Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:52

Путиндин "кармалбас" ракеталары


Путинlby жылдык кайрылуусу. Москва, 1-март, 2018-жыл.
Путинlby жылдык кайрылуусу. Москва, 1-март, 2018-жыл.

Орусияда президент Владимир Путин жылдык кайрылуусунда өлкөсүнүн эң жаңы өзөктүк куралы менен ракеталарынын мүмкүнчүлүктөрүн да жарыялады.

Талдоочулар президент сөзүнүн аскерий бөлүгү шайлоо алдында ички аудиторияны моблизациялоо максатын көздөгөнүнө көңүл бурушту. Путиндин кайрылуусу мындан он жыл мурдагы видео кадрлар менен коштолгонун аныктап чыккандар да болду. АКШ Путиндин айткандары алар үчүн жаңылык эместигин белгиледи.

Путиндин мактанычы

Путиндин Федералдык жыйындагы быйылкы кайрылуусунун убактысы да, жайы да өзгөртүлдү. Мында Кремл жана анын саясий технологдору алдыдагы президенттик шайлоону эске алышкандай болду.

Буга чейинки 13 кайрылуусунун баарынан узак, дээрлик эки саатка созулган сөзүнүн жүрүшүндө “акыркы он беш жылдан бери жарыша куралданууга” шыкак бергендердин “Орусияны мыйзамсыз санкциялар менен ооздуктоо аракети оңунан чыккан жок” деген Путин өлкөсү стратегиялык куралын, анын ичинде өзөктүк дүрмөт алып жүрүүчү ракеталарын жаңырта алды деп белгиледи:

- Мындай куралга ээ болуу куралдуу күрөш чөйрөсүндө олуттуу артыкчылык берери анык. Аскерий эксперттердин айтымында, анын күчү, кубаты эбегейсиз. Ал эми ылдамдыгы ракетадан жана абадан коргонуунун бүгүнкү системаларына баш бербейт. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда, аны кууп жете албайсың. Дүйнөнүн алдыңкы армиялары бүгүнкү күндүн мындай идеалдуу куралына ээ болууга ушундан улам умтулушат. Урматуу достор, Орусияда мындай курал бар.

"Кармалбас ракеталар"

Путиндин ырастоосунда, 2017-жылдын декабрь айына карата Орусияда “инновациялык өзөктүк энергожабдууну сыноонун көп жылга созулган цикли толугу менен аяктады”.

“Сармат” деп аталган өзөктүк дүрмөт алып жүрүүчү континенттер аралык жаңы оор баллистикалык ракетасын, өзөктүк курал менен суу алдында жүрүүгө жөндөмдүү дронун сыноодон өткөрдү.

Орус президенти ишендиргендей, “Сармат” ракетасы бутага Жер шарынын Түндүк да, Түштүк да уюлунан сокку урууга жөндөмдүү, ага ракетадан коргонуу системаларынын бири да тоскоолдук кыла албайт.

Путин "АКШ Баллистикалык ракеталарга (ABM) каршы келишимден 2002-жылы чыгып, Москванын эскертүүлөрүнө көңүл бурбай койгон соң Орусия өзөктүк арсеналдарын жаңыртууга аргасыз болду" деп ырастады.

Кайрылуунун "аскерий бөлүгүндө" көргөзүлгөн видео тасма.
Кайрылуунун "аскерий бөлүгүндө" көргөзүлгөн видео тасма.

Ал белгилегендей, Орусиянын канаттуу ракеталарынын жаңы тибин дагы эч ким кармай албайт жана алар чексиз аралыкка уча алат.

- Жапыз учуучу, көп байкалбаган жана өзөктүк дүрмөт алып жүрө турган, учуу узактыгы дээрлик чектелбеген, учуу траекториясы күн мурунтан билинген, кармоочу чектердин баарын буйтап өтө алган канаттуу ракеталар абадан жана ракетадан коргонуу боюнча учурдагы жана келечектеги системалардын бирине илинбейт. Мындай нерсе азырынча дүйнөдө эч кимде жок, балким кайсыл бир убакытта пайда болот, бул мезгил ичинде биздин балдар башка дагы бир нерсени ойлоп табат.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:31 0:00
Түз линк

Путиндин бул сөздөрү видео жана компьютерлик түстүү графика менен коштолду. Бирок орусиялык айрым интернет басылмалар кайрылууда 11 жыл мурдагы ролик колдонулганын аныкташты.

Маселен republic.ru сайтынын жазганына караганда, ал континент аралык “Сармат” ракетасына мүнөздөмө бергенде көргөзүлгөн видео 2007-жылдын сентябрында Биринчи каналдын “Падыша-ракета” деген берүүсүндө баллистикалык “Сатана” ракетасын сүрөттөгөн учурда колдонулган.

АКШ: Путиндин айтканы жаңылык эмес

Орус президентинин АКШга багытталган сөзүнө америкалык администрациянын айрым өкүлдөрү комментарий беришти.

Мамлекеттик депараменттин өкүлү Хизер Нойерт “Путин АКШ узактан бери билген, бирок ал өзү төгүндөп жүргөн нерсени ырастады”, - деди.

Нойерттин айтымында, Орусиянын “он жылдан ашуун убакыттан бери куралдын дестабилдештирүүчү системаларын иштеп чыкканы орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимдеги милдеттенмелерин тикелей бузгандыкка жатат”.

- АКШга өзөктүк чабуулду чагылдырган видео анимациянын көргөзүлгөнү тилекке каршы өкүнүчтүү. Биз муну жоопкерчиликтүү эл аралык оюнчунун жүрүм-туруму катары карабайбыз,- деп кошумчалады Нойерт.

Путиндин билдирүүсү алар үчүн таң калычтуу эместигин, АКШ ага “толук даярдыгын” Пентагондун өкүлү Дана Вайт да белгиледи.

Ички аудитория

Көз карандысыз талдоочулар болсо орус президентинин сөздөрү ички да, тышкы да аудиторияга багытталганы менен ириде шайлоочуларды мобилизациялоо максатын көздөгөнүнө көңүл бурушууда:

Андрей Колесников.
Андрей Колесников.

- Согушам деп коркутуу чын-чынында алсыздыктын, шайлоо алдында ички аудиторияны моблизациялоого башка каражаттын жоктугунан кабар берет. Элдин колдоосун алуу үчүн Путин эми эмнени ойлоп табат деген суроолор болгон. Крымды алды, Донбасс болбой калды, эми дагы кайда барышы керек? Ал өзүнүн чек арасында эле калат, бирок 20-кылымдагыдай согушам деп коркутат. Машиналарды экрандан көргөзгөндө биздин элитабыздын тура калып кол чапканын эске алсак, алардын да акылы тайкыраак деп айтсак болот, - деди “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен маегинде Москвадагы Карнеги борборунун талдоочусу​ Андрей Колесников.

Орусиянын президенттик шайлоосу 18-мартта өтөт. Ага сегиз талапкер катталганы менен президент Владимир Путин оңой эле жеңип чыгары күтүлүүдө.

Путиндин башкы сынчысы, оппозициячыл саясатчы жана антикоррупциячыл активист Алексей Навальный шайлоодон четтетилген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG