Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:43

Жаңы жыл: Ош Бишкектен 15 эсе үнөмдүү чыкты


Бишкек шаарын жаңы жылга карата жасалгалоого 15 млн. сомдой каражат сарпталганы талкуу жаратты. Мэрия мунун ичине аянтты, аллеяларды жана көчөлөрдү кооздоо, жарыктандыруу, балаты, концерттер кирерин айтууда. Бирок активисттер бул сумма анча көпкө созулбаган салтанаттар үчүн ашыкча чыгым деп эсептешет. Борбор калаа жана өлкөнүн башка шаарлары жаңы жылды кандай чыгаша менен тоскону жатат?

15 млн. сомдук жаңы жыл

“Бишкексвет” муниципалдык ишканасы жаңы жылда аянтты жана калааны жасалгоолого 15 млн. 767 миң сомго тендер жарыялаган. Сынакка катышкан жападан-жалгыз компания - “Grand PRO” ишканасы - бул суммадан болгону 200 миң сом кем суммага, тагыраагы 15 млн. 580 сомго тендерди утуп алган.

Бишкек мэриясынын маалымат кызматы кабарлагандай, мунун көпчүлүк бөлүгү аянтты жана аллеяларды жарыктандырууга кеткен. Маселен, 9 млн. сомго 3D форматындагы түстүү диоддуу тактайчалар жана кабелдер коюлган. Кийинки чоң суммалардын ичинен борбордук аянтты жасалгалоого 2 млн. 800 миң сом, балатыны даярдоого 1 млн. 200 миң жумшалган.

Аянттагы жасалга.
Аянттагы жасалга.

Калган каражаттар аллеяларды, көчөлөрдү кооздоого жана аларды орнотуу жумуштарына кеткен. Ушул эле сумманын ичине 31-декабрь күнү аянтта сахналык көрүнүштөрдү даярдоо жана концерт өткөрүү да кошо кирет.

Башкы балатынын чырагы жанды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:01 0:00

Бишкек шаардык маданият башкармалыгынын башчысы Мисиралы Букеев иш-чаралар 15-декабрда башталаарын билдирди:

- Иш-чараларыбыз 15-декабрда башталып, 31-декабрга чейин уланат. Төрт райондук администрация тарабынан пландалган иш-чаралар, майрамдык салтанаттар Драма театрында, Опера жана балет театрында, Филармонияда жана башка залдарда өтөт. Ал жерлерде жомоктор пьеса катары коюлса, куурчак театрлары жана башка сахналаштырылган чыгармалар тартууланат. Андан сырткары эң чоң концертибиз 31-декабрда борбордук аянтта өтөт.

Деген менен жаңы 2018-жылды күтүүгө карата салтанатка 15 млн. сом каражат жумшалганы жатканы тууралуу маалымат жарыяланары менен социалдык тармактарда бир топ талаш пикирлер чыкты. Көпчүлүгү кыска мөөнөттүү шаан-шөкөт үчүн ушунча сумма жумшоону ысырапкорчулук катары сыппатташса, башкалары жасалгалар 15 млн. сомго ылайык тете жасалбай калганын сынга алышты.

Борбордук аянт.
Борбордук аянт.

Борбордук аянтты кыдырып жүргөн тургундардын бири Таалайбек Карымшаков бул жөнүндө ойлорун мындайча бөлүштү:

- Кичинекей жерди кооздоого 15 млн. сом жумшалганы өтө эле көп. Муну мен аткаминерлердин акчаны асманга чачканы катары кабылдайм. Бул эми жөн эле оюн-зоок, жалтырак-жултурак эле да. Кыргыз ушунчалык тойго, майрамга жакын калк экенбиз, эптеп эле ойноп-күлгөнгө машпыз. Канча адамдын курсагы тойбой, жегенге тамак таппай жүрөт, бирок балатыбыз көркөм. Ошого сүйүнөбүз. Анан эми жылда эле акчаны ушинтип чача беришсе жан калабы? Эмне үчүн сарамжалдашпайт? Маселен мобу балатынын калыбы былтыр эле бар болчу, ошону эле оңдоп-түзөп, кайра тике тургузушса эмнеге болбосун? Жыл сайын эле эми жасай беришеби эмне балатыны? 15 млн. сомго татыктуу жасалбай калыптыр, эптеп эле коюшуптур. Бир аз акчаны иштетип, калганын чөнтөккө салып алышты да.

Мэрия былтыр Бишкек шаарын жаңы жылга карата жасалгалоого 13 млн. сом короткон.

Ошол эле кезде бир топ жарандар балаты, жасалга жана шаан-шөкөттөр жаңы жылдык символ экенин белгилешип, жылда бир болчу майрамга жетиштүү каражат жумшаш керек деген пикирде.

“Кимдин балатысы бийик?”

Эми өлкөнүн экинчи борбору, дагы бир ири шаар Ошко келели. Оштун мэриясы быйыл балаты курууга жана аянтты жасалгалоого 1 млн. сомдук тендер жарыялап, “Старт” аттуу компания 900 миң сомго баарын бүтүрүп бермекчи болгон.

Ошто курула турган жасалганын эскизи.
Ошто курула турган жасалганын эскизи.

Сегиз миллиард сом бюджети бар Бишкек шаарына салыштырганда, бир млрд. сомдун тегерегинде бюджети бар Ош шаары үчүн бул сумма аз деле эмес. “Ошентсе да жаңы жылга шаардыктарга белек керек” дейт Ош шаарынын мэриясынын маалымат катчысы Талантбек Канатбек уулу:

- Мен да социалдык тармактардан “ушунча акчаны балатыга жумшагандан көрө башкага жумшабайбы” деген пикирлерди көп окуп жатам. “Ушундан көрө кайрымдуулук иш-чарасына беришпейби” дегендерди да көрдүм. Бирок бул менимче алардын жеке эле ою, көз карашы. Ири шаарлар, эл көп жашаган калаалар жыл тогошуу маалында, бир жылдан экинчи жылга өтүү маалында элге майрамдык маанай тартуулаш үчүн уюштуруп коюш керек да. Ансыз майрам майрамдай болбой калбайбы? Ошол эле мезгилде кайрымдуулук иштерине жана муктаждарга кам көрүүгө да каражат бөлүп, аларды деле жүргүзө бериш керек.

Ачык айтылбаган менен буга чейин Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары балатынын бийиктиги менен жарышып кеткени айтылган эле. Анда бири 20 метрлик балаты тургузса, экинчиси 25 метр коюп, кайра биринчиси 30 метр кылып жиберген учур катталган. Эки мэриядагылар тең быйыл андай атаандашуу жок экенин айтышты. Ошентсе да башкалаанын балатысы 25 метр, экинчи борбордуку 30 метр болуп мерчемделиптир.

Ал эми үчүнчү ири шаар Жалал-Абадда болсо быйыл борбордук аянтты шөкөттөөгө 600 миң сом, ал эми мэрдин балдарга арналган майрамдык кечесин өткөрүүгө 458 миң каралган. Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Айзат Раматиллаева бул акчага эмнелер жасала тургандыгын айтты.

- 600 миң сомдун ичине балатыны жасоо, борбордук аянтты кооздоо жана башка көчөлөрдү жасалгалоо, жарыктандыруу кирет. Калаада жалпысынан үч балаты коюлат. Бак-дарактарга түстүү гирлянддарды илип жатабыз, алар да ошол сумманын ичине кирет. Бул жасалгалоо бүгүн-эртең бүтөт, шаардыктар келип көңүл ачып кете берсе болот.

Облус борборлорунан Каракол шаарынын борбордук аянтына быйыл атайын тендер менен 1 миллион сомго Орусия өндүрүшүнөн чыккан жасалма балаты алынып келген. Балатынын узундугу 21 метр.

Жаңы жылды белгилөөгө Талас шаарынын жетекчилиги 250 миң сом жумшаса, Нарын шаары 200 миң сом сарптамакчы болгон. Майрамга карата эң аз сумманы Баткен шаары бөлгөн, анын чыгымы болгону 163 миң сом. Бул бир чети калаанын акчасын үнөмдөө болсо, экинчиден, чакан бюджетке ылайык келет десе болчудай.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG