Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:02

Театрлар күзгү сезонун ачты


Режиссер Аманбек Жапаровдун “Мен арызданам” спектакли. 2012-жыл
Режиссер Аманбек Жапаровдун “Мен арызданам” спектакли. 2012-жыл

Бишкектеги Орус драма театры быйылкы күзгү көрсөтүүлөрүн Михаил Лермонтовдун «Демон» спектакли менен ачканы турат.

1-2-октябрда бет ачары өтө турган спектакль КМШ мамлекеттеринин Гуманитардык кызматташтыгы мамлекеттер аралык фондунун колдоосунда коюлууда. Ал эми Кыргыз академиялык драма театры, шаардык жаштар театры күзгү сезонун октябрь айынын башында ачат.

Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы Элеонора Турдубекова бул долбоор Кыргызстандын театралдык дүйнөсү үчүн жаңылык жана өнүгүүнүн жаңы баскычы болот деген ойдо:

- Быйылкы күзгү сезондун ачылышына карата Москвадан келген чыгармачыл топ кызыктуу, жаңы спектаклди тартуулаганы жатат. М. Лермонтовдун “Азезил" - "Демон”, “Биздин замандын уулу” чыгармаларынын негизинде жазылган спектаклде Лермонтовдун поэзиясы "Манастын" ыргагы менен сунушталат. Ал эми спектаклдин музыкасы улуттук жана классикалык музыкалык аспаптар менен коштолот.

Турдубекова спектаклдин өзгөчөлүгүнө токтолду:

- Режиссер биздин улуттук адабият менен орус жана дүйнөлүк классиканын айкалышуусун терең изилдеп, аларды бири-бирине төп келтирген. Лермонтовдун поэзиясына биздин музыканы туура байлаган. Бул спектакль кыргыз жана орус тилинде коюлат.

Элеонора Турдубекова Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театры 82-театралдык сезонунда өз көрүүчүлөрүнө ондон ашык спектакль тартуулай турганын айтты. Анын ичинде балдар үчүн арналган спектаклдер да бар.

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз академиялык драма театры болсо күзгү сезонун 3-октябрда Бексултан Жакиевдин “Көздөн учкан Ата-Журт” аттуу спектакли менен ачат. Бул тууралуу аталган театрдын директору Темирлан Сманбеков кабарлады:

- Биринчиден, бул Улуу Үркүндүн 100 жылдыгына арналып коюлган спектакль. Каражат атайын президенттин эсебинен бөлүнгөн. 4-октябрда Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” аттуу спектакли коюлат. 5-октярда ТҮРКСОЙдун атайын буюртмасы менен даярдалган “Коркут ата” спектакли коюлганы турат. Анын да бет ачары болот. Мындайча айтканда, 90-күзгү театралдык сезонду үч жаңы классикалык спектакль менен ачабыз.

Темирлан Сманбековдун айтымында, 6-октябрдан баштап Кыргыз академиялык театры Ош шаарында өтө турган республикалык театралдык фестивалга катышат. Андан кийин кайра күзгү сезон уланып, спектаклдерди көрсөтө баштайт.

Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын артисти Чынара Калыбекова болсо аталган театр күзгү сезонго кайсы чыгармаларды даярдап жатканын айтып берди:

- 4-октябрда Жаныш Кулманбетовдун “Талант жана тагдыр” деген спектакли менен сезонубузду ачабыз. Сезонду бул спектакль менен ачуу биз үчүн он эки жылдан бери салтка айланып калды. Андан кийин Мар Байжиевдин спектакли, дүйнөлүк классикадан, 8-октябрда Султан Раевдин “Суфлер” спектакли жүрөт. Ошону менен биринчи жумалык бүтүп, театралдык сезон андан ары улана берет. 26-октябрдан кийин театр Султан Раевдин “Суфлер” спектакли менен Лондонго, Бүткүл дүйнөлүк фестивалга кетет.

Муса Жангазиев атындагы Куурчак театры күзгү сезонун 14-сентябрда ачкан

Куурчак театрынын жаңы сезону
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:25 0:00

Мындан башка да бир топ театрлар күзгү сезонун ачуу алдында турат. Ал эми Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры болсо быйылкы 74-театралдык сезонун 24-25-сентябрда, Муса Жангазиев атындагы Куурчак театры 14-сентябрда ачкан. Учурда спектаклдер жүрүп жатат.

Кыргызстанда он сегиз мамлекеттик, ондон ашык жеке менчик театр бар.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG