Линктер

дүйшөмбү, 22-январь, 2018 Бишкек убактысы 04:18

Айсулуунун жети байгеси, ЮНЕСКОго кирген көк бөрү


Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында коло байге алган учур. Париж. Франция. 23.08.2017-ж.

2017 -жылы спорт тармагында болгон орчундуу окуяларды, ийгиликтерди жана өксүктөрдү баяндайбыз.

Быйыл жыл башында Кыргызстандын спортчу кыздары чоң спорттогу ийгилиги менен күйөрмандарын кубандырды.

Эркин күрөш боюнча Орусиядагы эл аралык “Иван Ярыгин-2017” гран-при мелдешинде Айсулуу Тыныбекова алтын медалга ээ болду. Эрежесиз UFC мушташында Валентина Шевченко венесуэлалык атаандашын жеңип, чемпиондук курга жакындады.

27-январда Орусиянын Красноярск шаарында “Иван Ярыгин-2017” эл аралык гран-при мелдешинде Айсулуу Тыныбекова финалда орусиялык Вероника Чумикова менен таймашып, 13:3 эсебинде жеңишке жетти.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков:

- Финалга чейин эки орус, бир монгол кыз менен күрөшүп, Айсулуу бир дагы упай бербей жакшы келаткан. Бардыгын 10:0 эсеби менен же эки далы менен басып, таза жеңишке жетип жатканбыз. Тилекке каршы финалда бир орус кызына үч упай алдырып жиберди, бирок Айсулуу 13 упай алып, аны дагы убакыт бүткөнчө утуп алды.

“Иван Ярыгин-2017”. Финал. Айсулуу Тыныбекова - Вероника Чуиикова 13:3

Бул жеңиш Айсулуу үчүн маанилүү беттештердин бири болду. 2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн жайкы Олимп оюндарында коло байге үчүн күрөштө индиялык Сакши Маликке утулуп калгандан кийинки алгачкы мелдеши жана жеңиши болду.

Дүйнө чемпионатындагы алгачкы коло медал

Айсулуу Тыныбекова Орусиядагы ийгилиги менен гана токтоп калган жок. 2017-жылдын аягына чейин бир катар эл аралык мелдештерди утуп, Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшүнүн тарыхында жогорку жетишкендиктерин камсыздады.

Атап айтканда, февраль айында Швециядагы Klippan Lady Open турниринде күмүш алса, май айында экинчи жолу Азия чемпиону аталды. Бир жумадан кийин эле Азербайжандын Баку шаарында өткөн Ислам шериктештиги оюндарында жеңүүчү болду. Июнь айында Польшанын Варшава шаарында өткөн Poland Open турниринде финалга чейин жеткен. Тилекке каршы таймаш учурунда жаракат алып, күмүш медал тагынды. Ушул мелдеште алган жаракаты кийинки таймаштарында таасир этпей койгон жок.

Эки айдан кийин Франциянын Париж шаарында өткөн дүйнө чемпиондугунда коло медал тагынды. Бул чемпионатта Айсулуу эки атаандашын утуп, жарым финалда тунистик Марва Амриге бир гана упайдын айрмасында (7:8) жеңилип калды. Бирок 3-орун үчүн таймашта кытайлык Нингнинг Ронгду 6:5 эсебинде жыгып, аялдар күрөшүнөн Кыргызстандын тарыхындагы эң жогорку жетишкендикти камсыздады.

58 кг. коло байге үчүн күрөш. Айсулуу Тыныбекова - Нингнинг Ронг (Кытай) 6:5. 23-август, 2017-жыл. Париж. Франция.

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында Айсулуу Тыныбекова күмүш байге алып, жалпысынан 2017-жылда топтогон медалдардын санын жетиге жеткирди (үч алтын, үч күмүш, бир коло).

Айсулуу Тыныбекова алтын медаль менен Орусияны дүңгүрөтсө, дагы бир кызыбыз Валентина Шевченко эрежесиз мушташ боюнча океандын аркы өйүзүнөн январь айынын аягында маанилүү жеңишке ээ болду. Ал UFC алкагында күчтүү делген венесуэлалык Жулиана Пенья менен беттешип, ал дагы экинчи раундда, мөөнөтүнө чейин жеңишке жетти.

Бул утуш кыргызстандыктар арасында кызуу талкууланып, социалдык түйүндө Шевченкону сүрөп, куттуктап, “сары кыз” лакап атын бергендер да болду.

Тыныбекова менен Шевченконун ийгилиги

Шевченко ушул жылдын 9-сентябрында UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону наамы үчүн бразилиялык Аманда Нуньес менен беттешип тилекке каршы жеңилип калды. Канаданын Эдмонте шаарында өткөн таймашта беш раунддун жыйынтыгында бир калыс Шевченкого жеңишти ыйгарса (48-47), эки калыс ушундай эле эсепти Нунестин пайдасына берген. Таймаштан кийин Валентина калыстардын чечимине макул эместигин билдирди.

Бразилиялык Аманда Нунес менен кыргызстандык Валентина Шевченконун таймашы алгач ушул жылы 9-июлга белгиленген. Бирок мелдеш болоруна саналуу сааттар калганда бразилиялык балбан өзүн жаман сезип, таймаш 9-сентябрга жылдырылган.

Аманда Нунес менен Валентина Шевченко жеңил салмактагы чемпиондук (61,235 килограмм) наам үчүн 2016-жылдын март айында беттешип, ал кезде упайлардын айырмасы менен бразилиялык кыз чемпиондук курду алган эле.

Валентина Шевченко учурда 29 жашта, учурда Перу өлкөсүндө машыгат. Таймаштарга Перунун жана Кыргызстандын желектерин көтөрүп чыгат.

Исламиада: Кыргызстан 17 медал алды

Азербайжандын Баку шаарында 12-майдан 22-майга чейин IV Ислам Шериктештиги оюндары болуп өттү. Бул мелдеште Кыргызстандын спортчулары төрт алтын, беш күмүш жана сегиз коло медалга ээ болду.

Алтын байгелерди грек-рим күрөшчү Каныбек Жолчубеков, эркин күрөшчүлөр Муслим Евлаев, Айсулуу Тыныбекова жана дзюдочу Юрий Краковецкий алтын медал тагынды. 2016-жылы Рио Олимпиадасында байгеден куру келген Кыргызстан командасы курамын жаштар менен жаңылап, даярдыкты күчөтөрүн Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирген эле. Андыктан Ислам оюндары бир жылдык реформанын жүрүшүн иш жүзүндө көрсөтүшү керек болчу.

Волейболдогу жаңы тарых

IV Ислам шериктештиги оюндары Кыргызстандын волейболчу кыздарына да тарыхый учур болуп калды. Аялдар арасында волейбол командасы буга чейин эл аралык ири мелдештерде байгелүү орундардан тыш калып келсе бул саам коло медал алганга жетишти.

Жалпысынан турнирге 54 мамлекеттен 3 миңге жакын спортчу катышып, спорттун 23 түрүнөн күч сынашты. Кыргызстан Исламиадага 11 спорттун түрүнөн 68 спортчуну жөнөткөн. Жалпы 17 медал жеңген кыргыз спортчулары 54 мамлекеттин арасынан алдыңкы ондуктун катарына кирип, Казакстан, Түркмөнстан, Иордания, Сауд Арабия, Оман өңдүү өлкөлөрдү артта калтырды.

Дарья Маслова Азиянын эки жолку чемпиону

Быйылкы жылдагы кыргыз спортундагы дагы бир жогорку жетишкендикти жөө күлүк Дарья Маслова көрсөттү. Ал Индиянын Бхубанешвар шаарында өткөн Азия чемпионатында 5 жана 10 миң метр аралыкка чуркоодо жеңип чыгып, Кыргызстанга эки алтын медалды алып келди.

Дагы бир коло медалды бул мелдеште 10 000 метр аралыкка чуркоодо байгелүү орунга Адилет Кыштабеков ээ болду. Жеңил атлетчилер Кыргызстанга келгенден кийин ошол кездеги өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков аларды машыктыруучулары менен кабыл алып, алтын саат тапшырып, спортчуларды мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүүнү тиешелүү мекемелерге тапшырды.

Дарья Маслова Дүйнөлүк Универсиада оюндарынын жеңүүчүсү. Кытай Тайбэйи.23.08.2017
Дарья Маслова Дүйнөлүк Универсиада оюндарынын жеңүүчүсү. Кытай Тайбэйи.23.08.2017

Азия чемпионатынан кийин эле жеңил атлетчи Дарья Маслова Кытай Тайбэйинде өткөн XXIX Бүткүл дүйнөлүк жайкы универсиадада алтын медал утту.

23-август күнү 10 миң метр аралыкка чуркоодо Маслова 33 мүнөт 19,27 секундада чуркап өткөн. Күмүш байгени Индиянын спортчусу Жадхав Санживани Бабур, коло медалды дагы бир индиялык Ай Хосода утуп алды. Бул медал аталган жарыштагы Кыргызстандын алгачкы ири жеңиши. Маслова буга чейин 2015-жылы дал ушул аралыкка жарышууда дүйнөлүк Универсиаданын коло медалын алган.

22 жаштагы Дарья Маслова Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында билим алат.

Күрөш: Айперинин жеңиши

1-августтан 6-августка чейин Финлияндиянын Тампере шаарында өткөн күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпиондугунда кыргыз балбандары бир алтын, үч күмүш жана эки коло байгеге ээ болушту.

Алтын медалды кыз-келиндер күрөшүнөн 72 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Айпери Медет кызы тагынды. Медет кызы бул мелдеште жалпысынан төрт беттеш өткөрүп, бардык атаандаштарын утуп дүйнө чемпиону болду. Ал финалда жапониялык Ясуха Мацуюкини 8:6 эсебинде жеңип алды. Медет кызы дал ушул Мацуюкиге былтыр кадеттер арасында дүйнө чемпиондугунун финалында утулуп, күмүш медал тагынган эле.

Кыз-келиндер күрөшү. 72 кг. Финал. Айпери Медет кызы (Кыргызстан) - Ясуха Мацуюки (Жапония) 8-6.

Дүйнө чемпиондугунан кийин Айпери Медет кызы “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маектешип, чоң спорттогу максаты - Олимпиада оюндарын багындыруу экендигин айтып берген. Маекти бул жерден окуңуз.

Айпери Медет кызы жаштар арасында дүйнө чемпиону болуудан сырткары 2017-жылы чоңдор арасында күч сынашып байгелерге жетти (Ислам Шериктештиги оюндары. 3-орун.12-22-май. Баку.Азербайжан, Жабык имараттагы Азия оюндары. 3-орун. Ашхабад. Түркмөнстан.).

Айпери Медет кызы 18 жашта. Ал 2015-жылы кыздар арасында (кадет) Азия чемпионатында күмүш (65 кг.), 2016-жылы ошол эле курактагылар арасында 70 кг. салмакта Азия чемпиону болуп, дүйнө чемпионатында күмүш медал тагынган.

Акжолдун ызасы...

Тампереде өткөн күрөш боюнча жаштар арасында дүйнө чемпионатында Айпери Медет кызынын алтын байгесинен сырткары Кыргызстандын балбандары беш медал тагынышты.​

Акжол Махмудовдун АКШ балбаны Камал Амеер Бей менен болгон финалдык таймашы. 05.08.2017-ж. Тампере. Финляндия.
Акжол Махмудовдун АКШ балбаны Камал Амеер Бей менен болгон финалдык таймашы. 05.08.2017-ж. Тампере. Финляндия.

Атап айтсак, кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова менен эркектер арасында эркин күрөштөн Акбар Кенжебек уулу коло, грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков (55 кг.), Акжол Махмудов (74 кг.) жана Роман Ким (120 кг.) күмүш медал тагынышты.

Өзгөчө Акжол Махмудовдун АКШ балбаны Камал Амеер Бей менен болгон финалдык таймашы күйөрмандардын бүйүрүн кызытты. Бул беттеште 16:11 эсебинде АКШ балбаны жеңишке жеткен. Анда биринчи айлампадан кийин Акжол ичин басып, бир саамга отуруп калган. Бул учурду айрым күйөрмандар Акжол жаракат алып күрөшө албай калды окшойт деп түкшүмөлдөп жатышкан.

Грек-рим күрөшү. 74 кг. Камал Амеер Бей (АКШ) - Акжол Махмудов (Кыргызстан) 16-11.

Махмудовдун өзү менен байланышканыбызда ал жарым финалда жаракат алып, финалда толук күрөшө албай калганын айтып берди. Ал ошондой эле бул дүйнө чемпиондугу спорттук карьерасында чоң сабак болгонун белгиледи.

- Жарым финалда түрк балбаны менен болгон беттеште кабыргамды оорутуп алып, финалга чейин жакшы калыбыма келе албай койдум. Кускум келип, тамакка табитим тартпай калды. Анын айынан салмак кошпой, финалда жакшы күрөшө албай койдум. Мен ал мелдешке экинчи орунду алыш үчүн барган эмесмин. Биринчи орунду алайын деп жакшы максат койгом. Бирок финалда жакшы күрөшө алган жокмун. Ошол беттештин видеосун түнү менен 100 жолу көрүп чыктым. Бул финалдык таймаш мага чоң сабак болду. Көп катачылыкка жол берипмин. Финалга чейин деле жакшы күрөш көрсөтө албадым. Кудай буюрса Бишкекке барганда мурда кандай машыгып жүргөн болсом машыгууларымды андан дагы жакшыртам. Катачылыктарды жоюунун үстүндө иштейм. Жаштар арасында дагы эки жыл мелдештерге катышам. Алдыда көп максаттар бар.

​Акжол Махмудов уландар (кадеттер) арасында Азиянын эки жолку, дүйнөнүн бир жолку чемпиону, жаштар арасында быйылкы Азия чемпиондугунун жеңүүчүсү.

Ашхабад-2017: Кыргызстан 70 медал топтоду

2017-жылы кыргыз спортчулары арбын медал топтогон мелдештердин бири Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өткөн имарат ичиндеги жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндары болду. Бул мелдеште Кыргызстан 70 медалга ээ болду. Байгелердин 13ү алтын, 20сы күмүш жана 37си коло. Медал алган өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан 8-орунга жайгашты.

Алыш күрөшүнүн классикалык түрүнөн имарат ичиндеги жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндарынын жеңүүчүсү Нурзат Бактияр кызы. 23.09.2017-ж. Ашхабад. Түркмөнстан.
Алыш күрөшүнүн классикалык түрүнөн имарат ичиндеги жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндарынын жеңүүчүсү Нурзат Бактияр кызы. 23.09.2017-ж. Ашхабад. Түркмөнстан.

Алтын байгелерге жиу-житсу спортчусу Абдурахманхажи Муртазалиев, бел боо күрөшүнөн Бекзат Тынчтыкбек уулу, алыш күрөшүнөн Мээрим Момунова, Алтынай Мамарасул кызы, Нурзат Бактияр кызы жана Эсенбек Кудайбердиев, самбочу Бекназар Раимкул уулу, Жамалбек Асылбек уулу, күжүрмөн самбодон Жаныбек Аматов, кикбоксчу Авазбек Аманбеков, бильярддын кураштырма пирамида түрүнөн Ызатбек Ратбеков жана спорттук бийден Алексей Кибкало менен Татьяна Когадей, грек-рим күрөшчүсү Калы Сулайманов ээ болушту.​

Кыргызстандын спортчулары жалпысынан бильярд, ат спорту, жеңил атлетика, салттык күрөш (түркмөн күрөшү), бел боо күрөшү, алыш күрөшү, пахлавани, тай боксу жана спорттук күрөштөн байгелерди алышты.

Оюндарга Азия жана Океания чөлкөмүнөн 64 мамлекеттен жана качкындар командасынан 5500 чамалуу спортчу катышып, спорттун 21 түрүнөн байгелер ойнотулду.

11 күнгө созулган мелдештин жыйынтыгында медал алган өлкөлөрдүн көч башын түркмөнстандык спортчулар жетектеди. Түркмөнстан оюнчулары жалпы 246 медал топтогон. Алардын 85и алтын, 70и күмүш, 86сы коло. 2-орунду Кытай (42 алтын, 32 күмүш, 23 коло), 3-орунду Иран (36 алтын, 23 күмүш, 59 коло), 4-орунду Казакстан (28 алтын, 28 күмүш, 40 коло), 5-катарды Өзбекстан (24 алтын, 33 күмүш, 74 коло) ээледи.

Көк бөрү: жеңилүүнүн ызасы

Көк бөрү оюну боюнча бул жылы эки чоң саамалык коомчулуктун назарын бурду. Биринчиси - Казакстандын Астана шаарында болгон көк бөрүнүн казакча түрү – көкпар боюнча алгачкы дүйнө чемпионаты болсо экинчиси – көк бөрү оюнунун ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине Кыргызстандын атынан катталганы болду.

21-августтан 27-августка чейин Казакстандын Астана шаарында көк бөрүнүн казакча түрү – көкпар боюнча биринчи дүйнө чемпионаты өттү. Эл аралык "Экспо-2017" көргөзмөсүнүн алкагында уюштурулган мелдешке 12 команда: Өзбекстан, Кыргызстан, АКШ, Түркия, Тажикстан, Монголия, Азербайжан, Орусия, Венгрия, Кытай, Ооганстан жана Казакстан катышып, эки тайпага бөлүнүп ойношту. Финалда Казакстан менен Кыргызстандын командасы беттешип 4:1 эсе мелдеш кожоюндары жеңишке жетти.

Оюн жыйынтыгы кыргызстандык күйөрмандар арасында нааразы пикирлерди жаратып, атүгүл социалдык түйүндөрдө, коомчулукта оюнду кыргыздар атайын үй ээлерине берип койду деген бүдөмүк ойлор басымдуулук кылды.

Көк бөрүчүлөр неден жазды? 28.08.2017-ж.

Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти Икрамжан Илмиянов "оюнда оомат казак тарапта болгону менен кыргыз көк бөрүчүлөрү баары бир утулган жок" дейт. Биринчиден, мол тажрыйба алса, экинчиден, башкача эреже менен өткөн көкпарды жеринде мыкты өздөштүрө алды.

Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти Икрамжан Илмиянов. Астана. Казакстан. 27.08.2017-ж.

Кыргызстандын көк бөрү боюнча улуттук курама командасынын жетекчиси Талас Бегалиев муляждын алмаштырылганы Казакстан менен таймашта утулуп калуубуздун бир себеби болду деген оюн айтты:

- 35 килограмм салмактагы улактын муляжы (кеп) менен машыгып, ойноп көнгөнбүз. Тилекке каршы, финалда 40 килограммдан ашуун салмактагы муляж менен ойнодук.

Кыргызстандын көк бөрү боюнча улуттук курама командасынын жетекчиси Талас Бегалиев:

Бул пресс-конференцияда ошондой эле казак калыстары финалдык мелдешке көзөмөл кылганы да айтылды.

Көк бөрү федерациясынын президенти Икрам Илмиянов кыргыз курамасынын мыкты оюнчуларынын бири Манас Ниязовдун Астанага барбай калышы коопсуздуктан улам болгонун, жалпы оюн одоно эреже бузуусуз өткөнүн айтып, "кыргыз тарап оюн жыйынтыгын акчага сатты" деген айыптоолорду четке какты.

Ошондой эле казак курамасында мурда ойногон улакчылар Монголиянын жарандыгын алып, ал өлкө үчүн ойногонун кошумчалады.

Кыргызстан менен Казакстан ортосунда өткөн көк бөрү оюндары эки өлкөнүн элинин өзгөчө назарында болуп келет. Мындан төрт жыл мурун 2013-жылы Астанадагы Азия чемпионатында казакстандык көк бөрүчүлөр 4:2 эсебинде алатоолуктардан жеңишти сууруп кеткен.

Бир жыл мурун болсо Көчмөндөр оюндарында кыргыз улакчылары казак атаандаштарын 15:3 эсебинде уткан.

II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары. 08.09.2016-ж. Көк бөрү. Финал. Кыргызстан - Казакстан 15:3

Быйылкы көк бөрүдө Казакстан оюндун бул түрүнүн эрежелерин кыйла өзгөрткөн. Анда тай казандар алынып, оюндун убактысы жыйырма мүнөткө азайып, тартылчу улактын ордун жасалма муляж менен алмаштырды. Кыргызстандык көк бөрүчүлөр жаңы эрежелер оюндун кооздугун азайтып, спортчулар үчүн ыңгайсыз экенин айтып келишүүдө.

Көк бөрү ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесинде

Көк бөрү улуттук оюну ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине​ Кыргызстандын атынан киргизилди. Бул тууралуу маалымат ЮНЕСКОнун расмий сайтында 7-декабрда жарыяланды.

Маалыматка ылайык, көк бөрү боюнча маселе Түштүк Кореянын Чежу аралында өткөн материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөт аралык комитеттин 12-сессиясында каралган.

Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын аткаруучу директору Султан Бекташев көк бөрү оюнун каттоого документтер 2014-жылы жиберилгенде, кайра толуктоо киргизүү үчүн артка кайтарылып, бул сунуш 2016-жылы 31-мартта кайрадан берилгенин айтып берди.

Көк бөрү оюнунун азыркы эрежесин 1996-жылы кинорежиссерлор Болот Шамшиев жана Темир Дүйшекеев иштеп чыккан. Аталган эреже 2002-жылы негизделген Эл аралык Көк бөрү федерациясынын алгачкы конгрессинде бекитилген. Кыргызстандын Көк бөрү федерациясы болсо 1998-жылы түзүлгөн.

ЮНЕСКОнун расмий сайтындагы көк бөрү оюну тууралуу видео:

Мындан эки жыл мурда көк бөрү Кыргызстандын атынан эмес башка өлкөнүн атынан ЮНЕСКОго катталып калышы мүмкүн деп бир катар активисттер коңгуроо кагып, тынчсыздануусун билдирип чыгышкан эле. Алар көк бөрү оюну ЮНЕСКОнун заттык эмес маданий мурастар тизмесине кыргыздардын улуттук оюну катары катталышы керектигин, ал үчүн өлкө жетекчилери дагы колдоо көрсөтүшү зарылдыгын баса белгилешкен.

Олимпиада чемпиону Талант Дүйшөбаевге II даражадагы «Манас» ордени ыйгарылды

20-ноябрда Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жана экономикалык, социалдык реформаларды өткөрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле кесиптик ишиндеги жогорку жетишкендиктери үчүн" бир катар жарандарды сыйлоо тууралуу жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык II даражадагы «Манас» ордени менен гандбол боюнча олимпиада чемпиону Талант Дүйшөбаев жана президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Фарид Ниязов, III даражадагы «Манас» ордени менен Чүй облустук согуш жана эмгек ардагерлеринин кеңешинин төрагасы Аскарбек Жумагулов, президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов жана Кыргыз-Орусия Славян университетинин «Перевод» илимий борборунун директору Вячеслав Шаповалов сыйланышты.

Ондогон адамдар орден, медаль, "эмгек сиңирген ишмер" наамдарын алышты.

Талант Мушанбетович Дүйшөбаев 1968-жылы 2-июнда Фрунзе шаарында төрөлгөн. СССР, КМШ, Орусия жана Испаниянын улуттук курама комаларында ойногон. 1992-жылы КМШ курамасынын катарында Барселона Олимпиадасында чемпион болгон. 1993-жылы Орусия курамасы менен дүйнө чемпиону аталган. Андан соң Испания жарандыгын алып бул өлкөнүн улуттук курамасы менен 1996 жана 2000-жылдары Олимп оюндарынын коло медалын тагынып, бир нече жолу Европа чемпиондугунда байге уткан.

1994 жана 1996-жылдары дүйнөнүн мыкты гандболчусу наамын алган. 2000-жылы Эл аралык гандбол федерациясы тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоодо XX кылымда планетанын экинчи мыкты гандболчусу деп табылган.

2014-жылдын январь айынан бери Польшанын "Виве" (Кельце) клубунун башкы машыктыруучусу болуп эмгектенип келет. Ошону менен бирге 2014-жылдан 2016-жылга чейин Венгриянын гандбол боюнча эркектер курама командасын машыктырган. 2016-жылдан тартып Польшанын гандбол боюнча эркектердин улуттук курама командасын башкы машыктыруусу.

Гандбол жылдызы Талант Дүйшөбаев тууралуу кабарчыбыз Али Токтакуновдун репортажын көрүңүз. 26.12.2017-ж.

Жаш хоккейчилер

Декабрь айында хоккей боюнча эки эл аралык мелдеш болду. Тогуз жашка чейинки Бишкек шаарынын командасы АКШнын Чикаго шаарында өткөн Barrington Ice Arena 2017 кубогуна катышып, жеңүүчү болуп кайтты. Мелдешке Кыргызстан, АКШ жана Канададан беш команда катышкан. Бишкектик оюнчулар жалпысынан төрт беттеш өткөрүп, алгачкы оюнунда Чикагонун Ice Dogs 2 командасына 7:11 эсебинде жеңилишкен эле. Кийин Чикаго шаарынын курама командасын 9:3, Avalance Chicago командасын 12:2 эсебинде чоң айырма менен утуп, финалда Ice Dogs командасын булиттин эсебинде жеңип кубокко ээ болушту. 5:5 (Булит: 8:7).

Чикагодогу мелдешке катышкан жеткинчек хоккейчилер Бишкекте. 7.12.2017-ж.

Жеткинчек хоккейчилердин мелдешине удаа эле Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы (U-20) Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында өткөн I Азиянын чакырык кубогунда 2-орунду алды. 12-17-декабрь күндөрү өткөн турнирге Кыргызстандын, Малайзиянын, Филиппиндин, Бириккен Араб Эмирлигинин жана Индиянын 20 жашка чейинки улуттук курама командалары катышты. Айлампа тартибинде өткөн мелдеште Кыргызстандын хоккейчилери филиппиндиктерди 12:4, Бириккен Араб Эмирлигинин оюнчуларын 10:2, Индия курама командасын 13:2 эсебинде жеңип чыгып, Малайзиянын командасына 6:1 эсебинде утулуп 2-орунду ээледи.

Иззат Артыковго байланыштуу кызытма чыры чечиле элек

Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн XXXI жайкы Олимп оюндарында коло байге алып, бирок кызытма чырына байланыштуу мелдештен четтеген Иззат Артыковдун маселеси Эл аралык спорттук арбитраждык сотунда каралууда. 11-январда Швециянын Лозанна шаарында алгачкы сот жараяны болгон. Акыркы жыйынтык азырынча белгилүү боло элек.

3-март күнү Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги Иззат Артыковду мамлекеттик стипендия алган спортчулардын тизмесине киргенин жарыялаган. Арбитраждык сот кандай чечим чыгарбасын Артыков жарым жыл бою стипения ала берет деп маалымдалган. Кийинки кварталда ал комиссиянын чечимине ылайык стипения алгандардын тизмесине кошулган жок.

Орусия Кышкы Олимп оюндарынан четтеди

Допинг жаңжалына байланыштуу маселелер 2017-жылы дүйнө коомчулугунун назарын бурган окуялардан болду. Алардын орчундуусу катары орусиялык айрым спортчулардын Олимп оюндарында алган байгесинен кол жууп, Орусиянын улуттук курама командасы Түштүк Кореядагы Кышкы Олимпиададан четтегенин азыноолак баяндап кетели.

2014-жылдагы Сочи оюндарында кызытма колдонгону үчүн 43 спортчу Олимп оюндарынан четтетилип, байгелери алынды. 2017-жылдын октябрь айына чейин эле Орусия 2014-жылы Сочиде болгон Кышкы Олимп оюндарында алган 13 алтын байге менен 1-катарда болуп келген. Андан соң кызытма чырына байланыштуу бир нече спортчу алтын, күмүш жана коло байгелеринен ажырап медал алган өлкөлөрдүн тизмесинде Орусия үч тепкич төмөндөдү. Тогуз алтын, үч күмүш, сегиз коло эсебинде бар Орусия Норвегия, Канада жана АКШ командаларынан кийин 4-орунда жайгашып калды.

Андан сырткары допинг жаңжалынан улам 5-декабрда Эл аралык Олимпиада комитети Орусиянын курама командасын Түштүк Кореянын Пхенчханг шаарында өтө турган Кышкы Олимп оюндарынан да четтетти. Бирок кызытма колдонбогонун далилдеген спортчуларга бейтарап желектин алдында кч сынашууга уруксат берилген. Москва кызытма боюнча дооматтардын артында саясат турганын билдирген.

Орусиялык спортчулар 2018-жылкы кышкы Олимп оюндарына бейтарап желек алдында катышууга даяр. Мындай билдирүү 11-декабрда Орусиянын Олимпиада комитетинин сайтында жарык көрдү.

Атлеттер жеке спорттук дымактан эмес, өз мекени жана жакындары үчүн таймашууну каалашканын билдиришти.

Кышкы Олимп оюндары 9-февралдан 25-февралга чейин Түштүк Кореянын Пхенчханг шаарында өтөт. Ага 84 мамлекеттен катышат. Бул мелдешке алгачкы жолу Эритрея жана Косово мамлекеттери кошулса, Түндүк Корея өлкөсү катышпай турган болду. Бул мелдештерде Кыргызстандан эки спортчу катышары айтылууда.

Алдыда келе жаткан 2018-жыл дагы спорт окуяларына бай. Бул жылы дүйнө коомчулугунун назарын бурган Кышкы Олимп оюндары Түштүк Кореяда өтсө күз айларында Ысык-Көлдө III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары болот. 5-декабрдан 20-декабрга чейин Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында боло турган XVIII Жайкы Азия оюндары өтөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG