Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:43

Орусия: митинг алдындагы эскертүү


Өкмөткө каршы митинг, Орусия. 29-апрель, 2017-жыл
Өкмөткө каршы митинг, Орусия. 29-апрель, 2017-жыл

Орус полициясы президенттик шайлоо алдындагы акцияларда мыйзам бузгандарга катаал чара көрүлөрүн эскертти. Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный Орусия боюнча митинг өткөрүүгө белсенип жаткан эле.

Алексей Навальныйдын Орусиянын жүзгө чукул шаарындагы каршылык акцияларына үч күн калганда орус полициясы олуттуу билдирүү менен чыкты.

Орусиянын ички иштер министринин орун басары Александр Горовой Москвадагы бейшембидеги жыйында президенттик шайлоо алдындагы демонстрацияларда мыйзам бузулса, катаал чара көрүлөрүн эскертти:

Орус ички иштер министринин орун басары Александр Горовой.
Орус ички иштер министринин орун басары Александр Горовой.

​- Москва - ар дайым чыныгы саясаттын гана эмес, саясатчы сөрөйлөрдүн да көңүл чордонунда болгон жана боло берет. Кызыкдар тараптар кырдаалды курчутуп, мыйзамды бузуу аркылуу өзүнө көңүл бурдургусу келет, - деди Горовой.

Ушундай эле билдирүүлөр бир жума мурда Орусиянын Улуттук гвардиясында да айтылган. Анда да армия жетекчилери "чагымчыл аракеттерге мыйзам чегинде, бирок катаал аракет көрүлөрүн" айтышкан.

Декабрь айында Орусиянын Боршайкому Алексей Навальныйдын соттуулугун жүйө кармап, ага талапкер болууга уруксат бербей койгон. 18-январда Конституциялык соту да БШКнын чечими боюнча Навальныйдын доо арызын кароодон баш тарткан.

Бийлик өзүн атайылап шайлоого катыштырбай жатканын айткан Навальный 28-январда Орусиянын ондогон шаарларында нааразылык акциясын өткөрүүнү пландап жатат.

Алексей Навальный
Алексей Навальный

​- Бардык өлкөлөрдө тынч жүрүштөр бийликке кысым көрсөтүүнүн абдан күчтүү ыкмасы деп саналат. Же сиз менен биз өз талаптарыбызды айтып көчөгө чыкканды үйрөнөбүз же алар түбөлүккө бизди тоной беришет. 28-январда бүткүл орусиялык каршылык акциясын өткөрүп жатабыз. Себеби он миңдеген адамдардын колунан шайлоо мүмкүнчүлүгүн уурдап алышты. Аларды "силер эч ким эмессиңер" деп, саясий системадан чыгарып коюшту,-деди Навальный 25-январда интернетке жарыялаган видео кайрылуусунда.

Активист Навальный 2018-жылдын 18-мартында өтө турган шайлоону президент Владимир Путинди “кайра дайындоо” катары мүнөздөп, буга чейин орусиялыктарды добуш берүүгө келбөөгө да үндөгөн.

Орусия полициясы Навальный уюштурган нааразылык акцияларын күчкө салып таратып келет. 2017-жылдын 26-мартында Навальный 100дөй шаарда өткөргөн демонстрацияларда Москванын өзүнөн эле миңден ашуун киши кармалган.

Москвада коррупцияга каршы уюштурулган акциядагы камоолор, 12-июнь 2017-жыл.
Москвада коррупцияга каршы уюштурулган акциядагы камоолор, 12-июнь 2017-жыл.

Апта башында Москванын соту анын шайлоо штабдарынын ишин камсыз кылган "Жылдын бешинчи мезгили" деген фондду жабууну буюрду. 15-январда Орусиянын Юстиция министрлиги бул фонд "туура эмес даректи көрсөтүп, мыйзам бузду" деген жүйө менен аны жабууну өтүнүп сотко кайрылган. Навальныйдын аймактардагы штабдарынын кеңселерин дал ушул фонд ижарага алган эле.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы 12-январда президенттикке талапкер болгусу келгендерден арыздарды кабыл алууну токтотту. Маалыматка ылайык, президент Владимир Путин баштаган 20 адам жарышка катышуу ниетин билдирген. Талапкерлердин акыркы тизмеси февраль айында белгилүү болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG