Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:12

БШК Навальныйды шайлоого катыштырбай койду


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын президенттикке талапкерлигин каттоодон баш тартты. Саясатчы орусиялыктарды президенттик шайлоого катышпоого жана анын жыйынтыктарын кабыл албоого үгүттөөдө.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы саясатчы Алексей Навальныйдын буга чейин шарттуу соттолгонун негиз кылып, аны президенттикке талапкер катары каттоодон баш тартты.

Жекшембиде Навальныйды колдогон жүрүштөргө Орусиянын 20 шаарында 15 миңден ашык адам катышып, анын жыйынтыгы менен Навальный президенттик талапкер болуш үчүн жетиштүү колдоо тапканын жарыялаган. Ал 24-декабрдын кечинде Борбордук шайлоо комиссиясына тиешелүү документтерди тапшырган.

Алексей Навальныйдын Калининграддагы жолугушуусу. 10-декабрь, 2017-жыл.
Алексей Навальныйдын Калининграддагы жолугушуусу. 10-декабрь, 2017-жыл.

Борбордук шайлоо комисиясынын чечими белгилүү болгондон кийин Алексей Навальный видео кайрылуу жасап, анда жарандарды 2018-жылдын 18-мартында өтө турган шайлоону бойкот кылууга чакырды.

- Орусиянын Конституциясында акыл-эси чектелген жана абактагы адамдар гана талапкерлигин көрсөтө албастыгы так жазылган. Мен бул шайлоого катышууга акым бар. Мага орус соту чыгарган өкүмдү Европа соту мыйзамсыз деп тапкан.

Орусиянын Киров шаардык соту 8-февралда Навальныйды «Кировлес» компаниясынан акча уурдаган деп таап, беш жылга шарттуу кескен. Адам укуктары боюнча Европа соту мындай өкүмдү мыйзамсыз деп тапкан. Андан кийин орус соту ишти экинчи жолу карап чыгып, өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган.

- Жалгыз эле Путин жана ал бирден тандаган талапкерлер шайлоого катышканы жатат, - деди Навальный.

Мындан тышкары Навальный орусиялыктарды президенттик шайлоого катышпоого үгүттөп, шайлоо күнү байкоочу болоорун билдирген. Алардын башкы максаты - элди шайлоонун жыйынтыктарын жана шайланган бийликти кабыл албоого көндүрүү болмокчу.

Жогорку экономика мектебинин саясий илимдер боюнча доценти Александр Кынев Навальныйдын Борбордук шайлоо комиссиясында катталбай калары «мурунтан белгилүү болчу» дейт:

Бул башынан түзүлгөн сценарий. Бийлик Алексей Навальныйды символдуу фигура катары колдонуп жатат.

- Навальный үчүн мындай чечим күтүүсүз болгон жок. Эми ал Орусияда соттошот, анан Европа сотуна кайрылат. Бул башынан түзүлгөн сценарий. Мунун баары чоң маалымат өнөктүгү, коомдук акциялар жана башка жандануу менен коштолот. Навальныйдын талапкер катары катталбай калышы – бул өкмөттөгү системанын болуп жаткан окуяларга өз маалында реакция кыла албай калып жатканы. Биринчиден, система Навальныйга маалымат майданында атайын себептерди өзү түзүп берип жатат. Экинчиден, Жириновский, Зюганов сыяктуу «Думанын карыларынын» жанында Навальный чындыгында жакшы көрүнөт. Эгерде чын эле коомчулукта талкуу, талаш жарата турган талапкерлер болгондо, Навальныйдын жактоочуларынын пайызы, жалпы көрүнүш башкача болмок. Мындайча айтканда, бийлик Алексей Навальныйды символдуу фигура катары колдонуп жатат.

Ал эми жарандык активист жана укук коргоочу Сергей Шаров-Делоне президенттик шайлоодо Навальныйдын эч кандай шансы жок болчу деген ойдо.

Сергей Шаров-Делоне.
Сергей Шаров-Делоне.

- Шайлоонун жана шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүнө таасир этип, бирдей тирешүүгө же болбосо экинчи айлампага чыгууга Навальныйда мүмкүнчүлүк болгон эмес. Ал көрүнүктүү фигура болгону менен реалдуу талапкер эмес. Ал эми анын жалпы Орусия боюнча нааразылыгы өтөт. Балким, Москвада он миң адам чыгат. Бирок андан көп киши чыкпайт. Навальный өзүн басымдуу көпчүлүктүн лидери катары көрсөтө албады. Ал адамдарды кыжырданткан, күмөндүү бир топ сөздөрдү айтып койду. Экинчиден, өлкөдө нааразылык толкуну азайып баратат.

Борбордук шайлоо комиссиясы ишкер Сергей Полонскийди дагы президенттикке талапкер катары каттоодон баш тарткан.

Келерки жылы мартта Орусияда өтчү президенттик шайлоого «Яблоко» партиясынан Григорий Явлинский, «Гражданская инициатива» кыймылынан Ксения Собчак, ЛДПРден Владимир Жириновский талапкер катары чыкты. Ал эми КПРФ партиясы Ленин атындагы совхоздун директору, бир дагы партияга катталбаган Павел Грудининди көрсөткөн.

Президент Владимир Путин өзү деле бул шайлоого өзүн өзү көрсөткөн талапкер катары катышат. Аны «Справедливая Россия» менен «Единая Россия» партиялары колдойт.

Ал эми мурунтан президенттикке талапкер болуп жүргөн Сергей Миронов бул жолу «экинчи орун үчүн жалган талапкерлердин жарышына катышпай тургандыгын» билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG