Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:58

Хоккей: Азия чакырыгынын кубогунда Кыргызстан 2-орунду ээледи


Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы Азия чакырыгынын кубогунда. Куала-Лумпур. Малайзия. 17-декабрь, 2017-жыл.
Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы Азия чакырыгынын кубогунда. Куала-Лумпур. Малайзия. 17-декабрь, 2017-жыл.

Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы (U-20) Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында өткөн Азия чакырыгынын кубогунда 2-орунду алды.

Кыргызстандын хоккей федерациясынын вице-президенти Элзар Болотбеков билдиргендей, мелдештер 12-17-декабрь күндөрү өттү. Ага Кыргызстандын, Малайзиянын, Филиппиндин, Бириккен Араб Эмирлигинин жана Индиянын улуттук курама командаларынын 20 жашка чейинки спортчулары катышты. Мелдеш айлампа тартибинде өттү.

Кыргызстандын хоккейчилери филиппиндиктерди 12:4, Бириккен Араб Эмирлигинин оюнчуларын 10:2, Индия курама командасын 13:2 эсебинде жеңип чыгып, Малайзиянын командасына 6:1 эсебинде утулду.

Хоккей боюнча 20 жашка чейинки жаштар арасында Азия чакырыгынын кубогу быйыл алгачкы жолу уюштурулду.

Кыргызстандын улуттук курама командасы өлкөнүн өзүндө жана Казакстандын лигаларында ойногон. Команда Канада, Австрия жана Орусиянын хоккей академияларында таалим алган кыргызстандыктардан куралган. (ECh).

XS
SM
MD
LG