Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:37

Путин төртүнчү ирет Орусиянын президенттигине киришти


Владимир Путин Кремлде инагурацияга келаткан учур. 7-май, 2018-жыл.
Владимир Путин Кремлде инагурацияга келаткан учур. 7-май, 2018-жыл.

Кремлде Владимир Путин ант берип, Орусиянын мамлекет башчысынын кызматына киришти.

Ант бергенден кийин ал кыскача сөз сүйлөп, Кремлдин борбордук аянтына чыкты. Ал жерде президент Кремль полкунун парадын кабыл алат. Андан кийин Благовещенск чоң чиркөөсүндө атайын жөрөлгөгө катышат.

Бүгүн эле Путин Мамлекеттик Думага жаңы өкмөт башчынын талапкерлигин көрсөтүшү күтүлүп жатат.

5-майда Орусиянын он чакты шаарында “Ал бизге падыша эмес” аттуу нааразылык акциялары өтүп, кармалган адамдардын саны 1600дөн ашканы жарыяланды.

Булардын ичинен Москвада 704 кишини, Санкт-Петербург шаарында 229 адамды полиция кармап кеткен. Челябинскте болсо митингдин 164 катышуучусу кармалган.

18-марттагы шайлоодо Путин шайлоочулардын 76,69% добушун алган. 65 жаштагы Путин 1999-жылы бийлик башына келген.

“Левада борборунун” социологдору инагурациянын алдында Владимир Путиндин бийликте тургандагы жетишкендиктери менен кемчиликтери жөнүндө сурамжылоо жүргүзүшкөн. Суралгандардын 47% “Орусияга улуу держава макамынын кайтарылышын” Путиндин жеңиши катары баалашкан. Ал эми жооп бергендерин 45% социалдык көйгөйлөр жана кирешенин теңсиз бөлүштүрүлүшү үчүн Путинди сындашкан.

XS
SM
MD
LG