Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:22

ПАРНАС демократ талапкерлерди шайлоодон баш тартууга чакырды


Орусиядагы оппозициялык Элдик эркиндик партиясы (ПАРНАС) президенттикке ат салышып жаткан талапкерлердин арасынан демократияны баалагандарды шайлоого катышуудан баш тартууга чакырды. Партия мындай кайрылууну 3-мартта кабыл алганын саясий кеңеш жарыялады.

Билдирүүдө 18-мартта өтө турган президенттик шайлоо "Конституция эрежелеринен алыс, акыйкатсыз болору" айтылат. Андан тышкары шайлоого келгендер бюллетенге өзү кимди президент катары көргүсү келсе, ошонун аты-жөнүн жазып коюшу керектиги белгиленет. Эреже боюнча, мындай бюллетен жараксыз болот.

Президенттик орунга сегиз адам ат салышууда. Арасында азыркы мамлекет башчы Владимир Путин да бар. Ал төртүнчү мөөнөткө барууга камынууда.

Талапкерлердин ичинде Ксения Собчак менен Григорий Явлинский демократиялык көз караштагы саясатчылар катары сыпатталууда.

Оппозиционер Алексей Навальный соттуулугу бар болгону үчүн талапкерликке катталган эмес. Анын тарапкерлери шайлоого бойкот жарыялоого үгүттөп жатышат.

XS
SM
MD
LG