Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:05

Жаш хоккейчилердин АКШдагы дүбүртү


Бишкек шаарынын хоккей боюнча жеткинчектердин курама командасы "Barrington Ice Arena 2017" кубогунун жеңүүчүсү. Чикаго, АКШ, 5.12.2017-ж.
Бишкек шаарынын хоккей боюнча жеткинчектердин курама командасы "Barrington Ice Arena 2017" кубогунун жеңүүчүсү. Чикаго, АКШ, 5.12.2017-ж.

АКШнын Чикаго шаарында өткөн хоккей боюнча тогуз жашка чейинки балдардын эл аралык мелдешинде Бишкек шаарынын курама командасы жеңүүчү аталды. Алар финалда Чикагонун Ice Dogs командасын буллиттин эсебинде жеңип алды.

Barrington Ice Arena 2017 кубогуна арналган эл аралык мелдеш 1-декабрда башталган. Ушул күнгө чейин 15 оюнчудан турган Бишкек шаарынын тогуз жашка чейинки курама командасы төрт беттеш өткөрдү.

Алгачкы оюнда Бишкектин командасы АКШнын Чикаго шаарынын Ice Dogs-2 командасына 7:11 эсебинде жеңилип калды. Экинчи мелдеш күнүндө кыргыз хоккейчилери биринчи оюндагы мүчүлүштүктөргө жол бербей, Чикаго шаарынын курама командасы менен таймашып, 9:3 эсебинде жеңишке жетти. Үчүнчү мелдеш күнүндө жарым финалдык таймашта бишкектиктер АКШнын Avalance Chicago командасын 12:2 эсебинде чоң айырма менен утуп, финалга чыкты.

Видео Бишкектин хоккей боюнча балдар курама командасынын оюнчусу Нуртемир Сулаймановдун баракчасынан алынды. Жарым финал. "Бишкек" - “Avalance Chicago” 12:2.

5-декабрдын таңында болгон финалдык оюнда бишкектик оюнчулар Чикагонун Ice Dogs командасы менен мелдешкен. Биринчи айлампада 3:0 эсебинде Ice Dogs оюнчулары алдыга чыгышкан. Экинчи айлампада эсеп 4:4 эсебинде теңелди. Үчүнчү айлампада эки команда дагы бирден голду эсептерине жазып, мелдештин негизги убактысында 5:5 эсебинде тең чыгышкан.

Жеңүүчүнү аныктоо үчүн буллит дайындалып, анын натыйжасында 8:7 эсебинде кыргызстандык оюнчулар жеңишке жетти.

Чечүүчү буллит. Видео Бишкек шаарынын хоккей боюнча тогуз жашка чейинки жеткинчектерден куралган командасынын оюнчусу Нуртемир Сулаймановдун баракчасынан алынды.

Советтик хоккейчи, Олимпиаданын үч жолку, дүйнөнүн 10 жолку чемпиону Владислав Третьяктын Түндүк Америкадагы хоккей академиясынын вице-президенти Григорий Бендель жарым финалдык оюндан кийин жеңишке жеткен кыргыз хоккейчилеринин оюнуна жогорку баасын бергенин жазганбыз. Бул тууралуу Бишкек шаарынын курама командасынын оюнчусу Нуртемир Сулаймановдун "Фейсбуктагы" баракчасына жарыялаган видеодон белгилүү болду.

- Азаматтар! Оюндун жыйынтыгына абдан ыраазымын. Чымырканып, күч топтоп, бул оюнда толугу менен үстөмдүк кылышты. Силерге күйөрман болдум.

Григорий Бендель буга чейин Бишкек шаарынын хоккей боюнча балдар курама командасы Чикагодогу турнирде алгачкы атаандаштарына утулуп калгандан кийин жаш оюнчулар менен жолугуп, өз өлкөсүнүн намысын татыктуу коргоого чакырган:

- Алыс жол жүргөнүңөрдү жакшы билем. Командага бир аз эле бир нерсе жетишпей турганын билип турам. Бирок бир нерсени эске алып койгула! Бүгүнкү күндөн тартып силер өз өлкөңөрдүн атынан чыгып жатасыңар. Силер өзүңөрдүн жакшынакай, кичинекей мамлекетиңердин өкүлүсүңөр. Силер өлкөңөрдү жакшы жагынан гана көрсөтүшүңөрдү каалайм! Мени жакшы түшүндүңөр деп ойлойм.

Владислав Третьяктын Түндүк Америкадагы хоккей Академиясынын вице-президенти Грегорий Бенделдин бишкектик хоккейчилерге насааты. 1.12.2017-ж.​

​15 оюнчудан турган Бишкек шаарынын хоккей боюнча тогуз жашка чейинки спортчуларынын курама командасы Чикаго шаарына 30-ноябрда жөнөп кеткен. Балдар Бишкек-Стамбул-Нью-Йорк-Чикаго каттамындагы учак менен дээрлик 17 саат жол жүрүшкөн.

Кыргызстандын Хоккей федерациясынын вице-президенти, Чикагодо ойноп жаткан бишкектик команданын дарбазачысы Элхандын атасы Элзар Болотбеков жолдун алыстыгы хоккейчилерге алгачкы оюнда таасирин тийгизгенин айтып берди:

Бишкектин хоккей боюнча тогуз жашка чейинки курама командасынын дарбазачысы Артем Васильев. Чикаго, АКШ. 3.12.2017-ж.
Бишкектин хоккей боюнча тогуз жашка чейинки курама командасынын дарбазачысы Артем Васильев. Чикаго, АКШ. 3.12.2017-ж.

- Жаш балдар алыска 17 саат бою жол жүрүп, ага кошумча 12 саат күн-түн айырмасынан улам бир аз жергиликтүү шартка көнө албай биринчи оюнунда утулуп калышты. Биринчи жана экинчи айлампада тең ойношкон. Үчүнчү айлампада утулуп калышты (11:7). Бирок алар тез эле көнүп, кийинки беттештеринде жакшы оюн көрсөтүштү.

Бишкек шаарынын хоккей боюнча балдар курама командасын машыктыруучу, Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасынын оюнчусу Саламат Тыналиев жетектеп жүрөт. Жаш хоккейчилерди ата-энелери да коштоп кетишкен. 15 оюнчу менен машыктыруучунун жол киреси менен тамак-ашын Бишкек шаардык мэриясы каржылаган.

Бишкек шаарынын спорттук оюндар боюнча балдардын жана өспүрүмдөрдүн адистештирилген олимпиадалык резервдеги спорт мектебинин директору Мейирхан Аманбековдун айтуусунда, мелдешке үч ай даярдык көрүлдү.

- Мелдешке чакыруу сентябрь айында келген. Ошондон бери машыгып жүрүштү. Мелдеш башталаарына бир жума калганда Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан хоккейчилерге АКШдагы мелдешке катышуу үчүн 1,5 миллион сом бөлүндү. Ал эми беш-алты ата-эне өз чөнтөгүнөн балдарын коштоп Америкага кетишти. Негизинен спортчу балага биринчиден ата-эне жана мамлекет чогуу жардам көрсөтсө жакшы ийгиликтерге жетет экен. Бул мелдешке катышкан спортчуларга дал ошол мисалды келтирсе болот. Негизи спорт менен машыгууну каалаган балдар көп. Баласы бир аз сасык тумоолоп ооруп калса эле машыгууга жибербей койгон ата-энелер бар. Балага биргелешип көңүл бөлүү ушундай ийгиликтерге жетүүгө өбөлгө болот.

Тогуз жашка чейинки Бишкек шаарынын курама командасы акыркы эки жылга жакын убакыттан бери бир топ эл аралык мелдештерге катышып келет. Алардын катарында учурда чет жерден билим алган оюнчулар да бар. Бир жылдан бери бул командада ойноп жүргөн Нуртемир Сулайманов менен Асан Абдыгулов Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы СКА хоккейдик клубунун академиясында билим алып, машыгат. АКШдагы мелдешке ушул оюнчулар дагы кошулган. Кыргызстандын хоккей федерациясынын вице-президенти Элзар Болотбеков бул оюнчулар боюнча маалымат берди:

- Экөө тең азыр АКШдагы мелдешке команда менен кошо барышты. Былтыртан бери бул эки оюнчу СКА академиясында окуп, машыгып жатышат. Америкадагы мелдешке барыш үчүн алардын ата-энелери суранып, макулдук алышты. Чикагодогу мелдешке кетишкенде СКА академиясындагылар абдан таң калышты. Нуртемир менен Асан Орусиядагы алдыңкы хоккей клубдарынын бири болгон СКАда жөн гана окуп, машыкпастан өз жаш курактарында №1, лидер оюнчулардан. Алардан сырткары учурда Бишкек шаарынын курама командасы мыкты оюнчулардан куралган. Негизи хоккей бул командалык оюн. Ошол себептен ар бир оюнчу командабыздын жеңишке жетиши үчүн өзүнүн чоң салымын кошуп жатат. Ар бир жеңиш команданын ар бир оюнчусуна таандык.

Элзар Болотбеков кыргызстандык жаш хоккейчилердин Чикаго шаарындагы мелдешке барганы кыргыз хоккейинин өнүгүшүнө түрткү болорун кошумчалады.

- Хоккейчилердин Америкага барганы боюнча эки түрдүү пикир таралып жатат. Бирөөлөр колдоп жатса, экинчи тарап "ошончо каражатты коротуп баруунун эмне кереги бар эле" деп айтып жатышат. Мен өзүм хоккей менен кичинекей кезимден машыгып келгендиктен жана учурда Хоккей федерациясынын вице-президенти болгондуктан оюнчуларыбыздын Америкага барганы биз үчүн чоң жетишкендик болду деп айта алам. Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовго, Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жетекчиси Рысбек Мааткабыловго жана Кыргызстандын хоккей федерациясынын президенти Анварбек Оморкановго ыраазычылык билдирем. Ошолордун эмгегинин аркасы менен ушул сапарга чыгууга мүмкүн болду. Бул жеке эле балдар хоккейи үчүн эмес, өспүрүмдөр, жаштар жана чоңдор курама командасы үчүн чоң түрткү болду.

Barrington Ice Arena 2017 кубогуна арналган эл аралык мелдешке Кыргызстан, АКШ жана Канададан беш команда катышты.

Жаш хоккейчилердин АКШдагы ийгилиги. Чикаго, АКШ. 3.12.2017-ж.
Жаш хоккейчилердин АКШдагы ийгилиги
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:57 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG