Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:49

Орус спортчуларынын тагдыры сыноодо


Бүгүн кечинде Эл аралык Олимпиада комитети орусиялык спортчуларды Пхенчангдагы Кышкы оюндарга катыштыруу маселеси боюнча чечимин жарыялайт.

Допингге каршы эл аралык уюму (WADA) Орусияда мамлекеттин колдоосундагы кызытма программасы жолго коюлганын бир нече жылдан бери айтып келет. Ал эми орус расмий өкүлдөрү айыптоолорго жана коллективдүү жазалоого макул эмес.

Эл аралык комитет Орусиянын бүтүндөй командасы же басымдуу бөлүгүн февралда башталып жаткан мелдештерге катышуу укугунан ажыратып коюшу мүмкүн. Бул комитеттин допингге байланышкан алгачкы маанилүү чечими болуп калмакчы.

Буга чейин кызытма колдонгону ачыкка чыгып калган учурларда спорттун тигил же бул түрү боюнча федерациялар айрым бир спортчулардын мелдештерге катышуусун чектечү.

Орусиянын вице премьер-министри Виталий Мутко комитеттин жыйыны алдында Эл аралык хартияны карманууга, коллективдүү жазалоого жеткирбөөгө, айыбы далилденмейинче эч кимди күнөөлөгөнгө болбойт деген принципти унутпоого чакырды.

Чечим Самуэл Шмид жана Денис Освалддын докладына таянып чыгарылмакчы. Освалддын комиссиясы орусиялык спортчулардын Сочиде 2014-жылы болгон Олимпиададагы допинг анализдерин бурмалоону иликтеген. Анын бүтүмүнөн кийин Орусия ондогон медалдардан жана жалпы биринчи орундан кол жууп калды. Бир катар спортчулар өмүрүнүн аягына чейин Олимпиада оюндарына катыша албайт.

Өткөн жылкы Жайкы оюндардын алдында Орусиянын жеңил атлетчилери ат салышуу укугунан ажыратылган. Бул ирет Эл аралык комитет катаң позицияны ээлегендей. Себеби Сочи Олимпиадасында орусиялык спортчулар кызытма колдонгон деген айыптоолор өтө көп болуп келген.

Комитет кандай чечим кабыл албасын, жогоруда сөз болгон спортчулар Түштүк Кореяда 9-25-февралда өтчү мелдештерге катышпайт. Албетте, алар сот аркылуу ал чечимди өзгөртө алса, оюндарга бара алышат.

Эл аралык Олимпиада комитетинин төрагасы Томас Бах чечимин Лозаннадагы пресс-конференцияда бүгүн жергиликтүү саат 19.30да жарыялайт.

Айрым маалыматтар боюнча допинг колдонбогон, “таза” спортчуларга нейтралдуу желектин алдында катышууга уруксат берилиши ыктымал.

Башкача айтканда, орусиялык мамлекеттик белгилер пайдаланбайт, медал тапшыруу учурунда Орусиянын гимни аткарылбайт. Риодогу жайкы оюндарда бир нече спортчу дал ушундай шартта мелдештерге чыккан. Бирок орус расмий адамдары бул жолу мындай вариант сунуш кылынса, анда бүтүндөй курама команда барбайт дешет.

2016-жылы Допингге каршы эл аралык агенттиктин (WADA) комиссиясы Орусиянын олимпиадалык түрлөрүнө катышкан спортчулары мамлекет өзү тескеген кеңири кызытма программасына камтылганын далилдеген. Ал ишке бийликтеги адамдардан тышкары коопсуздук кызматкерлери да катышканы ачыкка чыккан. Атап айтканда, алар Сочидеги оюндар маалында позитивдүү анализдерди алмаштырып турган.

Сентябрда 17 өлкөнүн улуттук антидопинг уюмдары “Сочи Олимпиадасындагы бурмалоолорду жана таза атаандаштык милдеттенмелерин аткарбай жатканын эске алуу менен” Орусияны 2018-жылкы Кышкы оюндардан четтетүүнү талап кылышкан.

Орусия президенти Владимир Путин жана башка жогорку аткаминерлер мамлекеттин допинг иштерине тиешеси жоктугун айтып келатышат. Ноябрдын орто ченинде Путин бул дооматтардын артында ага марттагы президенттик шайлоо алдында кыйынчылык жаратууну көздөгөн АКШ турганын билдирген.

Дмитрий Медведев
Дмитрий Медведев

Премьер-министр Дмитрий Медведев болсо маселелер жок эместигин белгилөө менен, азыркы чуу иште спортко караганда саясат көбүрөөк деп 30-ноябрдагы интервьюсунда айткан.

- Бул өзүнчө бир саясий темага айланган. Допинг бул теманын 30 процентин гана түзөт. Калганынын бардыгы саясий манипуляциялар.

4-декабрдагы пресс-конференцияда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков президент бойкотко каршы, себеби “Эл аралык Олимпиада комитети, эл аралык спорт уюмдары менен кызматташуу жолдорун сактап калууну көздөйт” деп билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG