Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:11

2018: Спорт, саясат, чын сүйүү жылы


АКШ президенти Д.Трамп жубайы Меланиа менен. 24.12.2017.
АКШ президенти Д.Трамп жубайы Меланиа менен. 24.12.2017.

Кирип келе жаткан 2018-жылы дүйнөдө кандай чоң окуялар күтүлөт? Байкоочулар аяктап бараткан жыл таң калтырган окуяларга бай болгондуктан кийинки жыл кандай болорун алдын-ала айтуу кыйын деп этияттанып калышты.

О спорт, о саясат!

2018-жылы дүйнөлүк эки чоң спорт мелдеши болуп өтөт. Төрт жылда бир келчү кышкы Олимпиада жана футбол боюнча дүйнө чемпионаты. Спорт азыркы заманда саясат менен терең тамырлашып чырмалышып калбадыбы. Ошондуктан спорт менен саясатты чогуу сөз кылалы.

Адегенде февраль айында Түштүк Кореяда дүйнөлүк кышкы Олимпиада оюндары болот. 9-февралда Пхенчхан шаарында ачыла турган Олимпиада мелдештерине дүйнөнүн булуң-бурчунан эң мыкты спортсмендер чогулушат.

Бу жолку кышкы Олимпиадага допинг эрежелерин системалуу түрдө бузганы үчүн Орусиянын улуттук командасына катышууга тыюу салынган. Башкача айтканда, допинг (кызытма) колдонгону үчүн мелдешке чыгууга тыюу салынбаган орус атлеттери оюнга катыша алышат, бирок алар уткан күндө да Орусиянын желеги көтөрүлбөйт, гимни ойнолбойт. Анын ордуна Олимпиада оюндарынын гимни ойнолуп, желеги көтөрүлөт. Мурунку Сочиде өткөн кышкы Олимпиадада орустар уткан 25 медал жокко чыгарылды. Бирок алар дале соттошуп, талашып-тартышып жатышат.

Кышкы Олимпиаданын Корея Республикасында өтүп жатканы – азыр дүйнөдөгү тынчтыкка эң чоң коркунуч келтирген өлкө деп Түндүк Корея саналган учурга туш келип олтурат. Мелдештер өтө турган Пхенчхан шаары танк, миналар жана башка аскердик оор техника каз-катар тизилген Түндүк Кореянын чек арасынан болгону 80 чакырымдай жерде жайгашкан. Сеул Пхеньяндын улам бир ракеталык, ядролук (өзөктүк) сыноолорунан чочулаган чет элдик туристтер Олимпиада оюндарын көрүүгө келбей койбосун деп дүйнөлүк маалымат каражаттарына күчөтүлгөн коопсуздук чаралары көрүлүп жатканын улам жарыялап келет.

Түштүк Кореянын коопсуздук кызматтары
Түштүк Кореянын коопсуздук кызматтары

Маалыматка караганда, 5000дей аскер, полициячылар көчөдөгү коопсуздукту көзөмөлдөсө, дагы бир нече миңдей адам компьютер аркылуу кол салчу хакерлерден калкалап, киберкоопсуздукка көз салат экен. Ошондуктан кышкы Олимпиада оюндарын Кореяга барып көргүсү келгендер коркпой эле бара беришсе болот, болгону бардык жерде аэропорттогудай лазердик текшерүудөн өтөсүз деп эскерте кетели.

2018-жылы 18-мартта Орусияда кезектеги президенттик шайлоо өтөт. Ага азыркы президент Владимир Путин, тележурналист Ксения Собчак, улам бир шайлоого катышып келаткан “Яблоко” партиясынын лидери Григорий Явлинский жана башка ондогон талапкерлер катышабыз деп камданып жаткан кез. Оппозиция лидери Алексей Навальныйды өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы "соттолгону бар" деп каттоодон баш тартты.

Алексей Навальный
Алексей Навальный

Шайлоодон аз эле өткөн соң июнь-июль айларында Орусияда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат болот. Байкоочулардын баамында, дал ушул мелдеш эң көп акча чачылган, эң көп чагылдырылган спорттук иш-чара эсептелет. Буга чейинки сценарий боюнча жүрүп отурса, кайра шайланган Владимир Путин футбол боюнча улуттук командасынын бул мелдештеги оюнуна сыймыктанабы, же тескерисинче, калайык калк алдында уят болобу – аны көрө жатарбыз.

2014-жылы дүйнөлүк чемпионатты өткөргөн Бразилия чейрек финалда Германиянын командасына 7:1 эсебинде утулгандай, орустар да жер карап калбайбы деген божомолго спорт комментаторлору эмитеден саресеп сала баштаган кез.

Бул жолку дүйнөлүк чемпионатка Италия, АКШ, Голландия кирбей калып, Исландия, Панаманын командалары катышып жаңылык киргизип жатканын кошумчалай кетели. Футбол боюнча дүйнөлүк беттеш бир ай бою Орусиянын кеңири аймагындагы 13 чоң шаарда өтөт.

"Трампизм" менен "макронизмдин" кармашы

Дүйнөдө аяктаган жылы АКШ президенти Доналд Трамп абдан актуалдуу тема болгондой эле, келерки жылы да маанисин жоготпойт кыязы. Эксперттер "трампизм" деп глобалдуулук, биригүү жараяндарына каршы агымды шарттуу атап жатышат.

Трамптын глобалдашууга каршы “Адегенде Америка” деген ураанын Евробиримдик баалуулуктарын коргогон француз президенти Макрондун атынан айрым эксперттердей "макронизм" деп атасак, 2018-жылы да трампизм менен макронизмдин эрегиши уланат, керек болсо дагы күчөшү мүмкүн.

Доналд Трамп.
Доналд Трамп.

АКШ президентинин Твиттерде 35 миллионго жакын күйөрманы бар экенин эске алганда, анын көз карашын, айткандарын окуп баалагандар аз эмес десек болот. Американын өзүндө ноябрда Конгресске жана 39 штаттын губернаторлугуна боло турган шайлоо Доналд Трамп, жалпы республикачылар үчүн чоң сыноо болору айтылууда. Эгерде көпчүлүк мандаттар демократтарга тийсе, анда президенттик мөөнөтү аяктагыча Доналд Трампка каалаган мыйзам-чечимин өткөрүү кыйла кыйындап калаары шексиз.

Баса, глобалисттер, же "макронисттер" лагерине Кытайдын лидери Си Цзинпинди кошсок болчудай. Бэйжиндин "Бир кур, бир жол" ири геосаясий долбоорун ушу тапта 140тай мамлекет, 80ден ашуун эл аралык уюм колдоп жатат.

Евразияда алты ири эл аралык соода коридорун түзүүнү пландаган дымактуу экономикалык долбоордун наркы кеминде 8 триллион долларды чапчыйт. Инфраструктура, темир жол, ири автожол байланышын, курулуш жана башка өнөр жай тармактарын ирилештирип бириктирүү камтылган долбоор келечекте Борбор Азияны чоң экономикалык түйүнгө айландырат деп ишене туралы.

Кооптуу жайлар

Коопсуздукка келсек, дагы эле Түндүк Корея, Жакынкы Чыгыш, Ооганстан тынч эмес аймактар бойдон кала бермекчи. Сирия, Ирак “Ислам мамлекети” радикал тобун талкаладык деп жарыялаганы менен баары беймарал тынч жашоого өттү деп айтуу али эрте.

Ооганстанда өкмөттүк армия ушу тапта бир жагынан талиптерге, экинчи жагынан “Ислам мамлекети” радикал тобунун согушкерлерине каршы улам бир салгылашка кириптер болуп жаткан чак.

Сириялык балдар Аяз аталарды көрүп кубанууда
Сириялык балдар Аяз аталарды көрүп кубанууда

Сауд Арабия-Иран каршылаштыгы андан ары тереңдейби деген чочулоо, АКШ президенти менен Түндүк Кореянын мүнөзү чалкеш лидеринин кайым айтышуусу кайда алпарат деген тынчсыздануу жок эмес. Президент Трамптын Иерусалимди Израилдин борбору деп жарыялаганы геосаясий кырдаалды дагы оорлотот деген божомолдор бар, ал бери дегенде Израил-Палестин тынчтык сүйлөшүүлөрүн жокко чыгарганы эмитен эле дайын болуп калды.

Телефон, космос жана махабат

Франция келерки жылдын сентябрь айынан тарта бардык мектептерде мобилдик телефон пайдаланууга тыюу салат. Азыр деле француз мектептерде сабак учурунда чөнтөк телефон пайдаланууга уруксат жок. Эми тыныгуу маалында да балдар чогуу ойногондун ордуна ар кимиси өзүнчө телефондун экранын тиктеп калганы француз медиктеринин тынчсыздануусун күчөтүп, телефондон интернетке жипсиз байлануу балдардын көзүнө, мээсине залал тийгизет деген негизде мектепке дегеле мобилдик телефон көтөрүп келүүгө тыюу салынганы турат. Балким, келечекте башка өлкөлөр да ушундай кадамга барышы мүмкүн дешет байкоочулар.

SpaceX
SpaceX

2018-жылы америкалык жеке менчик SpaceX компаниясы эки саякатчыны Айга жөнөтөөрүн жарыялады. Бул коммерциялык саякат эки бай саякатчыга канчага тураары ачык айтылган жок. Буга чейин бардыгы жети турист орусиялык "Союз" кемесинин бортунда космоско саякаттап барып келишти. Алардын сапары 20 миллион доллардан 40 миллион долларга чейин айланганы кабарланган.

SpaceX менен NASA (АКШнын космос агенттиги) биргелешип тараткан маалыматта Айга саякаттап барчу эки киши азыр медициналык текшерүү, атайын даярдыктан өтүп жатышат деп айтылат.

Медицина жаатындагы соңку жетишкендиктер жалпы дүйнөгө оптимисттик маанай тартуулайт. Рак оорусуна чалдыккандардын саны көбөйгөнү менен, АКШ менен Европада андан өлгөндөрдүн саны 25-40% азайды. Кургак учуктан каза тапкандардын саны жалпы дүйнөдө 37% чейин азайганы жакшылыктан үмүттөндүрөт.

Ханзаада Гарри жана Меган Маркл
Ханзаада Гарри жана Меган Маркл

Баса, 2018-жылы май айында Британияда падышалык үйлөнүү үлпөтү болот. Тактыга башкы мураскер ханзаада Чарлздын кенже уулу, ханзаада Гарри америкалык катардагы үй-бүлөдөн чыккан киноактриса, болгондо да апасы афроамерикалык кара түстүү, атасы ак түстүү Меган Марклга үйлөнөт.

Ошону менен “падышалар каалаганын кылышат, бир гана чын сүйгөнүнө үйлөнө алышпайт” деген ыр саптары актуалдуулугун жоготуп, “азыр эми падышалар да сүйгөнүнө жеткен заман” деп ырдап калат окшойбуз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG