Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:44

Орусиянын дагы 11 спортчусу олимпиададан четтетилди


Эл аралык олимпиада комитети 2014-жылдагы Сочи оюндарында кызытма колдонгону үчүн дагы 11 орус спортчусун өмүр бою олимп оюндарынан четтетти. Комитеттин конькичилер Иван Скобрев, Артем Кузнецов, чана спортчулары Татьяна Иванова жана Альберт Демченко, лыжачылар Никита Крюков, Александр Бессмертных жана Наталия Матвеева, бобслейчилер Людмила Удобкина, Максим Белугин жана хоккейчи Татьяна Бурина менен Анна Щукина боюнча чечими 22-декабрда жарыяланды.

Бул спортчулар алган медалдарынан да ажыратылып, натыйжада Орусиянын Сочи оюндарындагы медалдары дагы экиге азайды. Чаначылар Иванова менен Демченко акыркы кышкы олимпиадада күмүш медал тагынышкан болчу.

Допинг маселесинен улам Орусиянын курама командасы февраль айында Түштүк Кореяда өтө турган кышкы олимпиададан четтетилген. Орус бийлиги "спортчулар мамлекеттин демөөрчүлүгү менен кызытма колдонгон" деген айыптарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG