Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

Жээнбеков Дарья Маслованы ысымы жазылган саат менен сыйлады


Jeenbekov Maslova
Jeenbekov Maslova

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн жеңил атлетика боюнча Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү Дарья Маслова жана Адилет Кыштабеков, ошондой эле алардын машыктыруучулары менен жолугушту.

Жээнбеков белгилегендей, ар бир жеңиш бул – спортчулар менен машыктыруучулардын чоң эмгеги жана өлкө өз ишине берилген мындай адамдары менен сыймыктанат. Ал Дарья Масловага жана Адилет Кыштабековго алдыда жаңы жеңиштерге жана жетишкендиктерди багынтарына ишеним билдирип, спортчуларды премьер-министрдин ысымы жазылган саат менен сыйлады.

Эске салсак эл аралык турнир Индия Республикасынын Бхубанешвар шаарында болуп өткөн. Дарья Маслова 5 жана 10 миң метр аралыкка чуркоодо жеңип чыгып, Кыргызстанга эки алтын медалды алып келди. Дагы бир коло медалды 10 000 метр аралыкка чуркоодо байгелүү орунга Адилет Кыштабеков ээ болду.

Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн аппаратына, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүүнү тапшырды. (SDz)

XS
SM
MD
LG