Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:46

Трамп Манафортко айып коюлушуна Твиттерден жооп берди


Президент Дональд Трамп жана Пол Манафорт (ортодо) Республикалык партиянын курултайында. 21-июль, 2016-жыл.
Президент Дональд Трамп жана Пол Манафорт (ортодо) Республикалык партиянын курултайында. 21-июль, 2016-жыл.

Мурдагы штаб башчысы Пол Манафортко каршы айыптоо актысында анын быйылкы жылдагы ыктымал иштери да камтылганы менен президент Дональд Трамп Твиттер баракчасына “бул окуя Манафорт Трамптын шайлоо штабына кошулганга чейин жылдар мурда болгон,” - деп жазды.

Ал ошондой эле президенттик шайлоодогу атаандашы Хиллари Клинтондун туура эмес иштерине "эмне үчүн көңүл бурулган жок" деп да суроо коёт.

30-октябрда белгилүү болгондой президент Дональд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы Пол Манафорт Украина менен мамилесинде АКШны алдоо үчүн кутумга барган деп айыпталууда.

30-октябрда Манафорт ФБРдин Вашингтондогу кеңсесине өзү келди.

“Ассошиэйтед Пресс” агенттигинин маалыматына караганда, федералдык бийликтердин колуна Манафорттун Рик Гейтс аттуу дагы бир кызматташы да түшүп берди.

Мунун алдында америкалык медиа Орусиянын АКШдагы былтыркы президенттик шайлоого кийлигишүүсү боюнча атайын прокурор жүргүзүп жаткан иликтөөнүн алкагындагы алгачкы камоолор 30-октябрда болушу мүмкүн деп кабарлаган.

Атайын прокурордун кеңсеси билдиргендей, Манафортко жана анын кызматташына федералдык чоң жюри "АКШга каршы кутумга барган, жалган билдирүү жасаган, акчаны адалдоо максатында кутумга барган, чет өлкөлүк банк эсептери боюнча маалымат берген эмес" деген айып койгон.

Манафорт президент Трамптын шайлоо штабынын башчылыгынан былтыр август айында, Украинанын мурдагы орусиячыл президенти Виктор Януковичтин "Региондор" партиясынын пайдасы үчүн лоббисттик ишмердик менен алектенгени тууралуу маалыматтар ачыкка чыккандан кийин кеткен. Ал кандайдыр бир мыйзамсыз иштерге барбаганын билдирген.

Айыптоо кортундусунда Манафорт жана анын кызматташы Гейтс Виктор Януковичтен аткарган иштери үчүн "он миллиондогон доллар киреше" алганы айтылган.

2016-жылкы президенттик шайлоого Орусия кийлигишти деген ырастоолорду жана президент Дональд Трамптын ошол кездеги шайлоо штабынын Орусия менен ыктымал байланыштарын иликтөө үчүн Юстиция министрлиги ФБРдин мурдагы башчысы Роберт Мюллерди атайын прокурорлукка быйыл май айында дайындаган.

30-октябрда жарыяланган соттук документтер президент Трамптын шайлоо штабынын мурдагы кеңешчиси Жорж Пападопулос Орусия менен байланыштары боюнча ФБРге калп айтканын моюнга алганын да ачыктады.

Пападопулоско каршы айыптоо кортундусунда “анын жалган билдирүүлөрү ФБРдин Орусия өкмөтүнүн 2016-жылкы президенттик шайлоого кийлигишүү аракеттеринде Трамптын шайлоо штабына тиешелүү адамдар менен байланыш же координация бардыгы боюнча иликтөөсүнө жолтоо кылганы” көргөзүлгөн.

Президент Дональд Трамп анын шайлоо штабынын Орусия менен ыктымал байланыштарын такай четке кагып жүрөт.

АКШдагы шайлоо жараянга кийлигишти деген ырастоолорду Кремль да төгүндөп келет. (UE)

XS
SM
MD
LG