Линктер

шаршемби, 19-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 14:48

Путин спортчулардан кечирим сурады


Орусиянын президенти Владимир Путиндин спортчулар менен жолугушуусу.

Орусиянын президенти Владимир Путин орус спортчуларынан кечирим сурады. Кызытма чырынан улам Эл аралык Олимпиада комитети Түштүк Кореяда өтчү кышкы оюндарга 169 спортчуга гана уруксат берген.

Спорт боюнча эл аралык арбитраждык сот орусиялык 28 спортчунун арызын канааттандырды. Допинг колдонгону үчүн өмүрүнүн аягына чейин Олимпиадалардан четтетилген орусиялык 39 спортчу сотко кайрылган.

Сөз болгон 28 атлетке каршы санкциялар жокко чыгарылды, алардын Сочидеги кышкы оюндардагы жеке көрсөткүчтөрү калыбына келтирилет.

Лозаннадагы сот "Эл аралык Олимпиада комитети чогулткан далилдер жетиштүү эмес" деп чечти.

Дагы 11 спортчунун арыздарын сот жарым-жартылай канааттандырды. Алар Пхенчхангдагы оюндарга катышпайт, бирок андан аркы Олимпиадаларга бара алышат.

Жалпысынан сотко 2014-жылы Сочи оюндарында допинг колдонгону үчүн Олимп оюндарынан биротоло четтетилген 43 спортчу кайрылган. Алардын үчөөнүн арызы кийинчерээк каралмакчы. Бир гана спортчу сотко кайрылган эмес.

31-январда президент Путин Түштүк Кореядагы Олимпиадага аттанып жаткан спортчуларга жолугуп, аларды «тышкы басымдан» коргой албаганы үчүн кечирим сурады:

- Спортко жат, эч тиешеси жок нерселер – көрүнүш, кырдаал, саясат жана башкалар аралашып кеткени эки эсе оор. Биз силерди андан коргоп кала албаганыбыз үчүн кечиргиле. Бирок силерде жана бардык спорт ышкыбоздорунда Орусия дайыма таза спорттун идеяларын коргоп келгенинен, мындан ары да коргоорунан күмөн болбошу керек. Эл аралык спорт уюмдарындагы биздин кызматташтар мындай бирикмелерди бир караганда күчтүү жана маанилүү көрүнгөн, айрым мамлекеттердин департаментине айлантпоого аракет кылат деп күтөбүз.

Путиндин спортчулар менен жолугушуусу.
Путиндин спортчулар менен жолугушуусу.

Кызытма чырынан улам Эл аралык Олимпиада комитети Түштүк Кореяда өтө турган кышкы оюндарга катышууга уруксат сурап кайрылган 500 спортчунун 169уна гана уруксат берген. Алар Пхенчхандагы мелдештерге бейтарап желек менен катыша алат.

Былтыр декабрда Эл аралык Олимпиада комитети кызытма чырынан улам Орусиянын командасын кышкы мелдештерден четтеткен. Комитет орус бийлиги спортто кызытма колдонууну «мамлекеттик деңгээлде уюштурганы аныкталды» деп чечкен.

Путин былтыр мартта Орусияда кызытмага каршы система кыйраганын моюнга алган. Анда ал Дүйнөлүк антидопинг агенттигинин жана Ричард Макларендин көз каранды эмес комиссиясынын билдирүүлөрүнө кулак салыш керек экенин айткан. Бирок «орус бийлиги спортто кызытма колдонууну мамлекеттик деңгээлде уюштурган» деген дооматты четке каккан.

Ал эми Орусиядан качып кеткен Григорий Родченков спорттогу кызытма схемасынан Путин өзү кабардар болгонун айтып жүрөт.

«Анткени мындай ишти аткарууга ФСБнын жашыруун кызматын президент гана дайындай алат» дейт Родченков ARD немис телеканалы тарткан даректүү тасмада.

Родченковдун айтымында, кызытма мамлекеттик деңгээлде 2008-жылы Бээжинде, кийин Лондондо өткөн Олимп оюндарында да колдонулган.

Допингге каршы дүйнөлүк агенттиктин иликтөөчүсү Ричард Макларен Орусия кызытма колдонуу программасын мамлекет колдогонун моюнга албаса, анын спортчулары азыркыдан да оор жазага кабыларын эскерткен.

Ричард Макларен.
Ричард Макларен.

Макларендин 2016-жылы июнда жарыялаган иликтөөсүнөн кийин Эл аралык Олимпиада комитети Рио-де-Жанейродогу оюндардан жүзгө жакын орусиялык спортчуну четтеткен. Ал эми декабрда жарыяланган баяндамада Сочиде өткөн кышкы оюндарда миңге чукул орус спортчулары кызытма колдонгону жазылган. Анын жыйынтыгында спортчулардын көбү медалдарынан ажыратылган.

Түштүк Кореядагы кышкы Олимпиада 9-февралда ачылат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG