системасы азыр биздин бийликти чочутпай деле калган. Мурда федералдык шайлоолордун алдында губернаторлорду алмаштырбоого аракеттенишчү. Алар аймактагы кырдаалды көзөмөлдөп жатат, шайлоонун туура жыйынтыктары үчүн иштешет деген ой-жорум бар эле.

Аймактык жетекчилерди алмаштыруунун азыркы толкуну алдында, 10-сентябрда 16 субъекттин башчылары кайра шайланып, алардын баарында бийликтеги “Бирдиктүү Орусиянын” талапкерлери жеңишке жетишкен.

Константин Боровой
Константин Боровой

Москвалык саясатчы Константин Боровой “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус кызматындагы талкууда губернаторлук корпустагы соңку өзгөртүүлөрдү Кремлдин эң ириде президенттик шайлоону эске алган чарасы катары мүнөздөдү:

- Бүгүн Кремль менен президенттин администрациясына суктана албайсың. Алдыда татаал шайлоо турат. Губернаторлорго мындай шартта абдан карама-каршылыктуу милдеттерди чечүүгө туура келет. Шайлоону камсыздап, лоялдуулукту көргөзүү зарыл. Бир эле учурда лоялдуулукту региондун элине да, Кремльге да көргөзүү абдан оор иш. Сиз азыр байкасаңыз, аймактардын жашоочулары пенсия, айлык акы, коррупция жөнүндө айтып жатышат. Шайлоо алдында карама-каршылыктуу милдеттер тургандыктан, баары ойдогудай деген түр көргөзүү туура эмес болот.

please wait

No media source currently available

0:00 0:05:08 0:00
Түз линк

Орусиянын кезектеги президенттик шайлоосу келерки жылдын 18-мартында өтүшү керек.

Президент Путин шайлоого катышарын азырынча расмий айта элек. Ал шайлоого катышып, жеңип чыкты делген күндө бул Путиндин төртүнчү президенттик мөөнөтү, бери дегенде 71 жашка чейин бийликте калууга жана 25 жыл бийликте турууга мүмкүнчүлүк алган болот. Шайлоодо Путинге ким чындап, ким жасалма атаандаш болот деген маселе да али күн тартибинде.

Навальный фактору

Президенттикке ат салышарын биринчилерден болуп оппозиция лидери, антикоррупциячыл активист Алексей Навальный былтыр эле жарыялап, Орусия боюнча алтымыштан ашуун штабын ачкан. Бирок быйыл июнда Борбордук шайлоо комиссиясы Навальный саясий жүйөсү бар деп атаган кылмыш иши боюнча соттолгону жоюла электен улам шайлоого катыша албайт деп тапкан.

Алексей Навальный Мурманск шаарындагы жыйында. 15-сентябрь, 2017-жыл.
Алексей Навальный Мурманск шаарындагы жыйында. 15-сентябрь, 2017-жыл.

Навальный 27-сентябрда өзүнүн интернет баракчасы аркылуу Орусиянын түндүк борбору - Санкт-Петербургдун шаар бийликтери эл менен алар үчүн ыңгайлуу аянтчада жолугушуусуна такыр мүмкүнчүлүк бербей жатканын айтып чыкты:

- Жолугушуу өткөрүү үчүн Санкт-Петербургдун администрациясына толугу менен мыйзам негизинде бир нече аптадан бери утур-утур арыз берип жатам. Шаар бийликтери мага эл менен жолугушууга гана мүмкүнчүлүк бербестен, жакында өз өкүлү аркылуу мени жана жактоочуларымды чагымчылар деп аташып, шаар борборунан бизге орун эч убакта берилбей турганын ачык эле айтышты. Алар атүгүл баш тартуунун мыйзамдуу, формалдуу себебин көргөзүүгө аракеттенишкен да жок.

Навальный видео кайрылуусунда Санкт-Петербургдун бийликтеринен эми 7-октябрдагы жолугушууга уруксат сураганын, болбосо жактоочуларын ошол күнү шаар борборуна чогулуп, тынч жүрүшкө чакырарын кошумчалады.

Антикоррупциялык жүрүштүн катышуучулары. Новосибирск, 12-июнь, 2017-жыл.
Антикоррупциялык жүрүштүн катышуучулары. Новосибирск, 12-июнь, 2017-жыл.

Оппозициячыл саясатчы быйыл Орусия боюнча эки жолу антикоррупциялык жүрүш уюштурган эле. Өзү экөөндө тең Москвадан кармалып, 15 суткага абакка кесилген. Ал 2013-жылы Москва мэрин шайлоодо 27% добуш алып, экинчи орунду ээлеген.

Эл аралык “Хьюман Райтс Уочт” уюму ушул айдын башындагы баяндамасында орус бийликтери Навальныйдын президенттик шайлоого катышуу аракеттерине “системалуу” түрдө кийлигишип, анын штабдарына рейд жасап, ыктыярчы кызматкерлерин “мыйзамсыз” кармап кетип жатканына көңүл бурган.

21-сентябрда Европа кеңешинин чечим кабыл алуучу органы – Министрлер комитети орус бийликтерин Навальныйдын шайлоого катышуусуна уруксат берүүгө чакырган. Расмий Москва бул билдирүүнү шайлоо алдында Орусияга “саясий кысым көргөзүү” аракети деп баалаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG