Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:36

UFC: Валентина Шевченко Аманда Нунестен жеңилип калды


Валентина Шевченко
Валентина Шевченко

Бразилиялык Аманда Нунес кыргызстандык Валентина Шевченкону жеңип UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону наамын коргоп калды. Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, беттеш 10-сентябрда Канаданын Эдмонте шаарында өттү. Беш раунддун жыйынтыгында бир калыс Шевченкого жеңишти ыйгарса (48-47), эки калыс ушундай эле эсепти Нунестин пайдасына берген. Таймаштан кийин Валентина калыстардын чечимине макул эместигин билдирди. Валентинанын апасы Елена Белова беттеш жөнүндө Фейсбуктагы баракчасына өз оюн жазып: "Бизден жеңишти уурдап алышты!",- деген пикири менен бөлүштү. Бул беттеш UFC 215 кечесиндеги башкы окуя болду. Андан сырткары бир нече беттештерде жеңүүчүлөр аныкталды.

Бразилиялык Аманда Нунес менен кыргызстандык Валентина Шевченконун таймашы алгач ушул жылы 9-июлга белгиленген. Бирок мелдеш болооруна саналуу сааттар калганда бразилиялык өзүн жаман сезип, ооруканага түшүп, таймаш 9-сентябрга жылдырылган. Аманда Нунес менен Валентина Шевченко жеңил салмактагы чемпиондук(61,235 киллограмм) наам үчүн 2016-жылдын март айында беттешип, ал кезде упайлардын айырмасы менен бразилиялык чемпиондук курду алган эле.

Валентина Шевченко учурда 29 жашта, учурда Перу өлкөсүндө машыгат. Таймаштарга Перунун жана Кыргызстандын желектерин көтөрүп чыгат. Машыктыруучусу - Павел Федотов. Профессионалдык бокста эки жолу беттешке чыгып, экөөнү тең уткан. Муай тай жана кикбоксингден 58 беттеш өткөрүп, эки жолу утулуп, 56 жолу жеңишке жеткен. Таймаштын аралаш түрлөрүнөн (Mixed martial arts) 18 жолу таймашса, анын 14үндө уткан. Абройлуу саналган UFC беттештерине 2015-жылдын декабр айынан бери чыгып келет. Ошол убактан бери беш жолу күч сынашып, үч атаандашын жеңген. (ECh/КЕ)

XS
SM
MD
LG