Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

Көк бөрүчүлөр казак командасынан утулган себептерин атады


Талас Бегалиев
Талас Бегалиев

Муляждын алмаштырылганы Казакстан менен таймашта утулуп калуубуздун бир себеби болду деп билдирди бүгүн Бишкекте өткөн пресс-конференцияда Кыргызстандын көк бөрү боюнча улуттук курама командасынын жетекчиси Талас Бегалиев:

- 35 килограмм салмактагы улактын муляжы (кеп) менен машыгып, ойноп көнгөнбүз. Тилекке каршы, финалда 40 килограммдан ашуун салмактагы муляж менен ойнодук.

Бул пресс-конференцияда ошондой эле казак калыстары финалдык мелдешке көзөмөл кылганы да айтылды.

Көк бөрү федерациясынын президенти Икрам Илмиянов кыргыз курамасынын мыкты оюнчуларынын бири Манас Ниязовдун Астанага барбай калышы коопсуздуктан улам болгонун, жалпы оюн одоно эреже бузуусуз өткөнүн айтып, "кыргыз тарап оюн жыйынтыгын акчага сатты" деген айыптоолорду четке какты.

Ошондой эле казак курамасында мурда ойногон улакчылар Монголиянын жарандыгын алып, ал өлкө үчүн ойногонун кошумчалады.

27-августта Астанада көк бөрүнүн казакча түрү - көкпар боюнча алгачкы дүйнө чемпиондугунда биринчи орун үчүн Казакстан менен Кыргызстан беттеши казак оюнчуларынын жеңиши менен аяктаган. Казак оюнчулары Кыргызстандын курама командасын 4:1 эсебинде жеңип алган.

Мелдештин башындагы он мүнөттө казактар 3:0 эсебинде алдыга чыккан. Андан кийинки таймда Кыргызстандын эсебине улакты (муляжды) тайказанга Рустам Тыналиев таштап, оюн 3:1 эсебинде уланган. Экинчи бөлүктө казак оюнчулары дагы бир упай топтоп, 20 мүнөттүк оюндун жыйынтыгы 4:1 эсебинде алардын пайдасы менен бүткөн.

Натыйжада Казакстан командасы көкпар боюнча биринчи дүйнө чемпиондугунда жеңүүчү болду. Кыргызстан экинчи орунду алып, күмүш медал алды. Үчүнчү орунга Кытайдын командасын 2:1 эсебинде жеңген тажик оюнчулары чыкты. (ECh)

XS
SM
MD
LG