Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:14

ШАХМАТ ОЛИМПИАДАСЫНДАГЫ КЫРГЫЗСТАНДЫК КЫЗ- КЕЛИНДЕРДИН АЛТЫН МЕДАЛЫ


Кыргызстандык шахматчылар эгемендүү болгондон бери дүйнөлүк 7 олимпиадага катышты. Жакында Испанияда бүткүл дүйнөлүк 36-шахмат олимпиадасы аяктап, кыргызстандык кыз-келиндер командасы өз тобунда алтын байгелүү болушту.

Бүткүл дүйнөлүк шахмат олимпиадасы Испаниянын Калвия шаарында 14-октябрдан 31-октябрга чейин болуп өттү. Шахмат олимпиадасына Кыргызстандан 12 адам барыш керек болсо, каражаттын жетишсиздигинен 8 оюнчуну Спорт чебери Бактыгүл Тиленбаева жетектеп барды. Бардыгы болуп олимпиадага эркектерден 129, аялдардан 87 команда катышты. Алар рейтингине жараша 5 топко бөлүнүп ойноду. Аялдар арасындагы акыл таймашында Кыргызстандын чакан командасы өз тобунда 1-орунду камсыз кылып, алтын медаль алып кайтты. Оюнчулар, спорт чеберлери Жаңыл Тиленбаева, Грета Лим жана Бактыгүл Тиленбаева өлкөнү эл аралык аренада таанытты. Ошондой эле эркектер командасынан кыргызстандык Владимир Ильинский «эл аралык шахмат чебери» болду. Бишкектик Мирлан Турпанов менен Бактыгүл Тиленбаева ФИДЕнин чеберинин таламдарын аткарышты. Бирок, кошумчалай кетүүчү нерсе, бир оюнчу жакшы ийгиликке жетиш үчүн бир жылда 120 партия ойнош керек болсо, ал эми кыргызстандык оюнчулар каражаттын жетишсиздигинен болгону 12 партия ойноп, эл аралык мелдештерге катыша албай жүрүшөт.

Дүйнөлүк шахмат олимпиадасына Кыргызстандын чакан делегациясын жетектеп барып келген Эл аралык шахмат федерациясынын чебери Бактыгүл Тиленбаева мындай дейт:

- Акыркы учурга дейре акча каражаты табылбай, олимпиадага бараарыбыз арсар болуп турдук. Шайланганына 3 ай убакыт болсо дагы өлкөнүн шахмат федерациясынын президенти, Жогорку кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Акылбек Жапаров жүгүрүп жүрүп проблеманын бир тобун чечип берди. Биз Испанияга кеткенде кайра келгенге Москва – Бишкек рейсине билетибиз жок эле. Кийин билет салып жиберишти. “Кыргызстан аба жолдору”, “Итек Эйр” авиакомпаниялары биздин абалыбызга туура түшүнүп, билеттерди 50 пайызга жеңилдик менен бергенине абдан ыраазыбыз. Андан сырткары “Кумтөр оперейтинг” компаниясы абдан чоң жардам берип, көпчүлүк чыгымыбызды көтөрдү. Бул ири компаниялардан сырткары карапайым адамдар да колдорунан келген жардамдарын көрсөтүп, ийгиликке ээ болуп келишибизге көмөктөш болду. Алар “Кыргызпатенттин” директору Роман Оморов, “Дордой” соода комплексинде соода кылган Аниса, Муратов Кубан жана башкалар жакшы жардам беришти.
Ал турнирде,олмипиадада мен жалаң эле шахмат ойнобостон, бөлөк мамлекеттердин шахмат федерацияларынын президенттери менен келишим түзүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздүм. Анткени, жыл сайын жайында Ысыккөлдө шахмат боюнча турнир өткөрүлүп жүрөт. Ал турнирге коңшу мамлекеттерден келип жүрсө, эми алыскы өлкөлөрдөн да оюнчулар келе баштайт.


Кыргызстанда шахматка шыктуу, таланттуу балдар, жаштар арбын. Буга чейин Эрнест Инаркиев Азиянын чемпиону болгондон кийин ага көңүл бурулбагандыктан Орусияга кетип калган. Азыр ал гроссмейстер, Россиядагы эң күчтүү шахматчылардын бири. Болгону 18 жашта. Андан кийин Азиянын биринчилигинде Азамат Козубай уулу 10 жаштагылардын арасында күмүш медалга ээ болгон. Азаматтан кийин Азиянын биринчилигинде Тиленбаева Жаңыл, Сыдыков Асыл күмүш медаль тагынган. Ошондой эле Александра Самаганова, Семетей Төлөгөнтегин коло медалдарды алышкан. Ушул жаштардын ата-энелери дубанадай болуп, ар кайсы жактан каражат таап, ушундай ийгиликтер жаралууда. Эгер Кыргызстанда Өзбекстандагыдай, Казакстандагыдай көңүл бурулганда мындан да чоң ийгиликтер болмок дешет шахмат адистери. Ошондой эле Кыргызстандын шахмат федерациясынын вице-президенти Жекшен Алыбаевге шахмат олимпиадасында «эл аралык класстагы калыс» деген сертификат ыйгарылды.

Кийинки 37-шахмат олимпиадасы 2006-жылы Италиянын Турин шаарында өткөрүлмөк болду. Кыргызстандык шахматчылар жол азабын тартып, 8-ноябрда гана Бишкекке кайтып келишти.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG