Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Эркектер менен эңишкен Халдаркан


Жалалабаддык балбан аял Халдаркан Хакназарова азыр неберелери менен үйдө.
Жалалабаддык балбан аял Халдаркан Хакназарова азыр неберелери менен үйдө.

20 жыл мурда Жалал-Абад жергесинде атагы таш жарган балбан аял Халдаркан Хакназарова азыр 55 жашта. Кезинде эркектерден калышпай улак тартып, эңишке чыгып жүргөн бул киши азыр Ноокендин Киров айылындагы үйүндө неберелерин тарбиялоо менен алек.

Чабандын үй-бүлөсүндө туулгандыктын Халдаркан айым бала чагынан эле жылкынын кулагы менен тең ойноп өсүптүр. 40 жашына чейин ат жалында жүргөн болсо да, жыгылып, бир жерин кокустаткан эмес.

Халдаркан айымдын балбандык доору Совет мезгилинин соңку, эгемендиктин алгачкы жылдарына туш келген. Ошол кезде элдик оюн-зооктордо камчысын оозуна тиштеп, улак тартып, энишке чыгып жургон балбан аял бир да жолу соорунсуз үйгө келген эмес.

- 1988-жылдан тарта чыга баштадым, Нооруздарда чыгып жүрдүм эңишке. Соорунга кой, акча сайып беришчү. 10 жылдай жүрдүм эңишип… Аялдар менен да чыктым, эркектер менен да чыктым. Ушул маалга чейин бирөө мени ута элек. Азыр болсо азыр да чыга берем, - дейт Халдаркан айым.

Бул киши менен баарлашып отуруп, анын эркек мүнөзүн, сөздү таамай айтаарын байкайсың. Ошол эле учурда аялзатка таандык жылдыз да жок эмес. Алтымышка карап калса да өзүнө жарашыктуу бойонуп жүрүүнү унутпайт.

Жолдошунан эрте ажыраган балбан аял бир уул, бир кызды жалгыз тарбиялап, үйлүү-жайлуу кылыптыр. Замандын агымына жарашабы, айтор балдары ишкердикти тандашкан. Ошондуктан, беш-алты жылдан бери Халдаркан айым жылкы бакпай калыптыр.

Балбан жердешин ноокендиктер азырга чейин аңыз сөз кылышат. Айылдашы Асылбек Текебаевдин айтымында, 1996-жылы Ноокенде Манастын 1000 жылдык мааракесин белгилөө учурунда Халдаркан Хакназарова менен күч сынашканы эч ким чыкпай койгон экен:

- Чындыгында күчтүү аял. Манастын миң жылдыгы белгиленип жатканда, Халдаркан эже менен күч сынашканга бир да эркек чыкпай койгон. Стадиондо 20 мүнөттөй атта атаандаш күтүп турганы эсимде.

Кезинде району менен облусунун атагын чыгарган балбан аялга жергиликтүү бийлик болсун, мамлекет тараптан болсун алкоо айтылбаганына көпчүлүк капа болуп жүргөнүн кулак чалды. Кала берсе райондук ардактуу атуул деген наамды да буюрбаптыр. «Мага эч кандай наамдын кереги жок, айылдарда ат спортун өнүктүрө турган майдан ачып беришсе, спортун бул түрүнө кызыккан кыз-келиндерди колдоого көнүл бурушса, ошонун өзү жетет мага», - дейт Халдаркан балбан.

- Эгерде жогору жактан ушундай көңул буруулар болсо, кыздардан, келиндерден чыгарат элек. Ошондой мүмкүнчүлүк жаратып беришсе, устаттык милдетти мойнума алат элем.

Халдаркан балбандын көнүлүн ооруткан дагы бир нерсе - ат жалында эркектерден кем калышпай ойногон кыз-келиндер соңку мезгилде азайып баратканы. «Андайлар сейрек, аларды жазып, же теледен көрсөтүп да коюшпайт. А тургай жергиликтүү бийликтегилер бизди 8-мартта куттуктаганын да эстей албайм»,- дейт балбан айым.
XS
SM
MD
LG