Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Кыргызстандык жөө күлүк Маслова Азия чемпиону болду


Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова Индияда өткөн Азия чемпионатында алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча агенттиктен кабарлашты.

Индиянын Бхубанешвар шаарында өтүп жаткан жарышта Маслова 5000 метр аралыкты 15 мүнөт 57 секундда чуркап өтүп, биринчи келди. Мындай жыйынтык менен кыргызстандык күлүк кыз Бириккен Араб эмирлигинин жана Индия баштаган бир нече Азия өлкөсүнүн жеңил атлетчилеринен артка калтырды.

6-июлда башталган аталган чемпионат 9-июлга чейин уланат.

XS
SM
MD
LG