Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Кышкы жомоктун кызыгы кетти


Президенттик балаты, 29-декабрь, 2016-жыл
Президенттик балаты, 29-декабрь, 2016-жыл

Театрлар менен маданий борборлор балдар үчүн жаңыланбаган, кайталанма, кызыксыз оюн-зооктор менен жадатканына ата-энелер кабатыр.

Кесипкөй артистер да мындай сын-пикирлер жүйөлүү деп эсептеп, андан сценарийлерге сынак жарыялоо жолу менен чыгуу керектигин белгилешет. Бийлик өкүлдөрү балдардын Жаңы жылдык оюн-зоокторунун кайталанма болуп жатканы - кыргыз театрларынын жалпы көйгөйү экенин айтышат.

Баягы эле аяз ата...

Сахнага жылдагыдай эле шайыр, сырдуу көрүнгөнгө умтулган, жылдагы эле кийимин кийген Аяз ата менен Аяз кыз чыгат. Ойнолгон музыка, анда боло турган негизги окуяны ар бир балага жаттап калган. Мисалы жети жаштагы Эрмекке бүгүнкү оюн-зоок анчалык деле ырахат тартуулай албады:

- Мен мектептин, бала бакчанын, шаардын анан президенттин балаты майрамына баргам. Мындай жерлерге да келип катышып калам. Былтыр да көптөгөн жерлерде жаңы жыл тосуу майрамдарына катышкам. Баары эле окшош. Президенттик балатыда бизди жаңы жылдык саякатка чыгарды. Ошонусу гана жакшы болду.

Президенттик балаты, 29-декабрь, 2016-жыл
Президенттик балаты, 29-декабрь, 2016-жыл

Эмгек сиңирген артист Эгемберди Чалабаев бүгүнкү күндө балдар үчүн уюштурулуп жаткан жаңы жылдык оюн-зооктордун дээрлик баары жаңыланууга, заманбапташууга муктаж экенин айтты. Адистин пикиринде учурда бөбөктөрдүн жана алардын ата-энелеринин талаптары ушундай:

- Биз сөзсүз түрдө жаңы жылды тосуунун формасын өзгөртүүбүз керек. Биздин театр Бишкек шаардык жаш көрүүчүлөр театры катары мектептер менен мониторинг жүргүзөбүз. Барсак эле мектептегилер “баягы эле Аяз ата, баягы эле карышкыр, түлкүлөрбү? Бир башкачарак форма ойлоп таппайсыңарбы?” дешет. Бирок изденип көрсөк, биздин кыргыз тилинде Жаңы жыл тууралуу жаңы материалдар жокко эсе экен. Келип-келип эле “Кыргыз эл жомокторуна” такалып, каармандарыбыз ошол эле стилде кетет. Менимче сценарийлерибизди өзгөтүү үчүн драмтургдар ортосунда конкурс жарыялоо керек. Балдарга Жаңы жылдык оюн-зоок уюштуруу үчүн атайын сценарийлер конкурсун жарыялаганга эмнеге болбосун?

Чалабаев акыркы жылдарда республиканын башкы театрларынын дээрлик баары жыл сайын эле балдарды кайталанма оюн-зооктор менен алдап келет деген пикирде.

Калемгерлер балдарды унуттубу?

Отуз жылдан ашуун убакыттан бери Муса Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театрында иштеп жүргөн Илич Касымбеков Чалабаевдин пикирин кубаттап, ошол көйгөлөрдүн негизгилеринин бирин ортого салды:

- Биз оюн көрсөтүүдө орус тайпабыз үчүн материалдарды оңой эле таап алабыз. Интернетти каза койсок эле ырлар да, сценарийлер да чыга калат. Орустар Европадан алышат. Ал эми биздин кыргыз тайпалары үчүн материал табуу чынында түйшүк жаратат. Ал үчүн баарын кайра которгонго туура келет. Мисалы орус тилиндеги ырды кайра кыргыз тилине которуп ырдоо дайым эле ойдогудай боло бербейт. Биздин обончулар жалаң эле чоңдор тууралуу ыр жазып, балдарды унутуп калышты. Кана эми, обончулар, акындар, драматургдар балдар үчүн сонун чыгармаларды жазса...

Биздин обончулар жалаң эле чоңдор тууралуу ыр жазып, балдарды унутуп калышты. Кана эми, обончулар, акындар, драматургдар балдар үчүн сонун чыгармаларды жазса...
Илич Касымбеков

Анткен менен Касымбеков балдар үчүн иштеген жеке менчик театрлар мамлекеттик театрларга караганда изденип, иштөө сапатын жакшырта баштаганын айтты:

- Жеке менчик театрлар өздөрү үчүн изденип жатат. Себеби алар түшкөн каражатты өздөрү үчүн пайдаланат да. Базар экономикасында ар бир чыгармачыл топ ушундай жол менен өнүгөт. Мисалы, биз Муса Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театры көп эле акча табабыз, салык төлөйбүз. Көп учурларда жетишпей жатабыз. Мисалы мен өзүбүздүн театрга көбүк учурган, түтүн чыгарган техниканы, чоң экран коеюн дегем. Бирок анын баары акча экен.

Кыргыз тетарларын көтөрүү боюнча маселе көтөрүп жүргөн Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шердин пикиринде, балдар оюн-зоокторунун сапаты жакшырбай жатканы улуттук театр өнөрүнүн бир эле маселеси эмес:

- Театрда чындыкка түз карап, ушул багытты оңдойлучу деген топ пайда боло элек. Азыр театрда иштеп жаткандар арасында жөн гана жылуу жерде отуруп, өкмөттүн акчасын алып, ал үчүн отчетун жөнөтүп, мүмкүн болушунча кээде жалган отчет берип отургандар көп.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлү Дамира Алышбаева “Азаттыкка” кыргыз театр искусствосун, анын ичинде балдар театрын өнүктүрүү боюнча өкмөттүн атайын комплекстүү программасы бар экенин, ал беш-алты жыл ичинде ишке ашарын билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG