Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:06

АКШ орусиялыктардын тобуна расмий айып такты


"Интернетти изилдөө агенттигин каржылайт" деп болжолдонгон жана АКШ айып таккан Евгений Пригожин президент Владимир Путин менен. Сүрөт 2011-жылы тартылган.
"Интернетти изилдөө агенттигин каржылайт" деп болжолдонгон жана АКШ айып таккан Евгений Пригожин президент Владимир Путин менен. Сүрөт 2011-жылы тартылган.

Кошмо Штаттарда орусиялык жарандар менен компанияларга айып тагылды. Америкалык чоң жюри орусиялык он үч жаранды жана үч компанияны "2016-жылкы президенттик шайлоого кийлигишкен, каржылык көз боёмочулукка барган, жеке маалыматтарды уурдаган" деп айыптоодо. Ал эми вашингтондук жогорку даражалуу расмий өкүлдөр орусиялыктарга каршы алдыда дагы жаңы санкциялар болорун айтып жатышат.

Орусиялык жеке адамдар менен компанияларга коюлган айып өткөн жума күнү АКШнын атайын прокурору Роберт Мюллер тарабынан жарыяланды.

Атайын прокурор АКШда Орусиянын 2016-жылдагы шайлоого кийлигишүүсүн жана президент Доналд Трамптын шайлоо штабындагы адамдардын Орусия менен болжолдуу байланыштарын иликтеп жатат.

Мюллердин кеңсеси тараткан соттук документтерге караганда, Орусиянын мекемелери АКШдагы саясий жараянга кийлигишүүнү 2014-жылы эле баштаган.

Род Розенстайн.
Род Розенстайн.

- Айыптоо актысы орусиялык он үч жаранды жана үч компанияны "АКШнын саясий системасына, анын ичинде 2016-жылдагы президенттик шайлоого кийлигишүү аракети менен федералдык кылмыш жасаган" деп айыптоодо. Алар өздөрү атагандай АКШга каршы “маалымат согушун” жүргүзүшкөн, мунун максаты талапкерлерге, жалпы эле саясий системага ишенбестикти жайылтуу болгон. Бул кутум “Лахта долбоору “ деген ири өнөктүктүн алкагында жүргүзүлгөн. “Лахта” долбоору бир нече компонентти, айрымдары Орусия Федерациясынын ички аудиториясын, калгандары ар кайсы өлкөлөрдөгү чет элдик аудиторияны камтыган. "Интернетти изилдөө агенттиги" орусиялык калканч компаниялар аркылуу аракеттенген. Онлайн операциялары үчүн жүздөгөн адамдарды кызматка алып, жылдык бюджети миллиондогон доллар болгон, - деди АКШнын башкы прокурорунун орун басары Род Розенстайн орусиялыктарга коюлган айыпты чечмелеп жатып.

16-февралда жарыяланган айыптоо корутундусу АКШда бир жылдан берип жүрүп жаткан иликтөөнүн натыйжасында орусиялыктарга алгачкы ирет расмий айып тагылышы болду.

Ага ылайык, орусиялык жарандар менен компаниялар "АКШны алдоо, каржылык көз боёмочулук үчүн кутумга барган, жеке маалыматтарды уурдаган" деп күнөөлөнүүдө.

АКШ 12 кызматкерине айып таккан орусиялык компаниялардын бири “Интернетти изилдөө агенттигин” Батышта жалган маалымат жайылтып, коомдук ой-пикирге таасир тийгизүү үстүндө жашыруун иштеген “тролл фабрикасы” катары билишет.

Санкт-Петербургда жайгашкан бул компанияны президент “Путиндин ашпозчусу” деген ат менен таанымал Евгений Пригожин каржылай тургандыгы болжолдонот.

Ал - Кремлди тамак-аш менен камсыздаган ишкер жана президент Путинге жакын адам экени айтылып жүрөт.

Айып коюлган Пригожинге буга чейин АКШнын Каржы министрлиги Украинанын чыгышындагы жикчилерди колдогону үчүн санкция да киргизген.

Санкт-Петербургда "Интернет изилдөө агенттиги" жайгашкан имарат.
Санкт-Петербургда "Интернет изилдөө агенттиги" жайгашкан имарат.

Ал ошондой эле Сирияга жалданма аскерлерди жиберген жеке менчик аскер компаниясы менен байланышта каралып жүрөт.

Орусиянын АКШдагы шайлоого кийлигишүүсү боюнча Конгресстин жана атайын прокурордун иликтөөлөрүнүн маанисин төмөндөтүп жүргөн президент Доналд Трамп орусиялыктарга коюлган айып боюнча “Твиттер” баракчасындагы алгачкы комментарийинде "шайлоо штабы менен орусиялыктар ортосунда эч кандай кутум болгон эмес" деген мурдагы пикирин кайталады.

Бирок андан кийинки билдирүүсүндө Трамп америкалыктарды “Орусия өңдүү жаман оюнчулардын” өлкөнү бөлүү аракетине каршы биримдикте болууга үндөдү.

Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт МакМастер Мүнхендеги коопсуздук конференцияда сүйлөгөн сөзүндө орусиялыктарга коюлган айып “төгүндөлгүс” экендигин белгиледи.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров ошол эле конференция учурунда АКШнын орусиялыктарга таккан дооматын далили жок нерсе катары сынга алды.

Сергей Лавров.
Сергей Лавров.

- Менде эч кандай реакция жок. Анткени эмнени болсо да жарыялап койсо болот. Биз дооматтар, ырастоолор, билдирүүлөр кантип көбөйгөнүн көрүп жатабыз. Андыктан биз фактыларды көрмөйүнчө калганы келжирек кеп. Дипломатияга сыйбаган сөзүм үчүн кечирип койгула.

Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков болсо АКШда орусиялыктарга айып коюлушун “адилетсиз” деп баалады.

Ал арада орусиялыктарга каршы алдыда жаңы санкциялар каралып, алар аныкталып жатканын Вашингтондон америкалык жогорку даражалуу расмий өкүлдөр билдирүүдө.

Бул тууралуу 18-февралда Си-Би-Эс телеканалы менен маегинде мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон айтса, 14-февралда Сенат комитетинде каржы министри Стивен Мнучин да маалымдаган.

Өткөн айда Кошмо Штаттарда “Кремл баяндамасы” деген документ жарыяланган. Анда президент Путиндин эң жакын чөйрөсүнөн саясий кызматтагы 114 адамдын жана 96 "олигархтын" ысымдары камтылган.

Ал тизме Орусия АКШнын 2016-жылкы президенттик шайлоосуна кийлигишүүсүнө жооп чара катары ага басымды күчөтүү максатында Конгресс былтыр кабыл алган мыйзамга ылайык түзүлгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG