Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:43

АКШ: атайын прокурордун алгачкы айыптары


Айыпталуучулар Пол Манафорт (оңдо) жана Рик Гейтс.
Айыпталуучулар Пол Манафорт (оңдо) жана Рик Гейтс.

АКШда Орусиянын былтыркы президенттик шайлоого кийлигишүүсүн иликтеген атайын прокурор алгач ирет бир нече адамга айып такты. Президент Дональд Трамптын мурдагы штаб башчысы Пол Манафорт жана анын кызматташы Рик Гейтс Украина менен мамилесинде АКШны алдоо үчүн кутумга барган деп күнөөлөнүүдө.

Президент Дональд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы Пол Манафорт жана анын кызматташы Рик Гейтс 30-октябрда өздөрү ФБРге келишти. Алардын иши Вашингтондогу федералдык сотто каралып, Манафорт 10 миллион доллар, Гейтс болсо 5 миллион долларлык күрөөнүн негизинде үй камагына чыгарылды.

Атайын прокурор Роберт Мюллердин Орусиянын АКШдагы былтыркы шайлоого кийлигишүүсү боюнча иликтөөсүнүн алкагында федералдык чоң жюри аларга 12 берене боюнча айып такты. Алардын арасында АКШ өкмөтүн алдоо үчүн кутумга баруу, акчанын изин жашыруу, каттоосу жок чет өлкөлүк агенттин ишин алып баруу, жалган маалымат берүү сыяктуу айыптар бар. Манафорт жана Гейтс өздөрүнө коюлган айыптарды четке кагып жатышат.

30-октябрда ачыкка чыккан соттук документтерге ылайык, Трамптын шайлоо штабынын мурдагы кеңешчиси Жорж Пападопулос Орусия менен байланышы тууралуу ФБРге калп айтканын мойнуна алды. Ал июль айында камакка алынган болчу.

Атайын прокурор Роберт Мюллер
Атайын прокурор Роберт Мюллер

Трамп менен байланышы бар бул үч киши атайын прокурор Роберт Мюллердин Орусиянын АКШ шайлоосундагы ролу боюнча иликтөөсүнүн алкагында расмий айыпталган алгачкы адамдар болуп калышты.

Бирок Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс бул айыптар президентке тиешеси жок деп билдирди:

"Бүгүнкү жарыянын президентке, президенттик шайлоо штабына же штабдын ишмердигине байланышы жок. Трамп менен Орусиянын ортосунда байланыш болгон деп айтууга далил жок экенин баштан бери эле айтып келгенбиз. Аны бүгүн тагылган айыптар да эч өзгөртпөйт".

Расмий айыптар жыл башында орун алган окуяларды камтыганына карабай президент Трамп ал айыптар бир жыл мурунку мезгилге же Манафорт Трамптын штабына келгенге чейинки учурга барып такаларын Твиттерге жазды. Ал ошондой эле негизги көңүл былтыркы шайлоодогу атаандашы Хиллари Клинтонго жана Демократиялык партияга эмес, туура эмес жакка бурулуп жатат деп кошумчалады.

Президент Дональд Трамп, анын шайлоо штабынын башчысы Пол Манафорт жана кызы Иванка Трамп Кливлендеги жыйында, 21-июль 2016-жыл.
Президент Дональд Трамп, анын шайлоо штабынын башчысы Пол Манафорт жана кызы Иванка Трамп Кливлендеги жыйында, 21-июль 2016-жыл.

Манафорт жана Гейтске коюлган айыптарда бул эки адам Украинанын Орусияга ыктаган мурдагы президенти Виктор Януковичке иштеп бергени үчүн он миллиондогон доллар тапканы, алар бул акчанын изин жашыруу үчүн 2006-жылдан 2016-жылга чейин түрдүү чет өлкөлүк ишкана, эсеп жана өнөктөштөрдү колдонгону айтылат. Украин тарап берген акча 2010-жылга чейин Кыргызстан аркылуу да өткөнү кабарланган.

Ошондой эле Манафорт менен Гейтс украиналык саясий партиянын агенти катары иштегенин жана андан киреше тапканын жашырган деп да айыпталууда.

Трамптын шайлоо штабынын мурдагы кеңешчиси Пападопулос болсо жалган көрсөтмө менен ФБРдин Орусиянын шайлоодогу ролу тууралуу иликтөөсүнө тоскоолдук жараткан деп күнөөлөнүүдө.

АКШнын Юстиция министрлиги май айында Роберт Мюллерди шайлоо чырын иликтей турган атайын прокурор кылып дайындаган. Конгресстин бир нече комитети да Орусиянын президенттик шайлоого кийлигишүүсү тууралуу удаалаш иликтөө жүргүзүп келген.

Орусиялык адвокат Наталья Весельницкая (солдо) жана АКШ президентинин уулу Дональд
Орусиялык адвокат Наталья Весельницкая (солдо) жана АКШ президентинин уулу Дональд

Мюллердин алгачкы айыптары иликтөөгө жардам берерин Демократиялык партиянын Конгресстеги мүчөсү ​Адам Шифф айтты:

"Орус өкмөтү ортомчулар аркылуу Трамптын шайлоо штабына жана Пол Манафортко байланышканын, Хиллари Клинтон тууралуу маалымат сунушташканын, Трамптын штабы бул идеяны кабыл алууга дилгир болгонун билебиз. "Вашингтон посттун" кабарынан Пол Панафорт да Олег Дерипаска сыяктуу олигархтар аркылуу Кремлге байланышып, акча үчүн шайлоо өнөктүгү тууралуу маалымат сунуштаганы белгилүү болду. Мунун натыйжасында "Ким кимге эмне берди? Манафорт орустарга кандай маалымат сунуш кылмак? Кремлге кандай маалымат зарыл болмок?" деген суроолор жаралат. Андыктан соңку жагдай бул суроолорго жооп берүүгө көмөктөшөт".

Жыл башында АКШнын чалгын кызматтары орус тарап Трампты колдоо максатында хакердик чабуулдар аркылуу Хиллари Клинтондун беделин түшүрүү аракетин көргөн деген тыянагын жарыялашкан. Кремл да, президент Трамп да мындай маалыматтарды башынан бери төгүнгө чыгарып келет.

Быйыл июль айында президенттин тун уулу Дональд, күйөө баласы Жаред Кушнер жана мурдагы штаб башчысы Пол Манафорт шайлоо өнөктүгү маалында орусиялык адвокат Наталия Весельницкая менен жолукканы ачыкка чыккан. Бул кездешүүнү өткөрүүгө себеп болгон электрондук кат алышууларда орус тарап демократтардын талапкери Клинтонду ашкерелеген маалыматтарды Трамптын шайлоо штабына бере алары айтылган. Бирок Дональд Трамптын уулу бул кездешүүдөн шайлоодо колдонууга жарай турган эч нерсе чыкпаганын айткан.

Манафорт "Евромайдан" окуяларынан кийин бийликтен четтетилген мурдагы украин президенти Виктор Януковичке иштегени ачыкка чыккандан кийин, 2016-жылдын август айында Трамптын шайлоо штабын жетектөөнү токтоткон. Июль айында ФБР анын үйүндө иликтөө жүргүзүп, ага айып тагыларын эскерткен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG