Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

АКШдагы шайлоо чыры камакка жетти


АКШда президент Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы Пол Манафорт
АКШда президент Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы Пол Манафорт

АКШда Орусиянын былтыркы президенттик шайлоого кийлигишүүсү боюнча ишти иликтеген атайын прокурордун буйругу менен биринчи шектүүлөр камакка алынды.

АКШда президент Дональд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы Пол Манафорт бүгүн ФБРдин Вашингтондогу кеңсесине өзү келген. “Ассошейтед Пресс” агенттигинин маалыматына караганда, федералдык бийликтердин колуна Манафорттун Рик Гейтс ысымдуу дагы бир кызматташы да түшүп берди. Алар бүгүн сотко алынып барары күтүлүүдө.

Мунун алдында америкалык медиада Орусиянын АКШдагы былтыркы президенттик шайлоого кийлигишүүсү боюнча атайын прокурор жүргүзүп жаткан иликтөөнүн алкагындагы биринчи камоолор бүгүн болушу мүмкүндүгү кабарланып жаткан эле.

Манафортко жана анын кызматташына федералдык чоң жюри АКШга каршы кутумга барган, жалган билдирүү жасаган, акчаны адалдоо максатында кутумга барган, чет өлкөлүк банк эсептери боюнча маалымат берген эмес деген айып койгон.

Манафорт президент Трамптын шайлоо штабынын башчылыгынан былтыр август айында ал кезинде Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичтин Региондор партиясынын пайдасы үчүн лоббисттик ишмердик менен алектенгени тууралуу маалыматтар ачыкка чыккандан кийин кеткен. Ал кандайдыр бир мыйзамсыз иштерге барбаганын билдирген.

Ак үй соңку маалыматтарды азырынча түз комментарийлей элек.

Reuters агенттиги буга чейин өз булагына таянып чоң жюри колдоп добуш берген чечим федералдык судьянын буйругу менен конвертке чапталганын, дүйшөмбү күнү ачылганда гана айып тагылган адамдардын ысымдары белгилүү болоорун жазган.

Мындай жашыруун маалыматтын ачыкка чыгып кетишин сындагандар да бар. Нью-Жерси штатынын губернатору Крис Кристи CBS телеканалындагы интервьюсунда муну атүгүл мыйзам бузуу деп караса болоорун, маалыматтар иликтөөнүн натыйжалуулугу үчүн купуя сакталышы керектигин белгиледи:

- Чоң жюринин ишмердиги тууралуу маалыматтын ачыкка чыгып кетишине каршы мыйзамдар бар. Жюринин иш-аракеттеринен кабардар болушубузду, ал маалыматты ким таратканына жараша, кылмыш деп эсептесе болот.

Атайын прокурор Роберт Мюллер май айында Орусиянын АКШдагы былтыркы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишүүсүн жана президент Дональд Трамптын кампаниясынын же өткөөл командасынын Москва менен байланыштарын териштирип чыгуу үчүн Юстиция министрлиги тарабынан дайындалган.

Роберт Мюллер.
Роберт Мюллер.

Анын алдында Трамп Федералдык иликтөө бюросунун башчысы Жеймс Комини кызматтан алган эле. Прокурор ошондой эле сот адилеттүүлүгүнө түзүлгөн ыктымал тоскоолдуктарды иликтөөдө.

Трамп Орусия менен кандайдыр бир кутумга барганын карандай калп деп танып келе жатат.

Жекшембиде президент "Твиттерде" Демократтарга, бир жыл мурун жеңген атаандашы Хиллари Клинтонго кайрадан чабуул койду.

“...Демократтар жок жерден бизди мокочо кылып, муну өздөрүнүн карасанатай саясий максаттарына пайдаланып жатышат...” , “...Демократтар/Клинтондун айыптары ачыкка чыгып жатат. Бир нерсе кылгыла!.. – деп жазды Трамп.

Сынчылар болсо Трамп элдин көңүлүн Орусия иликтөөсүнөн Клинтонго бурууну көздөөдө дешет.

Доналд Трамп.
Доналд Трамп.

Январда америкалык атайын кызматтар Орусия бийлиги Трампка шайлоону жеңүүгө жардам берүүгө аракеттенген деген тыянакка келишкен.

Москва болсо шайлоого кийлигишкен деген айыптарды четке кагууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG