Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:23

"Путин ажыдаар Путинди жеңе албайт"


Борис Ельцин менен Владимир Путин. 31-декабрь, 1999-жыл
Борис Ельцин менен Владимир Путин. 31-декабрь, 1999-жыл

18-мартта өтө турган Орусиядагы президенттик шайлоону утурлай режиссер-документалист Виталий Манский Владимир Путиндин бийликке келиши тууралуу даректүү фильм тартуулаганы турат. Уникалдуу хроника 2000-жылдын 26-мартында, Путин биринчи жолу шайлоодо жеңген күнү болгон окуяларды чагылдырат.

1999-жылдын 31-декабры. Президент Борис Ельцин орусиялыктарды Жаңы жыл майрамы менен куттуктап жатып, кызматынан кетээрин күтүүсүз жарыялаган. Ошондо Федералдык коопсуздук кыматынын (ФСБ) башчысы Владимир Путин президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Анын шайлоо штабын болсо азыркы өкмөт башчы Дмитрий Медведев жетектеген.

Виталий Манский "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун «Настоящее время» телеканалына берген интервьюсунда фильмдин азыр чыгып жатышы бекер жеринен эместигин айтат:

Владимир Путин менен режиссер Виталий Манский, 6-март, 2000-жыл
Владимир Путин менен режиссер Виталий Манский, 6-март, 2000-жыл

- Балким, бул акыркы поезд, акыркы вагон. Бардыгын айтып үлгүрүп калыш керек, бардыгы мурункудай эле актуалдуу, кансырап, ооруп турат. Ушул сенектик 24 жылга созулаарын ошондо ким билиптир... 24 жыл болсо түбөлүк дегенди билдирет.

Фильмде көрүүчүлөр "Путинди президент болууга көндүрүү керек беле?", "Ельцин жаңы шайланган мамлекет башчынын телефон чалуусун канча күткөн?", "Ал күнү шайлоо штабында эмнелер болуп жатты?", "Борис Немцов НТВ каналынын эфиринде эмне деп айтты эле?" деген өңдүү суроолорго жооп алышмакчы.

Автор тасманын аталышы да бекитиле электигин, азырынча «Путин. Күбөлөр» деп аталганын, балким, «Путиндин күбөлөрү» деп өзгөртүлөөрүн кошумчалайт.

«Настоящее время» телеканалынан тышкары, долбоорго Чехиянын мамлекеттик телевидениеси, Швейцария жана Латвиянын телеканалдары, бир катар өлкөлөрдүн кинофонддору катышууда.

Тасманы көргөзөбүз дегендер көп, бирок анын негизги аудиториясы болгон орусиялык көрөрмандарга качан жетээри белгисиз. Манский 2000-жылы төрөлгөн жаштар фильмди көргөн соң, аны жакшылап түшүнүп, жан-дүйнөсүнөн өткөргөндөн кийин бүгүнкү, үмүтсүз Орусиянын парадигмасын өзгөртө алышат деп ишенерин айтат:

- 2018-жылы Путин жок десек болот. Бул кан менен эттен жаратылган адам эмес. Бул – Путин өзү да жеңе албаган Шварцтын пьесасындагыдай ажыдаар. Менимче, Путинде бийлик калбай калган. Бир күнү ойгонуп туруп канчалаган ката кетиргенин, аларды оңдоо керектигин миң жолу түшүнсө да, Орусияны жетектеген ажыдаар Путинди жеңе албайт. Ушунусу - эң өкүнүчтүү.

Фильмден алынган кадр. 2000-жылдагы президенттик шайлоо. Путиндин штабы.
Фильмден алынган кадр. 2000-жылдагы президенттик шайлоо. Путиндин штабы.

Фильмде СССРдин алгачкы жана акыркы президенти Михаил Горбачев да көргөзүлөт. Манский аны менен да жакындан тааныш болгонун, Ельцин менен Путинден айырмаланып, бийликте кыска убакыт тургандыктан адамдык сапаттарын көбүрөөк сактап калганын айтат:

- Демократиялык өлкөлөрдүн конституциялары коомду бийликти жакшы көрүп калып, колдон чыгаргысы келбеген ыктымал диктаторлордон гана коргобостон, адамды да, ошол диктаторлорду да эки мөөнөт менен чектеп бийликтен коргойт. Демократиялык мамлекеттерде ошол мөөнөт 6-8 жыл эмес, 4 жыл болот. Себеби 8 жыл бийликте отуруу – чоң сыноо, ар бир адам эле андан өтө албайт.

Режиссер Путиндин ушундай болуп калышына, элдин азыркыдай абалда жашап жатышына орусиялыктардын бардыгы күнөөлүү деп эсептейт.

Даректүү тасма 15-мартта «Настоящее время» телеканалында Москва убактысы боюнча саат 23.00 көргөзүлмөкчү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG