Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

Трамптын чечими көчө нааразылыгына алып келди


Полиция менен кагылышуу. 7-декабрь, Израил.
Полиция менен кагылышуу. 7-декабрь, Израил.

Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги бир катар шаарларда АКШ президентинин Иерусалимди Израилдин баш калаасы катары таануу боюнча чечимине каршы чыккан палестиналык демонстранттар менен полиция кагылышты. Палестиндер тартип коргоочуларга таш ыргытып, полиция жаш агызчу газ, желим окторду колдонгонун "Рейтер" агенттиги кабарлады.

Акция учурунда 30дан ашуун киши жабыркады.

"Хамас" радикалдуу уюмунун лидери палестиналыктарды массалык көтөрүлүшкө, мусулмандарды 8-декабарда демонстрацияларды өткөрүүгө чакырды.

Москва АКШнын президенти Дональд Трамптын Иерусалимди Израилдин баш калаасы катары тааныганын катуу сындап, "бул кадам Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды курчутту жана эл аралык коомчулуктун бөлүнүшүнө алып келди" деп билдирди.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Орусия менен Түркиянын президенттери бул маселени талкуулай турганын 7-декабрда айтты.

Буга чейин АКШнын Германия, Британия, Сауд Арабиядан баштап Евробиримдикке чейинки өнөктөштөрү бул кадамды айыптап, эми чөлкөмдөгү тынчтык процесси кыйынчылыкка учурай турганын билдиришкен. 6-декабрдагы жарыяны Израил гана “адилет жана тайманбас” деп кубаттады.

Президент Трамп Ак үйдөгү сөзүндө АКШнын элчилигин эми Тел-Авив шаарынан Иерусалим шаарына көчүрүү ишин баштоого көрсөтмө бергенин да жарыялаган.

АКШнын президенти анын чечими Израил менен Палестинанын “бекем тынчтык келишимин тездетүү боюнча" Вашингтондун милдеттенмесинен качуу эмес экенин, эки тарапка тең алгылыктуу тынчтык келишимине жетиш үчүн ал колдон келишинче аракет кыларын билдирди.

XS
SM
MD
LG