Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:57

Балдарды күткөн театрлар


Президенттик балаты. Бишкек
Президенттик балаты. Бишкек

Бишкек, Ош шаарларындагы жана аймактардагы башкы театрлар бул күндөрү өз репертуарларынын көпчүлүгүн мектеп курагындагы жана мектепке чейинки балдарга ылайыкташтырып түзүп жатышат. Январь айында театрлар балдарга жана чоңдорго ар кандай оюн-зоокторду сунушташууда.

Учурда Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театры өзүнүн январь айына карата театралдык сезонун ачуу алдында турат. Андыктан театр жетекчиси Эгемберди Чалабаев жумуш ордунда өздөрүнүн репертуарын жалпы журтка жарыялоо камын көрүп жаткан экен:

- Мен балдар үчүн каникулда көрсөтүлө турган репертуарды ар кайсы маалымат булактарына жөнөтүп жатам. Биз жума, жекшемби, ишемби күндөрү балдардын каникулуна карата жаңы жылдык жомокторду тартуулайлы деп турабыз.

Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын репертуары 6-январда башталып, 22-январга чейин уланат. Мында жаңы жылдык оюн-зооктордон сырткары кыргыз жана орус тилдеринде “Алтын мүйүз”, “Мойдодыр” аттуу жомоктору коюлат.

Президенттик балаты. Бишкек
Президенттик балаты. Бишкек

Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театры балдар жана чоңдор үчүн көрсөтө турган спектаклдерин 15-январда баштап, айдын аягына чейин оюн коёт экен. Репертуарында “Дон Жуан”, "Король Лир” өңдүү бир топ классикалык спектаклдерден баштап жомокторго чейин бар.

Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармония өз жумушун 1-январда баштап, айдын аягына чейин бир топ маданий иш-чараларды тартуулоону пландаган. Бул тууралуу Улуттук филармониянын маалымат катчысы Улан Зайнидинов билдирди:

- Балдардын кышкы эс алуусуна арналып, 8-январдан баштап 17-январга чейин филармониянын камералык оркестринин “Кумдагы музыка” аттуу атайын экрандаштырылып коюлган, кум менен экранга сүрөт тартуу боюнча заманбап классикалык музыка менен шөкөттөлгөн концерттик программасы болуп өтмөкчү. Улуттук филармонияда 30-январга чейин мындан башка да бир топ маданий иш-чаралар өтүп турат.

Муса Жангазиев атындагы куурчак театры да 10-январга чейин өзүнүн жаш көрүүчүлөрүнө жаңы жылдык оюн-зоогу менен “Сыйкырдуу саканын касиети” аттуу жомогун тартууласа, мамлекеттик циркте 24-январга чейин Якутиянын бриллиант цирки гастролдо болот.

Жаш көрүүчүлөр
Жаш көрүүчүлөр

Ал ортодо облустук театрлар да өз көрүүчүлөрү үчүн кам көрүп жатканын айтышат. Мисалы, Ош филармониясы учурда 12-январда өтө турган Рыспай Абдыкадыровдун 75 жылдык мааракесине карата эскерүү кечесине даярданып, жаш көрүүчүлөрдү да унуткан эмес. Бул тууралуу аталган филармониянын жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова айтты:

- Биздин филармонияда STEP BY STEP деген жаштардын заманбап бий тобу бар. Ал топтун жаштары менен жолугушуу кечесин өткөргөнү жатабыз. Азыр каникул учурунда бош жүргөн жаштар көп эмеспи. Алардын жакшы эс алышы үчүн салым кошолу деген ниетибиз бар. Жаштар эгер кызыкса ушул топко келип бий үйрөнгөнгө катышса болот.

Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл театрынын жетекчиси Курсант Абдырахманов аталган театрда жакында эле 1916-жылдагы Үркүндүн жүз жылдыгына карата спектакль даярдалганын, анын бет ачары кийинки айдын башына пландалганын, учурда балдар үчүн атайын жомок сахналашканы турганын айтты:

- Ушул жаңы 2016-жылдагы жумушубузда биз балдар үчүн кышкы каникулда Жумабек Осмоновдун “Ызылдак” аттуу жомогун сахналаштырганы турабыз. Аталган жомоктун тарбиялык мааниси бар. Аны январь айынын экинчи жарымында окуучуларга тартуулайлы деп турабыз.

Учурда Кыргызстанда ондон ашык жеке менчик театр, он сегиз мамлекеттик театр бар. Жеке менчик театрлардын дээрлик баары өз ишмердүүлүгүн балдар үчүн арнайт. Ал эми мамлекеттик театрлар адатта жаңы жылдык кечелерде гана балдарды ойлоп калышары айтылып келет.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG