Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:21

Кыргызстандык спортчу Дастан Али Шаршеев TNA эрежеси боюнча дүйнө чемпиондугунун алкагында орусиялык Антон Калинин менен матч-реваншка чыгып, утуп алды. Таймаш бүгүн түнү Татарстандын борбору Казан шаарында болду.

Быйыл 22-апрелде Казанда TATNEFT кубогуна арналган TNA эрежелери боюнча дүйнө чемпиондугуна тандоо мелдешинин экинчи этабы өткөн. 1/8 финалда Шаршеев Антон Калинин менен беттешкен. Кыргызстандык спортчу жеңиш атаандашына ыйгарылгандан кийин рингден кетүүдөн баш тарткан. Мелдештин башкы калысы спортчуну рингден чыгууга көндүрүп жатып: "Баш ийбесең депортация болуп кайра өлкөгө кирбей калышың мүмкүн же жаап коюшу ыктымал? Сага мунун кереги барбы?" деп айткан.

Бул окуя спорт коомчулугунда, күйөрмандар арасында кызуу талкууланып, TNA лигасынын жетекчилигине карата бир катар сын айтылган. Ошондон кийин чыныгы жеңүүчүнү аныктоо үчүн матч-реванш белгиленген. (RK/ECh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG