Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:56

Спортчу кыздардын жеңиши


Айсулуу Тыныбекова. 23-август, 2017-ж. Париж. Франция.
Айсулуу Тыныбекова. 23-август, 2017-ж. Париж. Франция.

Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча дүйнө чемпиондугунда коло медал тагынды. Дагы бир кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова Кытайда өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк универсиадада 10 миң метрге жарышып жеңүүчү аталды.

Франциянын Париж шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн 58 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Айсулуу Тыныбекова 23-августта килемге чыкты. Ал коло байге үчүн беттеште 27 жаштагы кытайлык Нингнинг Ронгду 6:5 эсебинде утуп алды.

Беттештин биринчи бөлүгүндө кытай спортчусу 5:2 эсеби менен алдыга чыгып кетти. Экинчи айлампада Айсулуу төрт упай эсебине жазып, жеңүүчү аталып дүйнө чемпиондугунун коло медалын тагынды.

Айсулуу Тыныбекова жеңишке жетишине шыкак берген күйөрмандарына ыраазычылыгын айтты.

- Урматтуу кыргызстандыктар, мени колдоп, ишенгениңиздерге чоң рахмат айткым келет. Бизге көңүл буруп жаткан мамлекетибизге ыраазычылык билдирем.

58 кг. коло байге үчүн күрөш. Айсулуу Тыныбекова - Нингнинг Ронг (Кытай) 6:5. 23-август, 2017-жыл. Париж. Франция.

Дүйнө чемпиондугунда Айсулуу Тыныбекова жалпысынан төрт беттеш өткөрдү. Алгач 1/8 финалда германиялык Лаура Мертенсти 6:0, чейрек финалда нигериялык Аминат Олувафунмилайо Аденийди 4:3 эсебинде жеңди.

Эң оор таймаш жарым финалда тунистик Марва Амри менен болду. Бул беттеште Тыныбекова бир гана упайдын айырмасында 7:8 эсебинде утулуп, финалга чыкпай калды. Беттештин биринчи айлампасында эки упай менен Марва Амри алдыга чыкты.

Экинчи айлампада Айсулуу үч жолу эки упайдан эсебине жазды. Ал беттештин бүтөөрүнө 40 секунда калганга чейин 6:4 эсебинде алдыда келаткан. Кокусунан тунистик кыз Айсулуунун эбин таап, төрт упайлык ыкма жасап кетти. Андан кийин Айсулуу жеңишке жетүүгө болгон күчүн жумшап, тилекке каршы, бир гана упай алып финалдык таймашка чыкпай калды.

Кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков беттештин жүрүшүндө Айсулуу жаракат алганын маалымдады.

- Айсулуу коло байге үчүн күрөшкө чейин жаракаты бар болчу. Ошондой болсо дагы жеңишке жетти. Биз албетте кубанычтабыз. Мелдешке катышуу үчүн каржылык көрсөткөн өкмөткө ыраазычылык билдиребиз!

58 кг. жарым финал. Айсулуу Тыныбекова (Кыргызстан) - Марва Амри (Тунис) 7:8.

Айсулуу Тыныбекова жаштар арасында Азиянын бир жолку чемпиону. Чоңдор арасында Азиянын эки жолку жеңүүчүсү. Бир нече эл аралык мелдештерди уткан. Эл аралык класстагы спорттун чебери.

Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчиси Алмаз Касенов Айсулуунун бул ийгилиги күрөштүн ушул түрүнөн Кыргызстандагы жогорку жетишкендик экендигин айтты.

- Айсулуу аялдар күрөшүнөн Кыргызстандын тарыхындагы эң жогорку жетишкендикти камсыздады. Коло байге алганы чоң жетишкендик болду. Бир гана өкүнүчтүүсү - финалда күрөшпөй калды. Өзүнүн колунда турган мүмкүнчүлүктү дагы бир жолу коё берип жиберди. Негизгиси коло медал үчүн күрөштө бүт бардык күчүн жумшап, болгон мүнөзүн көрсөтө алды. Айсулуу көп спортчуларга үлгү болду. Анын артынан бир топ таланттуу кыздар өсүп келе жатат.

Бул дүйнө чемпиондугунда Тыныбековадан сырткары Кыргызстандан Назира Марсбек кызы, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова да күч сынашып, бирок байгеге илинбей калышты. Айпери быйыл жаштар арасында дүйнө чемпиону болсо, Мээрим Жуманазарова коло медалды тагынган. Алар быйыл чоңдор арасында алгачкы жолу күчтөрүн сынады.

Быйылкы жылдагы кыргыз спортундагы дагы бир жогорку жетишкендикти жөө күлүк Дарья Маслова көрсөттү. Жеңил атлетчи Дарья Маслова Кытай Тайбэйинде өтүп жаткан XXIX Бүткүл дүйнөлүк жайкы универсиадада алтын медал утту.

23-август күнү 10 миң метр аралыкка чуркоодо Маслова 33 мүнөт 19,27 секундада чуркап өткөн. Күмүш байгени Индиянын спортчусу Жадхав Санживани Бабур, коло медалды дагы бир индиялык Ай Хосода утуп алды. Бул медал аталган жарыштагы Кыргызстандын алгачкы ири жеңиши.

XXIX дүйнөлүк Универсиаданын чемпиону Дарья Маслова. 23-август, 2017-ж. Тайбэй.
XXIX дүйнөлүк Универсиаданын чемпиону Дарья Маслова. 23-август, 2017-ж. Тайбэй.

​Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясынын башкы катчысы Иван Щербаков Дарья акыркы эки жылдан бери бир катар абройлуу эл аралык мелдештерди утканын, алдыда дагы жооптуу жарыштары көп экенин билдирди.

- Дарья Маслова эки жыл мурда дал ушул жайкы Универсиада оюндарынан коло медал тагынган. Быйыл эле Индияда болгон Азия чемпиондугунда 5 миң жана 10 миң метрге чуркап чемпион болду. Ошол ийгилигин дүйнөлүк Универсиада оюндарында кайталаганы кубанычтуу болду. Дарьянын алдыда жооптуу жарыштары көп. Алардын бири 2018-жылдагы Азия оюндарында байге ээси болот деп үмүттөнөбүз.

22 жаштагы Дарья Маслова Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында билим алат.

Тайбэй шаарында өтүп жаткан XXIX Бүткүл дүйнөлүк жайкы универсиадага Кыргызстандан жети спортчу катышууда. Маалыматка караганда спортчулар таэквондо WTF, жеңил атлетика жана дзюдо боюнча мелдештерде күч сынашат. Аларды коштоп төрт машыктыруучу барган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG