Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:32

Орусия: "шайлоочулардын көтөрүлүшү"


Оппозициячыл активист Алексей Навальныйды Мосвадагы жүрүшкө кошулгандан көп өтпөй полиция кармап кетти, 28-январь 2018-жыл.
Оппозициячыл активист Алексей Навальныйды Мосвадагы жүрүшкө кошулгандан көп өтпөй полиция кармап кетти, 28-январь 2018-жыл.

Жекшембиде Орусиянын ондогон шаарында президенттик шайлоону бойкоттоого чакырган каршылык акциялары өттү. Анда баш-аягы 250дөн ашык демонстрант кармалды. Полиция кармап кеткендердин арасында бул жүрүштүн уюштуруучусу, оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный да бар.

"Шайлоону бойкоттогула", "Путинсиз Орусия" деп ураан чакырган миңдеген демонстранттар жекшембиде жүрүшкө чыгышты.

"Шайлоочулардын көтөрүлүшү" деп аталган каршылык акциясы Москвадан Владивостокко чейинки ондогон шаарларда өттү. Көчөгө чыккандардын көбү 18-мартка белгиленген президенттик шайлоодо чыныгы тандоо жок экенине нааразылык билдиришти:

- Бир талапкердин ичинен бирөөнү тандоо - бул шайлоо эмес. Эгер үйүбүздө отура берсек, эч нерсе өзгөртө албайбыз. Көчөгө чыксак, жок дегенде бир аз үмүт пайда болот, - деди орус баш калаасындагы жүрүшкө катышкан 25 жаштагы Настя.

Президенттик шайлоодон четтетилген оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный уюштурган бүткүл орусиялык жүрүш адаттагыдай эле кармоолор менен коштолду.

Санкт-Петербургда жүрүшкө чыккандар, 28-январь 2018-жыл.
Санкт-Петербургда жүрүшкө чыккандар, 28-январь 2018-жыл.

Акцияга байкоо салган "ОВД-Инфо" көз карандысыз медиа-долбоору орус полициясы кеминде 257 кишини кармаганын кабарлады. Чебоксары шаарында 50, Уфада 45, Кемероводо 31, Москвада 16 киши кармалды. Мындай камоолор Санкт-Петербург, Нижний Новгород, Новосибирск, Томск сыяктуу ондогон шаарларда да катталды.

Орусиянын баш калаасында полиция кармап кеткен демонстранттардын арасында Алексей Навальный да бар. Оппозициячыл саясатчы Москванын борбордук бөлүгүндөгү миң киши катышкан акцияга келери менен аны полиция автобуска салып кетти.

- Мен кармалдым. Бул маанилүү эмес. Тверская көчөсүнө келгиле. Силер мен үчүн эмес, өзүңөр жана өзүңөрдүн келечегиңер үчүн чыгып жатасыңар, - деп жазды Навальный Твиттерге.

Декабрь айында Орусиянын Боршайкому мурда соттолгон деген жүйө менен Навальныйга шайлоого катышууга уруксат берген эмес. 22-январда Москванын соту оппозициячыл саясатчынын шайлоо штабдарынын ишин камсыз кылган "Жылдын бешинчи мезгили" деген фондду жабууга чечим чыгарган.

Орусиядагы шайлоону президент Владимир Путинди “кайра дайындоо” деп мүнөздөгөн Навальный БШКнын анын талапкерлигин четке каккан чечиминен кийин орусиялыктарды добуш бербөөгө үндөгөн. Ал 28-январда Орусиянын токсондон ашык шаарында шайлоону бойкоттоого чакырган акциялар өтөрүн билдирген эле.

Навальныйдын мындай акцияларынан кандай майнап чыгат? Орусиядагы шайлоочулардын укугу үчүн күрөшкөн "Добуш" кыймылынын федералдык кеңешинин мүчөсү Станислав Андрейчук ой бөлүштү:

- Чындыгында кесепети кандай болорун айтуу кыйын. Бойкоттоо чакырыктарынан кандай майнап чыгарын эсептөө оңой эмес. Шайлоодо канча адам бул чакырыкты колдогонун так аныктай албайбыз да. Бирок Навальный үчүн мындан башка жол калбаганы түшүнүктүү. Ал саясатчы катары өзүнүн артында колдоочулары, шайлоочулары бар экенин көрсөтүшү керек. Аны шайлоодо да көрсөтсө болмок. Бирок андан четтетилип калбадыбы.

Жекшемби күнү полиция Навальныйдын "Антикоррупциялык фондунун" Москвадагы кеңсесине кирип келип, андагы телестудияны жаап койду. Бул студиядан Орусиянын аймактарындагы жүрүштөр тууралуу интернетке түз эфирде маалымат берилип жаткан.

Орус полициясы Навальныйдын буга чейинки нааразылык акцияларын да күчкө салып тараткан. 2017-жылдын 26-мартында Орусиянын 100дөй шаарында уюштурулган демонстрацияларда Москванын өзүнөн эле миңден ашуун киши кармалган.

Навальныйдын жекшембидеги жүрүштөрүнүн алдында орус полициясы коомдук тартипти бузгандарга катаал чара көрүлөрүн эскерткен. Маселен 26-январда Орусиянын ички иштер министринин орун басары Александр Горовой "кызыкдар тараптар кырдаалды курчутуп, мыйзамды бузуу аркылуу өзүнө көңүл бурдургусу келет" деп билдирген.

Төртүнчү президенттик мөөнөтүнө шайланып келүүнү көздөп турган Владимир Путин декабрь айындагы жылдык маалымат жыйынында Навальныйды Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилиге салыштырып, алар "саясий кырдаалды курчутууну каалайт" деп айткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG