Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:00

Орусияда "жагымсыз уюмдардын" сайттары жабыла баштады


“Роскомнадзор” Юстиция министрлигинин "кара тизмесине" илинген уюмдардын сайттарын блоктой баштады. Ноябрда Орусиянын Мамлекеттик думасы Башкы прокуратурага бийликке “жагымсыз уюмдардын” сайттарына соттун чечимисиз бөгөт коюуга уруксат берген мыйзамды кабыл алган. Бул кадам сөз эркиндигине каршы бийликтин дагы бир аракети катары бааланууда.

12-декабрда “Роскомнадзордун” сайтында жарыяланган билдирүүгө караганда, Орусиянын Башкы прокуратурасы мекемеден бардык “жагымсыз” уюмдардын сайттарына бөгөт коюуну талап кылган. Бардыгы болуп өлкөдө ошондой 11 уюм бар. "Кара тизмеге" Демократияны колдоо улуттук фонду, Ачык коом институту, Британияда катталган “Ачык Орусия” уюму жана башкалар киргизилген.

Дүйшөмбү күнү “Роскомнадзор” мурдагы олигарх Михаил Ходорковский негиздеген “Ачык Орусия” кыймылынын бир нече сайтын блоктоп салган. Бул кадамды мекеме ал сайт “массалык башаламандыкка, экстремисттик иш-аракеттерге, тартип бузуу менен өткөрүлүп жаткан массалык иш-чараларга катышууга үндөгөн материалдарды чыгарган, Орусия аймагында “жагымсыз” деп табылган чет өлкөлүк же эл аралык бейөкмөт уюмдардын маалыматтарын тараткан” деп түшүндүрдү. Эртеси “Одноклассники” популярдуу сайты да “Ачык Орусиянын” сайттагы баракчасына бөгөт койду.

Ходорковский сайттарды блоктоону башкы көзөмөл органынын “кызматтан кыянат пайдалануусу” деп атады.

Ноябрда Орусиянын Мамлекеттик думасы Башкы прокуратурага бийликке “жагымсыз уюмдардын” сайттарына соттун чечимисиз бөгөт коюуга уруксат берген мыйзамды кабыл алган.

"Марттагы президенттик шайлоо алдында улам бир интернет ресурсун блоктоп же мазмунун чектеп турушары боло турган иш", - деп эсептейт юрист Саркис Дарбенян. Анын айтымында, 2012-жылдан бери маалымат тууралуу мыйзамга толуктоолор киргизилип келатат, сайттарга тоскоолдуктар түзүлүүдө. Мунун бардыгы сөз эркиндигине сокку урууда, дейт Дарбенян.

«Ачык Орусия» кыймылынын Орусиянын өзүндөгү мүчөлөрү болсо алардын уюмунун «жагымсыз» деп таанылган структураларга тиешеси жоктугун айтышууда,

Быйыл апрелде Юстиция министрлиги Ходорковский түптөгөн кыймылдын Британияда катталган эки бөлүмүн жана АКШда жайгашкан Азыркы Орусия институтун бийликке «жагымсыз» уюмдардын катарына киргизген.

Ошондо Башкы прокуратуранын өкүлү Александр Куренной бул чечим Орусиядагы кыймылга эч кандай таасир этпесин айткан. Бирок октябрда кыймылдын кеңселеринде жана кызматкерлердин үйлөрүндө тинтүүлөр жүргүзүлгөн. Тергөөчүлөр уюмдун чет өлкөдөн каржыланганынын далилдерин издешкени маалымдалган. Ал эми жакында эле, 9-декабрда 30 чакты полициячы «Ачык Орусиянын» Москвадагы конференциясын үзгүлтүккө учуратышты.

Бир кездери Орусиядагы эң бай олигархтардын бири болгон Ходорковский 2003-жылы камалып, салык төлөөдөн качуу, финансылык көз боемочулук деген айыптар боюнча 10 жыл түрмөдө отуруп чыккан. 2013-жылы президент Путин ага ырайым бергенден кийин өлкөдөн кетип, Батыш Европада жашап жүрөт. Ходорковскийдин сот иштери артында саясат турганы айтылып келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG