Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:53

Путин Навальныйды Саакашвилиге салыштырды


Путиндин маалымат жыйыны
Путиндин маалымат жыйыны

Орус лидери Владимир Путин март айындагы президенттик шайлоого өзүн өзү көрсөтүү жолу аркылуу катышарын жарыялады. Ал бейшембиде Москвада 1600дөй жергиликтүү жана чет өлкөлүк журналисттердин суроолоруна жооп берип, оппозициячыл топторду өлкөдөгү туруктуулукту бузгусу келет деп сындады.

"Кийинки президенттик мөөнөткө эмне үчүн баратасыз?", "Эмне себептен оппозиция салмактуу талапкерлерди көрсөтө албайт? Сизге мындай шайлоого катышуу кызыксыз эмеспи?", "Шайлоодо кайсы тарапка таандык болосуз?" Владимир Путиндин жылдык маалымат жыйынынын алгачкы бөлүгүндө март айындагы президенттик шайлоого байланыштуу мына ушундай суроолор басымдуулук кылды.

Президенттик шайлоо жана оппозиция

Орус лидери аларга жооп берип жатып, бул шайлоого бийликтеги "Бирдиктүү Орусия" партиясынын атынан эмес, өзүн өзү көрсөткөн талапкер катары катышарын жар салды.

Путинге шайлоого барарын айткан журналист, активист Ксения Собчак да суроо берип, Орусияда талапкерлерге бирдей шарт түзүлбөгөнүн сынга алды:

- Бир жылдан бери үгүт жүргүзүп жаткан талапкер Алексей Навальный бар. Ага чындыкка коошпогон кылмыш иши ачылган. Иш жасалма экенин Навальный Европа сотунда далилдеген. Бул соттун өкүмү Орусияда таанылат. Буга карабай ага шайлоого катышууга уруксат берилбей жатат. Мен талапкерлигимди жарыялагандан кийин да өлкө боюнча залдарды ижарага алуу кыйын болуп калды. Мунун баары коркууга байланыштуу. Эл оппозицияда жүрүү - киши колдуу болуу же түрмөгө түшүү менен аякташы мүмкүндүгүн түшүнүшөт. Бийлик эмне үчүн чынчыл атаандашыктан коркот?

Тележурналист Ксения Собчак
Тележурналист Ксения Собчак

Путин болсо Собчактын өзүнүн бул шайлоодо позитивдүү программасы жок экенин, ал "Бардыгына каршы" деген гана ураан менен шайлоого баратканын эске салды. Ал эми Навальныйдын атын атабай туруп, аны Грузиянын экс-президенти, Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвилиге салыштырды.

- Саакашвилидей ондогон адам аянттарыбызда чуркап жүрүшүн каалайсызбы? Сиз атаган адамдар Саакашвилилер, болгону алар Орусияда "чыгарылган". Бир Майдандан экинчи Майданды баштан өткөрүшүбүздү, төңкөрүш аракети болушун каалайсызбы? Биз булардын баарынан өткөнбүз. Мен Орусиянын жарандарынын басымдуу бөлүгү муну каалабай турганын бөркүмдөй көрөм, - деди Путин.

Алексей Навальный болсо өзүн шайлоого катыштырбоо аракети саясий чечим экенин Путин биринчи жолу моюнга алганын Твиттерге жазды.

АКШ-Орусия алакасы

Орус лидери Владимир Путин жылдык маалымат жыйынында Кремл АКШнын былтыркы шайлоосуна кийлигишпегенин дагы бир жолу кайталады. Учурда АКШда былтыркы шайлоо өнөктүгү маалында президент Дональд Трамптын штабы менен Москванын ыктымал байланышы тууралуу бир нече иликтөө жүрүп жатат. Путин Кошмо Штаттардагы оппозицияны шайлоочулардын чечимин сыйлабай жатат деп сындады:

- Мунун баары Трампка каршы чыккан адамдар тарабынан анын ишинин мыйзамдуулугуна шек келтирүү үчүн ойлонуп табылган. Ачык айтайын, бул мен үчүн таң калычтуу. Аны кылган адамдар өз кадамы менен өлкөнүн ички саясий абалына зыян келтирип жатканын билбегендей туюлат.

Ал АКШда Трампка Орусия менен алаканы жакшыртууга мүмкүнчүлүк берилбей жатканын айтты.

Кремль президенттин маалымат жыйынына быйыл рекорддук сандагы журналисттер келгенин кабарлады.
Кремль президенттин маалымат жыйынына быйыл рекорддук сандагы журналисттер келгенин кабарлады.

Украина, Түндүк Корея, Ооганстан жана ЕАЭБ

Владимир Путин Украинанын чыгышындагы жаңжал тууралуу суроолорго жооп берип жатып, аймакта орус аскерлери жок экенин дагы бир жолу кайталады. АКШнын Түндүк Кореяга сокку уруу ыктымалдыгынын кесепети оор болорун, Москва Пхеньяндын өзөктүк макамын кабыл албай турганын айтты.

Экстремисттик топтордун мизин кайратуу багытында Москва ооган өкмөтүнө жардам көрсөтө аларын белгилеп, чөлкөмдүн коопсуздугун сактоо үчүн Кыргызстан менен Тажикстанда орус базалары бар экенин эске салды.

Мындан тышкары Орусияга киргизилген эл аралык санкцияларга карабастан, Евразиялык экономикалык биримдиктин иши туура жолдо баратат деп билдирди.

Шайлоого даярдык

Орус президенти Владимир Путин эл аралык жана жергиликтүү журналисттер менен мындай маалымат жыйынын 2001-жылдан бери өткөрүп келе жатат. Бул жолку жыйын дээрлик төрт саатка созулду. Социалдык тармактарда орус лидери адаттагыдай айрым суроолордон буйтап өткөнүн жазгандар болду.

Орусиялык коомдук ишмер Сергей Алексашенко "Настоящее время" каналына берген маегинде Путин бул жолу кескин билдирүүлөрдү айтуудан карманганын белгиледи.

Политтехнолог Виталий Шкляров бул маалымат жыйынын Владимир Путиндин президенттик шайлоо өнөктүгүнүн бир бөлүгү катары баалады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG