Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:22

Күрөш: Айперинин жеңиши, Акжолдун ызасы...


Акжол Махмудовдун АКШ балбаны Камал Амеер Бей менен болгон финалдык таймашы.
Акжол Махмудовдун АКШ балбаны Камал Амеер Бей менен болгон финалдык таймашы.

Финлияндиянын Тампере шаарында өткөн күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпиондугунда кыргыз балбандары бир алтын, үч күмүш жана эки коло байгеге ээ болушту.

Спорттук күрөш боюнча (грек-рим күрөшү, эркектер жана кыздар арасында эркин күрөш) жаштар арасындагы дүйнө чемпиондугу 1-августтан 6-августка чейин өттү. Эркектер арасында эркин күрөштөн жети балбан Кыргызстандын атынан килемге чыгышты. Алардын арасынан 50 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Акбар Кенжебек уулу коло медал тагынды.

Кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн кыргызстандык үч кыз байге үчүн ат салышты. 55 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Назира Марсбек кызы биринчи беттешинде болгариялык Сезен Белберованы 9:3 эсебинде жеңип алды. Бирок 1/8 финалда индиялык күрөшчү кызга утулуп мелдештен четтеди.

67 килограммга чейинки салмакта Мээрим Жуманазарова коло медал тагынды. Ал быйыл жаштар арасында Кытай Тайбэйинде өткөн Азия чемпиондугунда жеңүүчү болгон.

Айперинин ийгилиги

Эң оор деп саналган 72 килограммга чейинки салмакта Айпери Медет кызы төрт беттеш өткөрүп, бардык атаандаштарын утуп дүйнө чемпиону болду. Ал финалда жапониялык Ясуха Мацуюкини 8:6 эсебинде жеңип алды. Медет кызы дал ушул Мацуюкиге былтыр кадеттер арасында дүйнө чемпиондугунун финалында утулуп, күмүш медал тагынган эле.

Кыз-келиндер күрөшү. 72 кг. Финал. Айпери Медет кызы (Кыргызстан) - Ясуха Мацуюки (Жапония) 8-6.

​Жаштар арасында дүйнө чемпиону болгон Айпери Медет кызы таймаштар күчтүү атаандаштыкта өткөнүн, эл үмүтүн актоо үчүн жеңишке жетүүгө колдон келген аракетин жасаганын айтты:

- Биздин жеңишти күткөн кыргыз элибиздин, ата-энемдин, Нурбек агай жана Айсулуу Тыныбекова эженин ишеничин актайын деп колдон келген аракетимди жасадым. Мелдешке жакшы даярданып барганбыз.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков Айпери Медет кызынын жеңиши күрөштүн бул түрүнөн Кыргызстандын тарыхындагы жаңы жетишкендик экендигин белгиледи.

- Айперинин жеңиши менен кыз-келиндер күрөшүнөн Кыргызстандын тарыхында жаңы бир жогорку тепкичке чыктык. Жаштар арасында Айсулуу Тыныбекова 2014-жылы коло медал жеңип алган болсо, 2017-жылы Айпериден бир күн мурда Мээрим Жуманазарова коло байге алып ал жетишкендикти кайталаган эле. Эми Айпери алтын медал тагынып, жогорку жетишкендикти камсыз кылды. Бул кыз-келиндер күрөшү өнүгүү жолунда келе жатканын далилдейт. Буга чейин ири эл аралык мелдештерге жалгыз гана Айсулуу катышып келсе, учурда эки-үч кызыбыз күч сынашып, ийгиликтерге жете баштады. Алардын артында дагы келечегинен көптү үмүттөндүргөн мыкты жаш кыздарыбыз бар.

Башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков жаштар арасында дүйнө чемпиондугунан кийин эле шакирттери эс алууга кетпей кайрадан машыгууларды улантаарын, эки жумадан кийин Парижде өтө турган чоңдор арасындагы дүйнө чемпиондугуна, андан соң Түркмөнстанда боло турган жабык имараттагы Азия оюндарына катышаарын кошумчалады.

Дүйнө чемпиондугу сабак болду...

Кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер бүткөндөн кийин эки күн бою грек-рим күрөшүнөн жети салмакта кыргыз балбандары күч сынашты. Алардын арасынан үчөө: Жоламан Шаршенбеков (55 кг.), Акжол Махмудов (74 кг.) жана Роман Ким (120 кг.) финалда таймашып, тилекке каршы жеңишке жетпей күмүш медал алып калышты. Өзгөчө Акжол Махмудовдун АКШ балбаны Камал Амеер Бей менен болгон финалдык таймашы күйөрмандардын бүйүрүн кызытты. Бул беттеште 16:11 эсебинде АКШ балбаны жеңишке жеткен. Анда биринчи айлампадан кийин Акжол ичин басып, бир саамга отуруп калган. Бул учурду айрым күйөрмандар Акжол жаракат алып күрөшө албай калды окшойт деп түкшүмөлдөп жатышкан.

Грек-рим күрөшү. 74 кг. Камал Амеер Бей (АКШ) - Акжол Махмудов (Кыргызстан) 16-11.

​Махмудовдун өзү менен байланышканыбызда ал жарым финалда жаракат алып, финалда толук күрөшө албай калганын айтып берди. Ал ошондой эле бул дүйнө чемпиондугу спорттук карьерасында чоң сабак болгонун белгиледи.

- Жарым финалда түрк балбаны менен болгон беттеште кабыргамды оорутуп алып, финалга чейин жакшы калыбыма келе албай койдум. Кускум келип, тамакка табитим жок болуп салмак кошо албай финалда жакшы күрөшө албай калдым. Мен ал мелдешке экинчи орунду алыш үчүн барган эмесмин. Биринчи орунду алайын деп жакшы максат койгон элем. Бирок финалда жакшы күрөшө албай койдум. Ошол беттештин видеосун түнү менен 100 жолу көрүп чыктым. Бул финалдык таймаш мага чоң сабак болду. Көп катачылыкка жол бериптирмин. Финалга чейин деле жакшы күрөш көрсөтө алган жокмун. Кудай буюрса Бишкекке барганда мурда кандай машыгып жүргөн болсом машыгууларымды андан дагы жакшыртам. Катачылыктарды жоюунун үстүндө иштейм. Жаштар арасында дагы эки жыл мелдештерге катышам. Алдыда көп максаттар бар.

Акжол Махмудов менен түркиялык Али Осман Ербайдын дүйнө чемпиондугунун жарым финалдагы беттеши. 5-август, 2017-ж. Тампере. Финляндия.

​Акжол Махмудов уландар (кадеттер) арасында Азиянын эки жолку, дүйнөнүн бир жолку чемпиону, жаштар арасында быйылкы Азия чемпиондугунун жеңүүчүсү.

Эркин күрөш боюнча СССРдин чемпиону, дүйнө чемпиондугунун коло байгесинин ээси, СССРдин спорт чебери Кенжебек Өмүралиев жаш балбандардын дүйнө чемпиондугунда жараткан ийгилигин жогору баалап, аларды Олимп оюндарына Кыргызстандын негизги үмүттөрү деп атады.

- Азыр булар жаштар да. Кийин чоңдор арасында таймаштарга чыгышат. Булардын келечеги кең. Алдыда чоңдор арасында дүйнө чемпиондугу, Азия оюндары, Олимп оюндары бар. Буларга жакшы көңүл бурса жыйынтык жакшы болот. Негизи жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө талаптагыдай эле көңүл бурулуп жатат. Адатта машыктыруучулардын өздөрүнүн пландары бар. Ошол пландар так аткарылып, мамлекет тарабынан шарттар түзүлсө, жыйынтык жакшы болот. Азыр машыктыруучулар дагы билип калышты. Алардын көбү мурда өздөрү күрөшүп жүрүп кийин машыктыруучу болушкан. Тажрыйбалары жетиштүү. Ошолор Олимпиадага чейин жакшы даярдайт деп ишенем. Спортто жакшы даярдык болуп туруп кокусунан ооруп калып, тамакка ууланып же жаракат алып жеңишке жетпей калышың мүмкүн. Ошондуктан спортчулар өздөрүн, машыктыруучулар спортчуларды жакшы карап, көзөмөлдөшү керек.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчиси Алмаз Касенов алдыңкы саптагы жаш балбандарга мамлекет тараптан тиешелүү деңгээлде шарт түзүлүп жатканын билдирди:

- Буюрса бул балбандар 2020-жылы Олимп оюндарына катышат. Ал кезде жаш болушат экен. Бирок ошондой болсо эгер катышып калышса, күчтүү атаандаштык жарата алышат деп ойлойм. Ага чейин алдыда Азия оюндары бар. Быйылкы жаштар арасында дүйнө чемпиондугунда байге алгандар жогоруда аталган оюндарда дагы байге алууга потенциалы бар.​ Аларга шарт түзүлөт. Дүйнө чемпиондугуна даярдануу үчүн дагы алардын окуу-машыгууларына, мелдешке катышуусуна каражат бөлүндү. Эл аралык мелдештерде жеңишке жетишсе, ээлеген орундарына жараша 25 миң сомго чейин стипендия алаары каралган. Буларды туура даярдаш керек да.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG