Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:40

Жаш шахматчы Диана Өмүрбекова коло байге утту


Ирандагы шахмат боюнча өспүрүмдөр арасында Азия чемпионатында Кыргызстандын намысын 10 жаш шахматчы коргоп жатат.

24-июнда Ирандын Сари шаарында шахмат боюнча өспүрүмдөр, улан-кыздар арасында Азия чемпионаты улантылды. Мында Кыргызстандын намысын 10 жаш шахматчы коргоп жатат. Акыл таймашына 8, 10,12, 14, 16 жана 18 жашка чейинки курактагы кыздар менен балдар катышууда. Мындан тез ойнолуучу шахмат боюнча да Азия чемпионатынын коло байгесин 14 жаштагы Диана Өмүрбекова жеңип алды. Ал Азия чемпионатында өлкө намысын коргоп, коло медаль утуп алганын устаты Бактыгүл Тиленбаева кубануу менен “Азаттыкка” кабарлады.

Учурда кыргызстандык шахматчылардан Азия чемпионатынын таймаштарында 16 жаштагы Тагир Таалайбеков 7-орунда келатат.

Мыктылардын сабында 14 жаштагы Чыңгыз Исаев, 17 жаштагы Эсенбек уулу Бакай, 2 жаштагы Дария Ли жана 14 жаштагы Диана Өмүрбекова жоон ортодо келатат. Жеңүүчүлөрдү аныктоо үчүн 9 тур акыл таймашы өтүүдө. Чемпиондукту аныктоочу чечүүчү туру 26-июнда өтөт.

Чолпон-Атада шахмат фестивалы

Чолпон-Ата шаарында, «Фонтан» эс алуу борборунда коомдук ишмер Султан Токтогоновдун 100 жылдыгына карата эл аралык шахмат фестивалы өтүп жатат. Ага Казакстан, Өзбекстан, Америка жана Кыргызстандын шахматчылары катышып, "А" жана "Б" тобунда күч сынап жатышат. Мелдештин жеңүүчүлөрү 30-июнда аныкталат.

Астана кубогунда 3 алтын, 3 коло байге

24-июнда Астанадан каратэ чеберлери олжолуу келди. Каратэ-чыгыш өнөрүнүн шинкиокушинкай түрү боюнча Астана кубогу эл аралык турниринде кыргызстандыктар 3 алтын, 3 коло байге утуп келди. Мында Данияр Омоев, Артем Носарев жана Роман Банько баш байгени ээси болду. Баэль Шерматов, Каныкей Касымбекова жана Алинура Султанова коло медаль тагынды.

Астанада оор атлетчилердин Азия чемпионаты

Бул күндөрү Астана шаарында оор атлетика боюнча Азия чемпионаты өтүүдө. Мында өлкө намысын коргогон 69 кило салмакта жаштар арасында Азия биринчилигинин жеңүүчүсү Султан Өмүржан уулу жалпы 245 кило оордукту көтөрүп, 8-орун менен чектелди.

- 25-июнда оор салмакта Сергей Долгалаев күч сынашат. Бишкекте 1-июлда баштала турган жаштар арасындагы Азия чемпионатына даярдык көрүп жаткандыктан, чоюн билек балбандардын көбү Астанага барган жок,-дейт федерациянын вице-президенти Өмүржан Молдодосов.

Мугалимдердин "Ден соолук" спартакиадасы

24-июнда Ысык-Көлдө элге билим берүү кызматкерлеринин “Ден соолук” спартакиадасы улантылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат катчысы Нурдин Султанбаев маалымдады:

- 20-июндан 27-июнга чейин «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийинде билим берүү тармагындагылар арасында ХХ «Ден соолук» спартакиадасы өтүп жатат. Мелдеште 700дөн ашык катышуучу 7 облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан намысын коргоп жатат. Мугалимдер жана окутуучулар (аялдар жана эркектер арасында) спорттун жети түрүндө күч сынашууда.

Азырынча Оштун "Алайы" алдыда

Футболдон өлкөнүн тандалма командаларынын Топ-лигасында кезектеги оюндар өттү. Бишкектеги “Дордой” спорт ордосунда Нарындын “Ала-Тоо” жана Оштун “Алай” командалары беттешип, оштук футболчулар 2:1 эсебинде жеңди.

Өлкөнүн 8 жолку чемпиону “Дордой” клубу да Караколдун “Ысык-Көл” командасын 2:1 эсебинде утту. Кант шаарынын борбордук стадионунда жергиликтүү «Абдыш-Ата» кочкораталык «Нефтчини» кабыл алып, алар 1:1 эсебинде тең чыкты. Бишкектеги футболдук борбордо Таластын «Манас» жана борбордук «Алга» беттешип, мында “алгачылар” 10:0 эсебинде таластыктарды утуп алды.

- Учурда турнирдик таблицанын алдыңкы орунунда 9 оюндан 20 упай алган Оштун «Алай» командасы турат. Андан соң «Дордой» (17 упай) жана 15 упай алган «Алга» командалары келе жатат,-дейт федерациянын басма сөз катчысы Канат Асенов.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG