Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:04

Палестиналык топтор "Жаалдануу күнүн" өткөрүүгө чакырышты


Израил армиясына каршы таш ыргытып жаткан палестиналыктар.
Израил армиясына каршы таш ыргытып жаткан палестиналыктар.

АКШнын президенти Дональд Трамптын Иерусалимди Израилдин баш калаасы деп тааныгандан кийин палестиналык исламчыл топтор 8-декабрды "Жаалдануу күнү" деп атап, бул чечимге каршы акцияга чыгууга үндөштү.

Маалыматтарга караганда, 7-декабрда Газа тилкесинде жана Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги палестиналыктар менен Израил армиясынын кагылышуусунан 30дан ашуун палестин жарандары жарадар болушкан. Күбөлөрдүн айтымында, демонстранттар Израил аскерлерин көздөй таш ыргытып, "Америкага өлүм!" деп кыйкырып жатышты.

Трамптын чечими бир катар араб өлкөлөрүндө да нааразылык жаратты. Иорданиянын маалымат каражаттары кабарлагандай, өлкөдөгү студенттер Иерусалимдин арабдарга таандык экенин айтып, акцияларды өткөрүштү.

Тунисте, Пакистанда да митингдер өткөнү кабарланды.

Президент Трамп 7-декабрда Ак үйдөгү сөзүндө АКШнын элчилигин эми Тел-Авив шаарынан Иерусалим шаарына көчүрүү ишин баштоого көрсөтмө бергенин да жарыялаган.

Израил - азырынча АКШ президентинин Иерусалим боюнча жарыясын кубаттаган жалгыз өлкө. Вашингтондун Евробиримдик менен араб дүйнөсүндөгү негизги өнөктөштөрү бул чечимди айыпташты.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин сегиз мүчөсү, анын ичинде АКШнын өнөктөштөрү болгон Британия, Франция, Египет, Италия, Швеция 8-декабрга чукул жыйын чакырууда.

Иерусалимдин макамы – Израил-Палестина жаңжалынын эң талуу маселеси. Палестиндер Иерусалимдин чыгышын өздөрүнүн болочок мамлекетинин борбору катары көрүшөт. Чыгыш Иерусалимди 1967-жылкы кыска согушта ээлеп алган Израил болсо мусулмандардын, христиандардын, жөөттөрдүн да ыйык жайлары бар шаардын баарын өзүнүн борбору катары жарыялаган.

XS
SM
MD
LG