Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:40

Дене тарбия кирешелүү бизнеске айланды


“Азаттык+” бүгүнкү берүүсүндө ийгиликтин формуласына айланган дене тарбия жөнүндө сөз кылат.

Жай аптабы жакындап, көпчүлүк билек түрө көлдө эс алуунун камын көрүүдө. Жөнөкөй студенттен тарта сахна жылдыздарына чейин фитнес залында жүргөнүн көрүүгө болот. Сары ооз балапандан сакалдуу абышкага чейин багындырган сергек жашоо стили Кыргызстанда модага айландыбы?

Борбордо ар кандай фитнес клубдар, футбол талаалары жана спорт залдары жыл сайын көбөйүп жатат. Мындан улам өлкөдө спорт залын ачкан, кызыккан бизнесмендердин катары калыңдаганы байкалат. Спорттун заманбап түрлөрү жана алардын элге жайылышы тууралуу Урмат Насыкулов мындай деди:

- Бул жаатта Казакстандан артта калдык. Бирок Өзбекстан, Тажикстанга караганда алдыдабыз. Спортко кызыгуу күч. Марафонго өткөн жылы 350 жөө күлүк барса, быйыл 1000дей киши катышты.

Урмат бул бизнеске келгенге чейин эки жыл бою спорт тууралуу телеберүү даярдаган. Кийинчерээк ар кандай иш-чараларды уюштуруп тажрыйба топтогон. Машыгуу залдарынан киреше тапса болорун түшүнгөндө бизнеске ооп кеткен.

Ал эми эстрада ырчысы Куралбек Чокоев соңку кезде сымбаттуу көрүнгүсү келген ырчылар көбөйгөнүн айтты:

- Шоу-бизнес чөйрөсүндө келишимдүү жигиттерди жактырышат. Спортко негизи табити күчтүү адамдар барат. Ушул залга мурда көп ырчы келчү.

Мындан эки жыл мурда кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматын жетектеген Гүлнура Торалиева бүгүн да коомдук иштерден алыстабай бир убакта бир нече долбоордун жүгүн көтөргөн ишкер айым, ошол эле маалда өзүнө кам көрүүгө да убакыт табат. Бир нече ай мурда Гүлнура ишинин көптүгүнө карабай фитнеске барып машыгууну чечкен. Ал мээнетинин акыбети кайтканын айтып берди:

- Адамдын организмине керектүү азык өз убагында жетип турушу абзел. Өтө тез жана кыска убакытта арыктоонун кереги жок. Өзүң каалаган нерседен баш тартпоо керек. Эгер пайдалуу витаминдер болбосо, салмак менен кошо ден соолук да жоголот. Ошон үчүн мен 4 айда 16 килограмм, 5 айда 18 килограмм салмактан арылдым.

Көздөгөн жыйынтыкка жетүүдө машыктыруучунун ролу да маанилүү. Фитнес инструктору Нуриля Барпиева алгач бийге барган. Бирок машыгуу учурунда алган жарааттарынан улам аны таштоого туура келет. Кыймыл-аракетке көнүп алган денеси жай албай, фитнес дүйнөсүнө аралашат. Ал кардарларын көп деле аяй бербейт, анткени чыдамкай адам гана ийгилик багынтарына ишенет.

Ийгилик ачкычы - дене тарбия
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:00 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Аида Бекмуратова

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенти. 

  • 16x9 Image

    Бекзат Бектурган

    Бекзат Бектурган  "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.  

XS
SM
MD
LG