Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:49

"Аялзат" берүүсү: Спорт менен алектенген кыз-келиндер тушуккан тоскоолдуктар


Айсулуу Тыныбекова менен Валентина Шевченко.
Айсулуу Тыныбекова менен Валентина Шевченко.

Кыргызстанда канчалык деңгээлде кыз-келиндер спорт аркылуу өзүн таанытып, ийгиликтерге жете алат?

Кыргыз коомчулугу кыздардын чоң спортко аралашуусун колдоого алабы? Тажикстанда карындашын машыгууга жөнөтүүнү каалабаган агалар менен иштеген атайын долбоор кандай ийгиликке жетти? "Аялзат" берүүсүнүн бул жолку чыгарылышы спорт аркылуу гендердик теңчиликке жетүү маселесине арналат.

Жакында Финляндиянын Тампере шаарында 1-августтан 6-августка чейин өткөн күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпиондугунда кыргыз балбандары жакшы ийгиликтерге жетишти. Кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн кыргызстандык үч кыз байге үчүн ат салышты. Анда 67 килограммга чейинки салмакта Мээрим Жуманазарова коло медал тагынды. Ал быйыл жаштар арасында Кытай Тайбэйинде өткөн Азия чемпиондугунда жеңүүчү болгон. Эң оор деп саналган 72 килограммга чейинки салмакта Айпери Медет кызы төрт беттеш өткөрүп, бардык атаандаштарын утуп, дүйнө чемпиону болду.

Ал эми чоң спортко 16 жашынан аралашкан Алтынай Мамарасул кызы эркин жана алыш бел боо күрөшүнөн ийгиликтерге жетишип келатат. Ал өткөн жылы Минск шаарында өткөн Алыш белбоо күрөшү боюнча кыздар арасында 70 кг салмакта дүйнө чемпиондугунда 1-орунду багындырган. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ал күмүш медалга ээ болгон. Алтынай досторунун арты менен спортко аралышып калгандыгын, алгач чөйрөсүндөгү эркек балдар, кийин апасы "күрөш кыздар үчүн эмес" дегендей каршы болгонун, учурда анын ийгилигин баары колдоп чыкканын "Азаттыкка" курган маегинде айтып берди.

- Үйдөгүлөрдөн атам колдоп, апам каршы болуп жүргөн башында. Азыр баары колдоп калышты. Кыздарга бул уят, кыз бала назик болуш керек деп айтчу. Атам спортту түшүнгөндүктөн менин өз эркиме койгон. Жаңыдан спортко аралашып жатканымда, айылда балдар башкача карашчу, азыр, тескерисинче, колдоп калышты.

Кыргызстанда кыз-келиндердин спортко аралашуусуна ачык тоскоолдук болбосо дагы, спортчу кыздын жакындарынын арасында "бул сеники эмес, кыз балага жарашпайт, андан көрө үй оокатын кыл" деген сыяктуу сөздөр айтылбай койбойт. Өзгөчө айылдагы кыздардын шык-жөндөмү машыктыруучу жоктугунан же жакындарынын тыюуларынан улам ачылбай кала берет.

Oxfam биримдигинин Тажикстандагы уюму бир жылдан бери спортко жөндөмү бар кыздардын ушул багытта жолун ачууга багытталган долбоорду ишке ашырып келет. Ага өлкөгө белгилүү спорт чеберлери, машыктыруучулар тартылган.

Мындай долбоорду баштоого тажик үй-бүлөсүндөгү кыздардын спортко катышуусуна ата-энелердин, өзгөчө агалардын каршы чыгышы себеп болгон. Өткөн аптада бул долбоордун өкүлдөрү Кыргызстанга келип, өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, бул жактагы абал менен таанышып кетишти.

Таэквондо менен машыккан кыздар
Таэквондо менен машыккан кыздар

Oxfam (Оксфам) - 17 уюмдун башын бириктирген эл аралык кайрымдуулук уюму. Ал 90дон ашуун мамлекетте иш алып барат.

Аталган уюмдун Тажикстандагы координатору Диана Исмаилова тажик үй-бүлөлөрү денесинин көбүрөөк бөлүгү ачык кийине турган ошол эле көркөм гимнастика, эркин күрөш, сууда сүзүү сыяктуу спорттун түрлөрүнө кыздарын бербей турганын айтып берди.

- Кикбоксинг жана таэквондо федерациясы аялдар арасындагы футбол боюнча долбоорлорду баштаган. Алар өздөрү кыздардын спортко аралашуусу боюнча изилдөө жүргүзгөн. Ошондо бир катар себептер ачыкка чыккан. Азыр Тажикстанда кыз-келиндер арасында таэквондо жана бадминтон (badminton) популярдуу болууда. Таэквондодо кыздар ачык кийинбейт, бадминтон оюнунда болсо оюнчулар бири-бирине жакындашпай, байланыш жок болот.

Тажикстандагы таэквондо жана кикбоксинг федерациясынын орун басары, 2004-жылдагы Олимпиада оюндарынын катышуучусу Наргис Набиева кыздардын спортко аралашуусуна эң оболу агасы каршы чыгаарын, карындашы спорт менен машыкса, агалары уялган учурлар көп экенин айтып берди.

Бул долбоордун дагы бир катышуучусу, бадминтон боюнча машыктыруучу Фарход Рахматов кыздарды спортко аралаштырбай жаткандыктын дагы бир себеби - диний көз карашка байланыштуу деп эсептейт.

- Алысырак айылдарда ата-энеси, агасы диний көз караштан улам дагы кыздарын спорт менен машыгууга жибербейт. Алардын айрымдары эгер кыздар окуса же спорт менен машыкса, анда алар жаман иш кылып жаткандай ойлошот. Мисалы, биз менен чогуу кыздар дагы машыгат. Алардын жаман иш кылганга убактылары да жок. Биз коомчулук эмне дейт деп, ошого көп көңүл бурабыз. Эгер кыздар окуса, ал өзүн өзү камсыз кыла ала турганын ойлошпойт.

Кыргызстанда чоң спортто ийгилик жараткан кыз-келиндер жок эмес. Эркин күрөштөн Айсулуу Тыныбекова, таймаштын аралаш түрлөрү боюнча Валентина Шевченко, жеңил атлетчи Дарья Маслова өңдүү кыздар чыгып келатат.

Кыргызстандык кыз-келиндердин спорттогу орду кандай, тоскоолдуктар жокпу деген суроону Тыныбекованын машыктыруучусу Нурбек Изабековго узаттык:

- Мен машыктыруучу болуп иштегениме жети жылдын жүзу болду. Аялдар күрөшү боюнча иш алып барып жатканда, башында элде түшүнбөстүктөр болгон. Калктын басымдуу бөлүгү мусулман болгондуктан, спортко эмес, кыздардын күрөшкө катышуусу боюнча көз караштар башкача болчу. Ал эми жеңил атлетика, дзюдо сыяктуу спорттун түрлөрүндө андай маселе жок эле. Күрөштө килем үстүндө кийе турган спорттук кийими бир аз ачыгырак. Кийин эл аралык деңгээлде кыздарыбыз жакшы ийгиликтерге жетишкенге байланыштуу элдин көз карашы дагы өзгөрдү. Айсулуу Тыныбекова дагы ошондой кыйынчылыктарга дуушар болгон. Азыр анын артынан жаш кыздар чыгып келатат, азыр колдоо көргөзгөн учурлар көп эле кездешип жатат.

Изабековдун айтымында, мындан 5-6 жыл мурда Кыргызстан боюнча күрөш менен машыккан 25-30 кыз болсо, азыр алардын саны 150дөн ашты.

Эркин күрөштүн бирдиктүү дүйнөсү (United World Wrestling) июль айындагы балбандардын рейтингин жарыялады. Анда кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова 58 кг салмакта дүйнөнүн үч алдыңкы спортчуларынын бири катары ордун сактап калды.
Эркин күрөштүн бирдиктүү дүйнөсү (United World Wrestling) июль айындагы балбандардын рейтингин жарыялады. Анда кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова 58 кг салмакта дүйнөнүн үч алдыңкы спортчуларынын бири катары ордун сактап калды.

​Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын (КМДТСА)
кафедра башчысы Нуриса Мамбеталиеванын белгилешинче, таэквондо менен машыккан кыздар Кыргызстанда да арбын.

Ал ата-энелер, агалары ээрчитип келген учурлар жана эл аралык мелдештерге катышкан кыздар көп экенин белгиледи. Н.Мамбеталиева спорт эркек менен аялдын тең ата сүйлөшүүсүнө шарт түзөт деген ойдо.

Нуриса Мамбеталиева машыктыруу учурунда
Нуриса Мамбеталиева машыктыруу учурунда

- Бизде таэквондо менен машыккан кыздар көп. Кыргызстанда аялдар арасында спорттун бул түрү популярдуу болуп баратат десем болот. Менин байкашымча, башка мусулман өлкөлөрүндөгүдөй бизде тоскоолдуктар жок, ал тургай аялдар группасы, эркектер группасы деп бөлүнбөйт. Баары бирге машыгат. Таэквондо боюнча ар кайсы секцияны келип карасаңыз, сөзсүз кыздар болот. Ата-энелер, тескерисинче, кыздары спорттун бул түрү менен машыгуусун колдойт. Анткени бул - спортто гана эмес жашоосунда, окуусунда, жумушунда өзүнө болгон ишенимди жаратып, тартипке үйрөтөт. Турмушка чыгып кеткен учурда дагы алар көбүнесе машыктыруучу болуп калышат. Бизде 65 пайыз балдар, калганын кыздар түзөт.

Дене тарбия жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматынын жетекчиси Нурдин Султанбаевдин айтымында, учурда элеттик кыздар командалык оюндар боюнча жигердүүлүгүн көргөзүүдө.

- Кыргызстанда кыздарга спортко чектөө бар деп айтсак туура эмес болот. Азыр аялдар жана эркектер арасында спорттук кыймыл тең эле кетип баратат. Гендердик теңдик деген мыйзамдын чегинде аны эске алабыз. Массалык жагынан алсак, бүгүнкү күндө жаш кыздар спорт менен машыга баштады. Аймактарда шарттарга байланыштуу кыз-келиндер спорттук иш-чараларга көп катышпайт. Бирок мектептерде командалык оюндарда баскетбол, волейбол жана башка спорттун түрлөрүндө кыздар аябай жигердүү.

Кыргызстанда кыздардын арасында спортко аралашкандары канча пайызды түзөөрү жөнүндө так маалымат жок. Бирок адистер өлкөдө тоскоолдуктар дээрлик жок экенин белгилеп жатышат жана спорт аркылуу да айымдар теңдикке жетүүсү маанилүү экенин баса айтып келишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG